Сириядагы орус аскерлерин куттуктаганы бараткан “ТУ-154” учагы Сочиде кулап 92 адам мүрт кетти

Орусиянын Федерация кеңеши менен Мамлекеттик Думадан кабарлашкандай, Сочиде кыйраган ТУ-154 учагынын бортунда теракт болушу мүмкүн деген версия жокко чыгарылды.

Парламенттин эки палатасынын коргоо комитеттеринин өкүлдөрү Виктор Озеров менен Андрей Краснов Коргоо министрлигине караштуу учак абдан катуу кайтарууда болгонун түшүндүрүштү. Эки депутат кырсыктын себебин иликтөө менен алектенип жаткан атайын комиссиянын жыйынтыктарын күтүүгө чакырышты.

Авиация боюнча айрым эксперттер ТУ-154 классындагы учактар өйдө көтөрүлүп баратканда кулашы мүмкүн эмес деп айтышууда. Орус аба күчтөрүнүн майору, учкуч Андрей Красноперов “Коммерсант” басылмасына курган маегинде учактын калдыктарынын чоң аралыкка чачырап түшүшү анын абадан жарылганын билдирерин айткан. Мындан улам Красноперов бортто жардыруу болушу ыктымал деп боолголойт.

Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу ТУ-154 учагы Сочиде 25-декабрдын таңында кырсыкка учурап, борттогу 92 киши мүрт кеткен. Алардын арасында орусиялык аскер кызматкерлери жана Сириядагы аба базанын күчтөрүн жаңы жыл менен куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери, онго чукул журналист бар болчу. Учурда кырсык болгон Кара деңиздин аймагында издөө иштери жүрүп жатат. Учактын “кара жашиктери” азырынча табыла элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *