Сооронбай Жээнбеков Түркияда Мелис Мырзакматовго жолукканы чынбы?

«Президент Сооронбай Жээнбеков Турцияга болгон расмий иш сапарында, кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголуп, 2014-жылдан бери качып жүргөн Мелис Мырзакматов менен жашыруун жолугушту.

Социалдык түйүндөрдүн колдоонуучулары жиберген маалыматтарга жана сүрөттөргө караганда жолугушуу Sheraton отелинде болгон. Жолугушууну Мырзакматов демилгелеп, Кыргызстанга кайтып келүү ниетин билдирген. өз кезегинде Жээнбеков Мырзакматовго «кош көрдүм» дедиби, же «чык эшикке» дедиби азырынча белгисиз. Ошентсе да Мырзакматов мекенге кайтып келүү үчүн миллиондогон «жашылбайларды» Жээнбековдордун капчыгына которууга даяр экенин кыйыткан» деген маалымат интернет айдынына тарады.

Бирок бул маалыматка ишенүү кыйын. Анткени Сооронбай Шарипович мындай кадамга барышы мүмкүн эмес. Өз кезегинде Мырзакматов Сооронбай мырзаны бир топ кодулаган. Айрыкча июнь коогалаңынан кийин Сооронбай Жээнбековго Ош областын башкарып отуруу кыйынга турган. Ошол кезде Мырзакматов атайын аялдардан түзүлгөн топту Сооронбай Жээнбековго карай дайыма тукуруп турганын унутууга мүмкүн эмес. Эми ошол Мырзакматов Кыргызстанга келип, Сооронбай Шариповичке жакшылык кылаары күмөн. Ошту менчигиндей көргөн Мырзакматов, Жээнбековду президент болот деп үч уктаса да түшүнө кирбеген чыгаар. Президенттин басма-сөз кызматы азырынча бул маалымат боюнча жооп бере элек.

Булак: Ачык Саясат

2 comments

  • Пенсионер says:

    Башты чакпагыла. Бизге азыр Мелистей патриоттор керек мамлекетти ондоп, остургонго. Убагында кетирген кемчиликтери болсо Президент кечирип эле койгону он. Надо быть ему выше нас простых граждан и простит. Ведь он ныне отец наций. А отцы всегда прошают своих чад за необдуманные поступки.

  • Фарид says:

    Мырзакматовдой адамдар президентке керек. Азыр душманы алка жакадан алып турганда өткөн-кеткенге кек сактабай командасын чыңдасын. Мырзакматов тирек боло турган жигит.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *