Сооронбай Жээнбековдун колунда «көзүр карталар» турат

2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоолор өттү. Бийликтин партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбеков биринчи турда эле ынанымдуу жеңишке жетишти, антсе дагы, көптөгөн серепчилер эки тур өтөөрүн болжолдоп жатышкан. Көпчүлүк адамдар чоң акчалар жана административдик ресурстун ортосунда күрөш жүрөт деген ишеничте болгон. Ошол эле серепчилер административдик ресурс жеңди, ал эми акча экинчи позицияда калды деп эсептешүүдө, эми акча ээсине каршы кылмыш иши козголду. Бирок, кеп мында эмес. Мени журналист катары — ​Эмне үчүн саясатчылар жана саясатчы эместер деле президенттикке чамынышат? — ​деген суроо тынчсыздандырат. Себеби, 1-декабрдан тартып КРнын президентинин ыйгарым укуктары олуттуу түрдө кыскарууга дуушар болгон өзгөртүүлөрүнө ээ Конституция күчүнө кирет. Бирок, өлкөнүн кайрадан шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө президентинин укуктары кандай гана кыскартылбасын, мамлекет башчысы жеке өзү бийликтин бутактарынын аракеттерин координациялайт деген ишенимде (!).

Сооронбай Жээнбеков шайлоодо жеңишке жетишти. Жана болуп өткөн шайлоолорду дароо эле эң ачык-айкын жана таза өттү деп белгиледи. «РИА Новости» маалымат агенттигине берген интервьюсунда Жээнбеков Кыргыз Республикасынын бийлиги “ачык-айкын жана таза” шайлоолорду өткөрүүнү камсыздоо үчүн «чоң» эмгек кылды — ​деп билдирди. Добуш берүүлөрдүн электрондук системасы «каруселдерди» жана атайылап бурмалоолорду болтурбоого мүмкүнчүлүк түздү. Өткөн шайлоолордо «бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлдү».

Иш жүзүндө каржылоо жана административдик ресурсту колдонуу жаатында эки негизги талапкердин: Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун ортосунда бирдей шарттар болду.

Шайлоолордун жыйынтыктары элге жарыяланып, шайлоолор өттү деп таанылгандан кийин Сооронбай Жээнбековдун ой-пикири кеңири чыга баштады. Ал Конституцияга болгон оңдоп-түзөтүүлөр өлкөдө күчтүү президенттин болушу, күчтүү парламенттин болушу, баштагыдан да туруктуу өкмөттүн, көз карандысыз жана мурдагыдан дагы жоопкерчиликтүү сот системасы болушу үчүн багытталгандыгын, ошол эле учурда өкмөт жана бийликтин бардык тармактарынын президенттин күчтүү камкордугуна муктаж экендигин ачык жарыя кылды.

Ушундан улам Сооронбай Жээнбеков 1-декабрдан кийин өз милдеттерин аткарууга киришүү менен Атамбаевге, анын директивдери менен коррективдерине анчалык деле кылчайып карабайт өңдүү деген ой кетет. Кимдир бирөөлөр Бабановдуку жалаң акчалай, ал эми Сооронбай Жээнбековдуку административдик ресурс гана деген ойду ашыра чаап айтып жиберишти. Эгерде биз адегенде эле акча менен административдик ресурсту өз алдынча карабаганыбызда, шайлоолор башталганга чейин эле акча каражаты дагы, административдик ресурс дагы эки талапкер тарабынан бирдей деңгээлде колдонулгандыгын билмек элек.

Бул жерде дагы бир эскерте кетчү жагдай, бюджетте эмгектенгендердин көпчүлүгү жана пенсионерлер айлык маяналарын жана пенсияларын «Кыргызстан» банкы аркылуу алышат, ал эми бул банктын кожоюну Өмүрбек Бабанов болуп эсептелет. Натыйжада, банк — ​бул кыйыр түрдө болсо да, электоратка кысым көрсөтүүнүн ыкмасы, арийне…

Айтмакчы, биз ойлогонго караганда, Бабановдун мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болгон. Бирок, ал өзүнүн акчасын сарптагандыктан, региондордогу анын ишенимдүү адамдары акча таратууну гана убада кылышып, өз убадаларында “добуш” үчүн бааны 5 миң сомго чейин көтөрүп жиберишкен. Ал эми С. Жээнбековдун тарапташтары «шайлоочулардын ишенимдерине» кыргызча ээ боло алышкан.

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев шайлоочуларга бардык талапкерлердин акчасын алып, “жүрөгү менен” бирөөсүнө гана добуш берүүнү жар салып, сунуш кылган эмеспи. Бирок, кыргыз үчүн акчаны алып, бирок, ага жакшылык жасаган адам үчүн добуш бербей коюу өөн көрүнүш катары кабыл алынат.

Бабановко келсек, андан агитаторлору менен чет-жакалардагы, облустук штабдардын кызматкерлери четинен кете башташкан, анткени, алардын эмгеги үчүн маяналары төлөнбөй калган. Бул тууралуу бизге шаардык штабдын агитаторлорунун бири, Жалал-Абад шаарынын тургуну Абырасул Нарматов кабарлады.

Жээнбековдун жеңишинде, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков чоң роль ойноду. Демек, бийликтин талапкери Жээнбековдун жеңишин эки кубаттуу штаб камсыз кылды. КРнын президенти кызматына талапкердин ырасмий штабын мамлекет башчысынын атынан президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов жетектеди — ​бул административдик ресурс болуп саналбашы керекпи?

КРнын аракеттеги президенти өзү Жээнбековдун агитатору болгондугу эч кимге жашыруун эмес, ал ачыктан-ачык Жээнбековго добуш берүүгө чакырып жатты. Ал эми бул эң күчтүү административдик ресурс болду. Шайлоолорго чейин бир нече күн калганда ачык болгондой, ырасмий эмес штабды талапкердин бир тууганы Асылбек Жээнбеков өз командасы менен жетектеген.

Шайлоолордон кийин Жээнбековдордун өкүлдөрү жана алардын тарапташтары эгерде расмий эмес штабдын иши болбогондо, Сооронбай Жээнбеков оппозициялык талапкерден жеңилип калмак деген кабарды таратышкан. Эмесе, урматтуу, мекендештер, эгерде Жээнбековдун кадр саясаты Атамбаев каалагандай жүрбөй калса, таң калуунун деле кереги жок. Ырас, экинчи кубаттуу штаб тууралуу кожоюн шайлоолордун алдыңкы күнү гана билген. Бул баары өзүнүн көзөмөлүндө деп санаган Атамбаев үчүн күтүлбөгөн окуя болуп чыкты.

Бийликтин талапкери болгон атаандашына караганда рейтинги бир топ жогору болгон Бабановго келсек, тагдыр чечкен ролду “Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт” деген ылакап ойноду. Анын тарапташтары канчалык көптү убада кылган сайын, анын рейтинги ошончолук жогорулап жатты. Бирок, шайлоонун алдында «массалык түрдө» жалгыз гана шайлоо процессине тийиштүү убадаларды аткаруу убагы келгенде, олигарх сараңдана баштады, жыйынтыгында, Бабанов рейтинг реалдуу, андыктан, жеңишке жетишем — ​деп ойлоду. Бирок, “суунуку — ​сууга” экендигин эске алган жок, жана бул анын негизги катачылыктарынын бири болуп калды.

Шайлоого канчалык жакындаган сайын Бабановдун штабдарынын агитаторлору менен кызматкерлери региондордо Бабановдун Борбордук штабы тарабынан аткарылбаган убадаларга туш болушту. Агитаторлор четинен кете башташты. Бул Өмүрбек Токтогуловичти жана анын жакын тарапташтарын анчалык деле беймаза кылган жок. Алар жеңиш чөнтөктө деген ишеничте болушкан.

«Бирок, Жээнбековдун штабдарында кырдаалды байкап турушкан жана шайлоого үч-төрт күн калганда Бабановдун штабдарынын жетекчилери, агитаторлору “аңгемелешүүлөргө” чакырыла башташты. Жана кызматкерлердин «көшөкөр сунуштамалары» менен Бабановдун тарапташтары Өмүрбек Токтогуловичтин лагерин тобу менен таштап кетүүгө өттү, айрыкча, агитаторлор алардын эмгеги үчүн акы тууралуу кызыкдар болгондо, түштүк регионго кураторлук кылган штабдын жетекчилеринин бири — ​Сиз идея үчүн иштешиңиз керек — ​деп жооп кайтарган. Адамдар артка кылчайып, жөнөп кетишти.

Бирок, анын негизинен өзбек улутундагы жарандар жашаган Он-Адыр кичирайонунда чыгып сүйлөгөн сөзү Бабановду анын түштүк облусундагы эң эле берилген тарапташтарын дагы четтетип, бийликтин талапкеринин жеңишин жеңилдетти, балким, Өмүрбек Токтогуловичтин бизнесине жана эркиндигине соңку чекитти койду шекилдүү.

Окурмандардын эсине салсак. 28-сентябрда кичирайондо эл алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө Бабанов өзбек улутундагы элдин укуктарынын бузулуп жаткандыгына кыжырданып, өлкөдөгү кайдагы бир улуттук теңсиздик жөнүндө жана мамлекеттик органдар тараптан өзбек улутундагыларга көрсөтүлгөн кысым тууралуу айткан. Мен Бабановдун эмне деп айткысы келгендигин түшүнө алган жокмун, бирок, кыргыз тилиндеги вариантында талапкер ыңгайлашып жашаган өзбектерге кысым көрсөткөн мамлекеттик органдарга активдүү түрдө каршылык көрсөтүүгө чакырган. «Менин өзбек элим, тизе бүгүп жашаганча, тике туруп өлүү керек!», — ​деп жарыя кылган Өмүрбек Бабанов.

Антсе да, түштүктүктөр Он-Адыр кичирайону менен Нариман айылдары 1990-жылы дагы, 2010-жылы дагы сепаратизмдин очогу жана борбору болгондугун унутуша элек. Бул калктуу пункттарга 90-жылдары дагы, 2010-жылдары дагы бийлик дагы, милиция кызматкерлери дагы кире алышкан эмес.

Бабановго каршы Кыргызстандын Кылмыш кодексинин “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык кылуу” жана “Улуттук, расалык же диний касташууну козутуу” беренелери боюнча кылмыш жоопкерчиликтери каралган кылмыш белгилери боюнча айыптоолор тагылды.

Андыктан, ойлонулбай айтылган сөзү менен Бабанов КРнын президентине талапкер Сооронбай Жээнбековдун эң «продуктивдүү агитатору» болуп калды. Антсе дагы, УКМКнын иши жогоруда айткандай, Сооронбай Жээнбековдун негизги агитаторлорунун бири болгон мамлекет башчысы тарабынан катуу көзөмөлдөнөт. Ошентип, шайлоолор өттү. Эми, Жээнбеков эң биринчи даражага ээ маселелерди өз алдынча белгилеп, аларды күнүмдүк маселелер деп атоо менен биринчи кезекте чечүү менен алектенмекчи. Сооронбай Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаевдин стратегиялык өнөктөштөрүбүзгө карата сын билдирүүлөрүнөн кийин алар менен өз ара мамилелер начарлады деп эсептейт. Ал эми КРнын президентинин Казак президенти Назарбаевдин дарегине айтылган сын пикиринен кийин Казакстандын бийлиги чек араны көзөмөлдөөнү күчөтүп, бир нече километрге чейин созулган кезектер менен автоунаа тыгындары пайда болду. Бирок, жаңы шайланган КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков бардык маселелер жакынкы аралыкта чечилет деген ишенимде.

Россия Федерациясы менен болгон өз ара мамилелер боюнча Жээнбеков Россия Кыргызстандын «негизги стратегиялык өнөктөшү» болуп кала берет деген пикирде. Ал өзүнүн аздыр-көптүр интервьюларынын бардыгында КРнын президенти кызматында кыргыз-орус кызматташтыгы мындан ары дагы бекемеделе берет деп убада кылууда.

Кандай дебейли, Сооронбай Жээнбековдун колунда «көзүр карталар» турат. Ал өлкөнүн түштүгүндө төрөлүп, чоңойгон. Узак жылдар бою ошол жакта иштеп, бүтүндөй Кыргызстандын көйгөйлөрү болуп саналган түштүктүн көйгөйлөрүн ичинен билет. Ал эч кандай коррупциялык жаңжалдарга малынган эмес. Эч болбогондо, азырынча. Натыйжада, ал бардык маселелерди дипломатия жолу менен, кемсинтүүлөрсүз жана серсөөлөтсүз чечүүгө жөндөмдүү. Азырынча, Сооронбай Жээнбеков бир күн дагы президент болуп иштей элек. Ал эми ЖМКда аны ар тараптан “калчап” башташты.

Айтмакчы, ал мурдагы жол көрсөтүүчүнүн практикасын улантып, журналисттер менен соттошууга барабы же мамлекет башчысы эл көзүндөгү адам катары массалык маалымат каражаттары тарабынан ар тараптан “калчанышы” керектигин туура түшүнүп, өз жумушунда журналисттик «рентгенге» чалынбаганга аракет кылган адекваттуу жетекчи болобу? — ​бул тууралуу биз жакында биле алабыз.

Ошентип, Кыргызстан 2017-жылдын 15-октябрында кандай президентке ээ болду? — ​деген суроого жооп алчу күн да алыс эмес.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *