Сооронбай Жээнбековдун батыл кадамы атамбаевчилдер үчүн күтүүсүз болуп, аларга бир топ соолуктуруучу таасир калтырды

Өткөн жумадагы Коопсуздук Кеңешинин жыйыны — ​жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков эң алгачкы жолу бул курам менен өткөргөн жыйын — ​анын мамлекет башчысы кызматындагы эң биринчи өз алдынча, жетишерлик терең талдоо аркылуу жана абдан батылдык менен жасалган кадамы болуп калды. Мурдагы атамбаевдик бийлик чөйрөсүндөгүлөрдүн айрымдары үчүн бул жыйын кыйла эле күтүүсүз болуп, аларга бир топ соолуктуруучу таасир калтыргандай болду. Бул багыттагы аракеттер жалпы эле коомчулуктун колдоосуна дароо алынары айкын.

Анткени, жаңы президент шайланып келип, расмий ант берүүдөн соң өткөн үч айга жакын убакыттын көбү президенттик саясаттын (бери эле болгондо — ​жакынкы алты жылга) стратегиялык багытын аныктоого, базалык программалардын конструкциясын түзүүгө, анын негизги багыттарын тактоого кеткендиги көрүнүп турат. А эң башкысы — ​президент маселени дал өзөктүү жана “оорулуу” жеринен кармай алгандыгы десек болот.

Калыстык үчүн айтуу керек, — ​мааниси боюнча мурунку бийлик саясатын улантуу сыяктуу сезилгени менен, дал ошол мурунку бийлик тушундагы калыптанган күч структураларынын бир нече жылдык ишинин жыйынтыгы кескин сынга алынышынын өзү эле жаңы президент өз алдынча кандайдыр бир чечкиндүү аракеттерге барууга ниеттенип турганынан кабар берип тургансыйт.

Туура, тереңден иликтей кетсек, бул дагы күтүлгөн эле кадам болчу. Анткени, тээ президенттик шайлоо кампаниясы жаңыдан кызый баштаган чакта эле, Сооронбай Жээнбеков башкы телеканал аркылуу, талапкерлер арасында өткөн дебаттардын учурунда “менде таза эмес жолдор менен байышкан 35 олигархтын тизмеси бар, мен президенттик бийликке келип калсам, аларды кустурамын, ал каражаттарды мамлекеттик керектөөлөргө жумшаймын” деген маанидеги курч билдирүүнү жасап, жалпы элдин көңүлүн өзүнө буруп, коомчулуктун дээрлик көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосуна ээ болгон…

Ошондон бери, деги ал тизмеде кимдер бар болду экен? Эми кайсыл олигархтардын ичкени ирим болот да, кайсыларынын ити чөп жей баштайт? — ​деген сыяктуу күдүк кептер ар кандай деңгээлдерде бирде ачык жана кызуу, бирде күбүр-шыбыр талкууланып келе жатат. Чындыгында, бул цифра ондогон эседеги санга көбөйтүлсө деле таңкалычтуу эмес. Жакыр өлкөбүздүн ичиндеги көмүскө экономика бюджеттик жана өлкө казынасынан алда канча көп экендиги, Кыргызстанда подполдук миллиардерлер (улуттук валюта — ​сом менен эмес — ​доллар менен эсептегенде!) да пайда болгондугу эч кимге жашыруун деле эмес!..

Азыркы мамлекеттик деңгээлдеги бардык маселелердин жыйынтыгы акырында чогулуп барып, — ​өлкөнүн мурунку бийликтердин тушунда таланып-тонолуп кеткенден кийинки калган байлыктарын эптеп чогултуп, иретке келтирип, сактап калып, андан ары мамлекеттик кызыкчылык максатындагы өнүгүү жолуна салуу деген идеяга барып такалган мезгил. Же, социалдык-экономикалык кризис эбак эле жеткен чегине чейин ылдый түшүп, азыр “икс” сааты келген чак!..

Чарбасыздык, жоопкерсиздик жана алардын түздөн-түз кесепети болгон — ​уурулук, башаламандык, өзүм билемдик (самодурство), мамлекеттик органдардын бардык тармактарындагы жана деңгээлдериндеги чала сабаттык жана дилетанттык — ​алардын “мыйзамченемдүү” натыйжасы болгон — ​паракорлук, коррупция сыяктуу туташкан кылмыштуулук өлкө экономикасынын бардык тармактарына чейин жетип, адам денесинен тешип өтүп, эми сөөгүнө чейин жетип калган рак оорусу сымал болуп турган чак. Башкача айтканда, же ары, же бери болуу зарыл болуп турат. Же чечкиндүү түрдө, келишкис күрөш жүргүзүп, биротоло айыгуу керек, же…

Антпесе, “сөөгүнө” да биротоло сиңип калган соң, бул такыр айыккыс “ооруга” айланары бышык. Бекеринен биздин элдин акылман накылдарында “сөөгү таза эмес”, “сөөгүндө бар” деп айтылбайт. Башкача айтканда, уурунун баласы да — ​сөзсүз ууру болот, паракорчунун баласы — ​паракорчуга айланат, кылмыш жасоо жолу менен каражат табууну алар кадимки жашоо образы сыяктуу эле кабылдай башташат!..

Атамбаевдик бийлик “апрель революциясында” коррупция менен күрөшүүнү, мамлекеттик жана элдик байлыктарды тоногондорду тыюуну өзүнүн башкы урааны катары алып чыккан эле. Дал ошондуктан улам, жалпы эл бул бийликтен көп жакшы нерселерди үмүт кылган болчу. А бирок, анын сонку натыйжасы кандай болду?

Кечээги Коопсуздук кеңешинде укук коргоо органдары кылмыштуу схемалар жана структуралар менен менен күрөшмөк турсун, аларга аралашып, колдоо көрсөтүп, шарт түзүп берип жатышкандыгы ачык айтылды.

Коррупция менен күрөшүү дээрлик токтоп калды. Мародерлор иши чала-чарпыт иликтенип, токтоп калгансыды. Банк ячейкалары, мурдагы муфтийдин өлтүрүлүшү сыяктуу резонанстуу кылмыштар жети-сегиз жылдан бери иликтенимиш болуп келүүдө. Ошондон улам, апрель революциясынан кийинки келген бийликтин коррупция менен күрөшүүгө такыр жөндөмсүз болгондугуна эми гана биротоло айкын баа берилди. Алардын мындай айрым аракеттери деле акырында келип, өз ара “ички разборкалардын жыйынтыгы” сыяктуу гана таасир калтырып келе жатат.

Маселен, эң эле чоң, таанымал коррупционер (кызмат абалынан пайдаланып, ири өлчөмдөгү пара талап кылган “вымогатель”) катары соттолгон Өмүрбек Текебаевди эле алалычы. Анын эгемендик доорундагы тарыхтагы эң эле ийгиликтүү саясатчы катары бейпил турмушундагы, “идиллиялуу” маанайы качан жана кантип “бороон-чапкынга” айланып, аягы кайгылуу болуп бүттү? Россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин Москвадан келип, Текебаев тарабынан эбак эле жасалып, а бирок, “революциячыл бийликтин” тиешелүү органдары тарабынан кези келгенге чейин, бир нече жыл бою жаап-жашырылып келе жаткан кылмыш тууралуу көрсөтмө берип, акыры түрмөгө кесилиши менен аяктады.

Баарынан дагы, бул саясий-инсандык коллизиянын акырындап, жай өнүгүп жүрүп олтуруп, акырында ачыкка мындай күчтүү драматизм менен чыгып кетишинин өзү эле абдан кызыктуу “саясий детектив-триллер” сыяктуу болду. 2010-жылкы “апрель революциясынан” соң, кайсыл бир европалык өлкөнүн конституциясын тек гана механикалык түрдө көчүрүп алса да (жада калса, жок дегенде, кыргыз менталитетине бир аз ыңгайлаштыруу жолу менен да эмес!), жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Текебаевдин дымагы ого бетер артып, өзүн бул багыттагы өтө ири адисмин деп эсептеп калгандыгы маалым. Өзүн “конституция атасы” деп аташкандарга компое карап, өзүн өлкө “кожоюуну” (Маевскийдин берген көрсөтмөсү боюнча, дал ушундай!) сезип калгандыктан, башка “апрельчилерге” салыштырмалуу караганда “карт, кексе саясатчы” Текебаев өзүнүн апрель окуялары боюнча өнөктөштөрүн тек гана убактылуу кызыкчылыктары дал келе калган адамдар катары санап, бир аз убакыт өткөн соң аларды ары түртүп салып, сыягы, жеке өзү гана өлкөнү каалагандай башкарууга өтөрүн болжолдосо керек…

Күтүүсүздөн эле, “чак түштөгү чагылган” сымал, текебаевдик конституциянын оркойгон кемчилдиктери табылып (эл аралык конвенциялардын нормалары өлкө конституциясынан жогору коюлуп калганы), адегенде айрым гана түзөтүүлөр киргизилет деген идея, акыры референдумда коюлган суроолор боюнча алганда, бийлик системасынын түп-тамырынан өзгөрүшүнө алып келди. Башкача айтканда, мурдагы “текебаевдик конституция” маңызы боюнча толук алмашылып гана тим болбой, “Конституция атасы” анын жаңы долбоорун талкуулоочу кеңешмеге дагы кирбей калды!..

“Эй, Атамбаев, эркек болсоң, далилдеп туруп, мени түрмөгө тык, болбосо, сен президенттиктен кеткенден кийин беш айдан кийин мен сени түрмөгө тыгамын!” — ​деген парламент трибунасынан айтылган “айрым көчө элементтеринин разборкасынын стилиндеги ормон-опузалуу убададан кийин, бул эки саясатчынын (же, баарын өз ысымдары менен атай турган болсок — ​мурунку бийликти кулатып, өздөрү эптеп бийликке жетиш үчүн убактылуу кызыкчылыктары дал келе калышкандыктан гана, кооперациялашкан күчтөрдүн) жолдору эки ача болуп, айрылыш багыттарга түшкөн.

Атамбаевдик бийлик дал ошондон соң, мурдагы албан убадалардан соң кыйла солгундай түшкөн “коррупция менен күрөшүүсүн” кайрадан күчөттү. Бул ирет кылмышты бузгандарга карата жасалган чабуул “мыйзам алдында кызмат абалына, ээлеген ордуна карабай, бардык жарандар бирдей болушу керек!” деген, коомчулукка майдай жаккан ураандын алдында жүргүзүлдү. Ал тургай, мурда “далилденген жок” деп, токтотулган “мародерлор иши” кайра жанданып, ага параллелдүү түрдө эле, бейтааныш бизнесмен Маевскийдин карааны пайда болду…

А буга чейин, парламенттеги өзүнүн күтүүлөрү акталбай, же оюндагыдай болбой калса керек, же өзүн тек гана убактылуу спонсор катары гана пайдаланышканын түшүнгөнбү, айтор, лидери Текебаев менен жакалашууга чейин барып, анын “Мегакомду” соодалоо үчүн миллион доллар алып койгондугун парламентте да, басма сөздө да ачык эле айтып жүргөн, мурунку “ата-мекенчил”, кийинки — ​“эркин депутат”, мебелчи-бизнесмен Өмүрбек Абдрахмановдун чырылдаганына эч кимиси көңүл бурбай келгендиги белгилүү. Эми анын да чырагына май тамгандай болду.

Кыскасы, “апрелчилердин” “коррупция менен күрөшүүсү” жаңы “фазага” өттү. Азыр бул “кызыктуу кинолентаны” кайра артка карай чубатып көрүп, аргасыздан мыйыгыңдан жылмаясың. Көрсө, бекеринен эле саясий жана жогорку бийлик ээлерин кээде образдуу түрдө, бир банканын ичине кирип алып, бирин бири жеп жатышкан жөргөмүштөргө салыштырышпайт тура!? Анын сыңарындай, эгерде эйфорияга алдырган Текебаевдин алабармандыгы азыраак болуп, ал бир аз алысты көрө билип, кырдаалга “гибкийирээк” мамиле жасап, амбициясын убактылуу ооздуктап турса, “кадыр-барктуу саясатчы” бойдон калып, апрелчилер менен тил табышып, чогуу жүрө бермек, балким, мародерлор иши да ошол бойдон биротоло жабылып калмак.

Мурдатан эле парламенттен мандатын ыргыта таштап, бет тырмачылык кылып, мен минтип депутат болбой эле койдум дегенчелик кылып, жыландын башын чыгарып, кимдир бирөөлөрдү алдыртадан коркуткандай түр көрсөткөн ”ата-мекенчил” депутат Райкан Төлөгөнов да эркинен ажырамак эместир?!…

Муну менен биз Текебаев менен Төлөгөнов туура эмес соттолду деген ойду эмес, алар эмне үчүн кыйла кеч соттолушканынын себептерин гана иликтеп жаткандыгыбызды, баамчыл окурман өзү жакшы түшүнүп турса керек.

Тилекке каршы, мыйзам баарынан жогору болгон, укуктук мамлекеттерде саат механизми сыяктуу болуп, өзүнөн өзү эле иштеп, сөзсүз түрдө өз мөөнөтүндө, мыйзам чегинде жасала турган юридикалык нормалар дагы бизде башкача критерийлер алкагына өтө оңой эле өтүп кете берет. Башкача айтканда, катардагы, көнүмүш кылмыш катары карала турган аракеттерге деле, жогорудагыдай саясий резонанс берилип калат.

Же, кылмыш иши ачыкка чыгарылышы үчүн, аны жасаган адам сөзсүз эле таасирдүү кимдир бирөөлөрдүн куйругун басышы керек беле? Же, тиешелүү адамдарга пара бербеген, жогорку жактагы адамдар менен “тил табыша” албаган кылмышкерлер гана соттолуп калганы бизде эбак эле көнүмүш көрүнүшкө айланып калганбы?..

Кыскасы, азыркы тапта, Кыргызстандын укук коргоо органдарынын жана күч структураларынын алдында эбегейсиз чоң, татаал жана өтө жооптуу милдет коюлуп турат. Бул маселенин чечилишине, жалпы эле коомдун, өлкө тагдыры тикеден тике байланыштуу. Же биз — ​адамзаттык нукура баалуулуктарды нарктай билген, цивилизациялуу өнүгүү жолуна түшөбүз, же, артта калган, бардык тармактары, чөйрөсү бүт бойдон туташ коррупциялашкан африкалык, сомалилик жолго биротоло, кайра чыга албаган сыяктуу болуп кирип кетебиз.

Бизде азыр ушул эки кайчылаш кеткен, айрылыш жолдон башка тандап алуучу жол да калган жок!.. Анткени, “Убакыт, ойлонуп көрүү, тандап алуу, күүлөнүп алуу, андан ары өнүгүү” деген сыяктуу лимиттердин баарын чейрек кылымда ашыгы менен жок кылып алганбыз…

Жыйынтыктап айтканда, президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги менен биринчи жолу өткөрүлгөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында ошол жаңы жолдун башталышындагы негизги багыттары жана мындан ары жүргүзүлө турган мамлекеттик саясаттын маңызы гана декларативдүү белгиленди. Ал эми калган тактоо жана толуктоолорду ар бир тармактагы тиешелүү, жооптуу адамдар өздөрү (албетте, президенттин жана президенттик аппараттын түздөн-түз көзөмөлдөөсү жана түзөтүүлөрү менен) улантып кетиши зарыл.

Ошондой болгондо гана изги идеялардын конкреттүү ишке аша баштагандыгын көрө алабыз.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *