Сот департаментинин кызматчылары жана сот аткаруучулар комплекстүү окуудан өтүшүүдө

Ушул күндөрү  КРдин Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби Европа биримдигинин «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоору менен биргеликте Комплекстүү окутуу программасы боюнча, Сот департаментинин кызматкерлеринин жана сот аткаруучуларынын квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүүдө, – деп билдирди Жогорку Соттун басма сөз кызматы.

Окуу модулдары 2017-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамына ылайык киргизилген.

Окутуу эки топ болуп өтөт: 1-топ – 2017-жылдын 13-ноябрдын 18-ноябрына чейин; 2-топ – 20-ноябрдан 25-ноябрга чейин Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында болуп өтөт. Окуунун жыйынтыгы боюнча модулдук тест өткөрүлөт.

Окутуу «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын иш чараларын аткаруунун алкагында, ошондой эле Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2017-жылдын Окуу планына ылайык өткөрүүлүдө.

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *