Сооронбай Жээнбековдун жеп-ичкичтерден коомду тазалоого эрки жетеби же бул кезектеги шоубу?

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстан “Transparency International” уюмунун коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде өйдө көтөрүлө албай жаткандыгын, буга укук коргоо, фискалдык органдар жана сот бийлиги күнөөлүү экендигин билдирди. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Өлкө башчысынын айтканы аткарылабы, бул убадалардын өтөсүнө чыга алабы?

Алмаз Акматалиев, профессор, серепчи: “Жүз миңдеген адамдар көчөгө чыгып, президентке күч, кайрат жана ишеним беришет”

– Чыгууга милдеттүү жана толук мүмкүнчүлүгү бар. Себеби өзү таза, эч ыплас иштерге буга чейин аралашкан эмес. Ушундай жетекчи гана чечкиндүү кадамдарга баралат. Анан да, бүт кыргыз эли президенттин бул кадамдарын колдоп турат. Бул да чоң фактор, эл колдогон, журт ишенген жана талап кылган реформалар гана ишке ашышы мүмкүн. Ал реформаларды президент коркпой-үркпөй жасашы керек, бирөөлөр бут тоссо да эл президентти колдогонго даяр. Бир эле чакырык жасасынчы: “мынабу күчтөр менин коррупцияга каршы күрөшүмө бут тосуп жатышат, элим мени колдогула” деп! Жүз миңдеген адамдар көчөгө чыгып катуу колдоп, президентке күч, кайрат жана ишеним беришет. Мен буга ишенем.

Нурбек Токтакунов, “Прецедент” өнөктөштүк тобунун жетечиси: “Эгерде коррупцияга каршы күрөштү саясий оппоненттерине каршы пайдаланса – үмүт өчөт!”

– Мурунку президенттик команда коррупционерлерди саясий каршылаштарынын катарына издеген өнөкөт ооруга чалдыккан эле. Эгерде Сооронбай Жээнбеков да дал ушул жолду тандай турган болсо, ага эл таптакыр ишенбейт. А коомчулукту ынандыруу үчүн, президент бийлик башындагы коррупционерлерди камай башташы зарыл. Эгер ушуга эрки жете турган болсо, коррупцияга каршы күрөштүн жаңы доору келет. Эл да кубанат. Бирок, мен ишенгим келип турса да, буга анчалык үмүттөнбөйм.

 

Абдыгул Чотбаев, генерал-полковник: “Эми ал айткан сөзүн иши менен далилдеши керек”

– Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөштө кай жерде кемчиликтер кетип жатканын белгилеп, биринчи кадамды жасады. Эми ал айткан сөзүн иши менен далилдеши керек. Эскертүү берилди, ким түшүнбөй калган болсо, аны кызматынан алып гана тим болбостон, жоопко тартуу абзел. Ошол эле кезде, коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, саясий каршылаштарды ооздуктоо тажрыйбасын токтотуу – учурдун талабы.

Самат Аалиев, коомдук ишмер:

“Карышкырларга “койлорго тийбегиле” дегендей эле болду”

– Биздин мамлекетибиздин эң башкы проблемаларынын бири – аткаруу системасынын инерттүүлүгү жана укук коргоо органдарынын коррупцияга башы менен батканында. Анан президенттин бул тармактагы талаптары карышкырларды “койлорго тийбегиле” дегендей эле болду. Ошол себептен аткарылбайт деп ойлоймун.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

Адилеттүүлүктү талап кылгандар, күтүп жаткандар көп

– Ал сөздөн жыйынтык чыкпаса, анда эч нерсе өзгөрүлбөйт. Элинин оозунда жакшы иши менен тарыхта калгысы келсе – чечкиндүү кадамга барып, туура багытты ишке ашырышы керек. Башка жол жок. Ошол туура жолго кетип баратканын биз көрсөк колдоого алабыз. Адилеттүүлүктү талап кылгандар, күтүп жаткандар көп.

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат:

“Кадр маселесин да түп-тамырынан өзгөртүү талапка ылайык”

– Менин оюмча жыйынтык чыгарууга аракет жасайт. Бирок ошол эле коррупционерлер тегеректеп тургандыктан, аталган маселенин аягына чыгышы кыйын болот. Кыйынчылыкты жеңүүгө Сооронбай Шарипович аракет кылышы керек. Жалгыз бул аракет үзүрүн бербейт! Кадр маселесин да түп-тамырынан өзгөртүү талапка ылайык! С.Жээнбеков белгилеп кеткендей, азыркы күч органдарындагы жетекчилер коррупция менен күрөшө албайт. Анткени, алар “экс-президенттин буюртмасын аткарам” деп өздөрүнүн түздөн-түз иши көмүскөдө калды.

Касымкул Райымбек, жарандык активист:

“Президенттик айткандары ишенимсиздей көрүнөт”

– Бул маанилүү чоң жыйында президент тарабынан Кыргызстандын сот жана башка мамлекеттик органдарында коррупция бар экени, атүгүл мамлекеттик жетекчилер жансакчы менен жүрөөрү айтылыптыр. Мындай далилдер болгондон кийин, С.Жээнбеков президент катары мындай билдирүүлөрү жок эле тигил же бул мамлекеттик кызматтын жетекчисин кызматтан алып, же чара көрүп чечкиндүү кадамдарды жасаш керек эле. Ошондуктан президенттик айткандары ишенимсиздей көрүнөт. Бийлик тарабынан коомчулук менен байланыш жок. Коомчулуктун ордуна дежурный аналитиктери массалык маалымат каражаттары аркалуу бийликти мактап жатышат.

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

“Сооронбай Жээнбеков өз убадаларын аткарат деп ишенем”

– Сооронбай Жээнбеков өз убадаларын аткарат деп ишенем. Анткени, таза, иш билген инсан. Өкмөт башчы болуп турганда көп жакшы иштерди кылды, дагы да болсо талапты катуу коюп иштейт. Апрель элдик революциясынын максаттарын ишке ашырат деп ишенебиз. “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси Сооронбай Жээнбековдун иштерин колдойбуз жана кубаттайбыз.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *