Шымкенттик тургун облустук прокуратура имаратынын алдында өзүн өрттөдү

Шымкент шаарында жергиликтүү тургун облустук прокуратура имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөдү. Бул тууралуу жеке булактар билдирди.

Кечээ 46 жаштагы Нуркен Айнабеков түштөн кийин өзүнө өрт койгон. Аны тез жардам унаасы менен алып кетишкен. Шаардык оорукананын медициналык тез жардам көрсөтүү кызматы бул маалыматты тастыктады. Жубайы билдиргендей, анын денесинин 65 пайызы күйгөн.

Бир күн мурун Нуркен Айнабеков Шымкетте маалымат жыйынын өткөргөн. Анын жеке фирмасы мамлекеттин тапшырыгы менен социалдык объект салган. Бирок жергиликтүү бийлик анын каражатын төлөп берген эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *