Сооронбай Жээнбеков “Кыргызтест” борборунда мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп жатат

Бүгүн, 4-августта саат 13:30да талапкер Жээнбеков Сооронбай Шарипович тест тапшырып баштады. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жободо белгиленгендей талапкерлер 2 саат аралыгында тестирлөөдөн өтүп жатышат.

“Сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты күндүн жыйынтыгы менен тапшырылат” – деп билдиришет улууттук комиссиядан.

Жана ошондой эле бүгүн тест тапшыра турган дагы бир талапкер Малиев Арсланбек Касымакунович тиешелүү документтерди тапшыруу менен, сынакка келе албастыгын билдирип, тестирлөө датасын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылганын дагы маалымдашты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *