Шыкмаматов Жолдубаевадан шек саноодо

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева “Белизгейт” окуясы боюнча Белиз өлкөсүнөн келген расмий жоопту катып алганын “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты. Анын айтымында Тышкы иштер министрлигине аталган өлкөдөн 2017-жылдын 23-октябрында жооп келген, аны ТИМдин тиешелүү бөлүмү жоопту ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага кол койдуруп, өзүнө берген. Бирок ал кат Башкы прокуратурадан каттоодон өткөн эмес. Мындан улам, депутат “Жолдубаева ал документти жокко чыгарган же кириштеген эмес” деп шек саноодо… Учурда каттын экинчи көчүрмөсү АКШдагы элчи Кадыр Токтогулов тарабынан кайрадан алынып келинген. Азыр ал башкы прокуратурага берилгенин билдирген.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *