Сирия боюнча Женевадагы сүйлөшүүлөр 20-февралга жылдырылды

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура Женевада өткөрүү пландалган тынчтык сүйлөшүүлөрүн дээрлик эки жумага жылдырды. Ал бул убакыт Сирия өкмөтүнүн ымалага келүү боюнча ойлонуусуна, ал эми оппозициянын делегация курамын бекитүүсүнө керек деп эсептейт.

Атайын өкүлдүн айтымында, ал чакырууларды 8-февралда таратып, сүйлөшүүлөрдү 20-февралда уюштуруу ниетинде. Де Мистура эгер белгиленген күнгө чейин оппозициянын делегациясы так аныкталбай турган болсо, анда аны өзү түзөрүн кошумчалады.

Женевада акыркы сүйлөшүүлөр 2016-жылдын апрелинде болгон. Андан кийинкиси майда өткөрүлүшү керек болчу, бирок дайыма кийинкиге жылдырылып келет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *