Сооронбай Жээнбековдун ички, тышкы саясаттардагы триумфу

Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайлангандыгына бир айдан ашыгыраак убакыттан кийин бир жыл толот. Ал эми ыйгарымын аткарууга киришкендигинин бир жылдыгына эки айдан ашык убакыт бар. Бирок, он ай деле аз убакыт эмес. Бул мезгилдин ичинде ал эмнеге жетишти?

Аракеттеги президент адеп шайланганда элдин сезилерлик бөлүгүндө: “Кыргызстанда кош бийлик орноп, саясатта сүрүшүп-тирешүүлөр, башкаруу иштеринде башаламандыктар болбойбу?”- деп чоочулашкан. Ага негиз бар болчу, анткени экске айланып жаткан президент мамлекет башчысы менен өкмөт башчынын өлкөдөгү ордуларын, ролдорун теңдеш даражадагы паритеттик бийлик катарында көрсөтүүгө аябагандай аракет кылган. Анда: “эгерде эки бийлик бирдей болуп, дайыма ит жыгылыш болуп турса, алардын ортолорундагы арбитрлик милдетти өзүм аткарып, сырттан башкара берем”- деген тымызын план бар болчу. Ошондуктан ыйгарымын аткарууга жаңы киришкен мамлекет башчысынын алгачкы кадрдык чечимдерин ал аябагандай туталана кабылдаган. Бирок, бактыга жараша ал ойлогондой болбоду, аракеттеги президент мамлекетте биринчи бийликтеги адам ким экендигин тез эле ырастап, жаңыдан пайда боло баштаган башаламандыкты отко суу куйгандай эле басып салды. Ал эми коррупциялык жаңжалдар боюнча мурдагы жана аракеттеги мамчиновниктердин жоон тобу камалганда өлкөнүн ичиндегилер гана эмес, сырттагылар да Сооронбай Жээнбеков оор басырыктуу, өзүн пиарлагандан алыс жупуну инсан болгон менен колу катуу, эрки күчтүү жетекчи экендигине ишеништи. Биздин оюбузча, Сооронбай Жээнбековдун он айдын ичиндеги жетишкендиктеринин негизгиси – кадрдык жана башка чечимдерде толук өз алдынчалыктагы, башкалардын пикирлерин, сунуштарын уккан менен өз позициясынан кайтпаган күчтүү жетекчи экендигин далилдеп, ички саясатты толук өз колуна алып, ишенимдүү жолго салгандыгында болду десек жаңылышпайбыз.

Экс-президент бийликтен кетип жатканда Кыргызстанды жакынкы өнөктөштөрүнүн көбү менен чатакташтырып кеткендигин жакшы билесиздер. Ал болбогон жерден Түркия менен болгон жылуу мамилебизди сууткан, Телибай тентектен бетер Казакстанга тийишип, Ажымулуктай ыкмага салып, элбашынын 100 миллион долларынан баш тартып, жалпы казактардын намыстарына тиерлик сөздөрдү айтып, транзиттик жүктөрдүн өтүүсүн кыйындаткан. Президент болуп шайлангандан кийин Сооронбай Жээнбеков алардын бардыгын акырындап жөнгө салды. Түркия менен Казакстандын жетекчилеринин нааразылыктарынын жазылгандыгынын белгиси катарында экөөсүнүн тең Кыргызстанга келишкендерин, Бишкекте жогорку деңгээлде Кыргыз-Түрк бизнес форуму өткөрүлгөндүгүн көрсөтүүгө болот. Ал эми аталган оюндардын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын, Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун, Бириккен Араб Эмираттарындагы Фуджейра эмиратынын шейхи, ханзаада Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шаркинин, дагы башка бир катар жогорку даражадагы меймандардын катышууларында жогорку деңгээлде өткөрүлүүсү – Сооронбай Жээнбековдун тышкы саясаттагы триумфу болду. Ал эми көчмөндөр оюндарын утурлай Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин саммити өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия президенттеринен сырткары, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев да катышып, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев менен Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбандын ардактуу коноктор катары катышкандыгы өзүнчө символикалуу болуп калды. Көчмөндөр оюндары буга чейин Кыргызстандын ички маселесиндей болуп келсе, аракеттеги президент иш жүзүндө эл аралык деңгээлге чыгарып, эстафетасын боордош Түрк мамлекетине өткөрүп берди.

Албетте, бузулган мамилелерди биротоло ишенимдүү жолго салып, эки тараптуу достук кызматташууларды мындан аркы сапаттык жогорку деңгээлдерге чыгарып, айрым маселелерди (мисалы, Ф.Гюленге тиешеси бар делген мекемелер боюнча) аягына чыгарып, эки тарапты тең канааттандыргыдай абалда чечүү үчүн тийиштүү убакыт талап кылынат. Бирок, бул багыттагы иштердин башталышы жакшы болуп, көптөн үмүттөндүрүп жаткандыгы эч кимде талаш туудурбай калды.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *