Социал-демократиялык партиянын гегемониясы же айрым саясий партия сымал түзүлмөлөрдүн коомдук-саясий орду тууралуу

Ошентип, акыры көптөн бери күтүлүп келе жаткан СДПКНын кезектеги курултайы 31-мартта боло тургандыгы массалык маалымат каражаттарында жарыяланды…

Көптөн бери келе жаткан бул учкай маалымдама-кабар соңку кездеги коомдук-саясий турмушта “саясий аба-ырайын” кыйла жандандырган кабар болуп калгандыгы анча таң калычтуу деле эмес. Анткени, ал курултайда, мурда үзүл-кесил айтылган маалымдамалар аркылуу белгилүү болгондой, кыйла узак убакыттан бери “дайынсыз” болуп кеткен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайра келиши күтүлүүдө…

Айрым билдирүүлөргө караганда, бул сьездде бир гана маселе — ​жаңы төраганы шайлоо жана бул кызмат ордуна көрсөтүлө турган бир гана талапкердин — ​Алмазбек Атамбаевдин кандидатурасы талкууланмакчы. Албетте, бул тек гана формалдуу процедуралар болуп калып, аталган талапкер эч кандай деле талкуусуз, бир добуштан төрагалыкка шайланарын азыртан эле күтө берсек болот. Демек, негизги талкуулануучу жана кабыл алынуучу чечимдер такыр башка болору шексиз. Балким, эгерде учурдагы төраганын кыскача отчету угулган соң, бул саясий партиянын жакынкы алты жылдагы платформасы жана негизги багыттары талкууланар. Же болбосо, булар деле эч талкуусуз “ураа-ураа!” менен бир ооздон колдоого алынып жана бекитилип, сьезд жалпысынан эле формалдуу мүнөздө өтөр?..

Кандай болгон күндө да, бир нерсе айкын — ​бул саясий партия жакынкы алты жылда жана андан кийинки мезгилде дагы негизги бийлик рычагдарын өз колунан чыгарбоого умтула берет!..

…Кечээ жакында эле, интернет айдыңында экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин Бишкектеги башкы көчөлөрдүн бирин “7-апрель көчөсү” деп атоо керек деген сунушу таркатылды. Адегенде, бул тек гана катардагы сунуш-каалоо сыяктуу сезилгенсиген идеянын артында, тереңирээк үңүлүп караганда, өтө амбициялуу-тарыхый маанидеги баа берүү талап кылынып жаткандыгы байкалбай койбойт. Эч ашык-кеми жок, 2010-жылдагы “7-апрелдеги революцияны” өлкөнүн жана жалпы элдин турмушундагы тарыхый-бурулуштуу өзгөрүүлөрдү алып келген окуя катары баалоо таңууланып жатат. А бирок, мындай аталышка жалпы коомчулук оңой эле ынана коебу? Маселенин баары дал ушунда турат.

Макул деп эле коёлук, а бирок, эгерде, ошондой чечимдер кабыл алынып, көчө (айталык, Киев көчөсү — ​аны башкача атоо зарылдыгы коомчулук маанайында көптөн бери талкууланып келе жатпайбы?) “7-апрель көчөсү” деп аталып калса да, карапайым эл арасында, башка кошумча-лакап аталышы бар көчөлөр жана коомдук жайлар сыяктуу эле (“Көк-базар”, “Байдылданын ташкоргону” ж. б.д.у.с.), “мародерлордун көчөсү” деген кошумча аталышка конуп кетпейт деп ким кепилдик бере алат?!

Москвада “1905-жыл көчөсү”, Кремлден анча алыс эмес жерде (ГУМдун маңдайында) “25-октябрь көчөсү” бар экендиги маалым. Анда жашагандар бул аталыштар менен абдан сыймыктанышчу. Ал эми “Улуу Октябрь Революциясы” деген аталыштар жалпы өлкө аймагында, метро станцияларынан тартып, чоң жана кичи шаарлардан баштап, эң эле алыскы айыл-кыштактарга чейин кеңири таркагандыгы маалым.

Эми бизде, — ​бул эки окуянын маани-маңызы жана тарыхый алкактан алып караганда, ээлеген ордулары такыр салыштыргыс болсо да, — “апрелчилер” дал ушундай “маанилүү ролго” жетүүгө далалат кыла башташты. Ал тургай, мындай аракеттер тээ 2010-жылдан бери эле, бирде активдүү, бирде басаңдаган маанайда, уланып келе жатат. Такыр эле майнапсыз деп айта албасак да, алар өздөрү каалаган деңгээлде кабылданбай жатканына карабастан!.. Бул деле түшүнүктүү. Анткени, коомчулуктун, элдин аң-сезимине табигый түрдө кирип, орун албаган баалуулуктарды зордуктоо, талап кылуу жолу менен сиңирүү абдан кыйын маселе. Эзелтен дал ушундай болуп келген жана мындан аркы доорлордо да ошондой боло берет!

Октябрь Революциясы менен “апрель окуяларын” бир катарга коюу, маани-маңызы жагынан да, масштабы жагынан да одоночулук экендиги талашсыз. Пил менен бир кара чымынды салыштыргандай эле нерсе болуп калат.

А мүмкүн, чын эле, ошол бийлик алмашуу орун алган (анын революциялык же төңкөрүш жолу менен болгондугу азырга чейин эле эмес, дагы узак убакыт бою — ​азыркы бийликтегилер саясий авансценадан такыр кеткенге чейин, улана берери турган иш) ошол апрельдеги кандуу окуялар, кимдир бирөолөрдүн жеке турмушунда чынында эле зор бурулуштуу жана өмүр бою эстен кеткис элестер катары калгандыр. Дагы эле болсо, биздин сөз жалпы коомчулуктун ошол окуяга болгон мамилеси жана ошол окуяны жалпы элдик-өлкөлүк масштабдан кароо тууралуу жүрүп жатат. Миң-он миң же, мейли, жүз миң адамдан куралган убактылуу топту жалпы элдик кыймыл катары кароого болобу?

Маалым болгондой, жалгыз Кара-Суу районунда эле 480 миңге жакын калк жашайт. Демек, ошол бир райондун төрттөн бирине дагы жетпеген адамдар уюшуп алышып, андан кийин кандайдыр бир жыйынтыкка жеткен соң гана, жалпы элдин атынан сүйлөй баштаган сыяктуу таасир калтырат. Аларга мындай укукту ким ыйгарган? Эгерде кандайдыр бир кыймыл же партия ыйгарса, анда алар ошол кыймылдын жана партиянын атынан гана сүйлөөгө акылуу.

Кандайдыр бир коомдук уюмду (маалым болгондой, түркүн-түстүү жана толуп жаткан карама-каршылыктуу мааниси жана багыттары бар коомдук уюмдар толтура эмеспи) жалпы элдик кыймыл менен алмаштырууга болбойт. Ал эми айрым жекече турмуштагы мааниден алганда, чынында эле кескин бурулуштарды (анын ичинде позитивдүү мүнөздөгү да!) баштан кечирген, же мурда жетинип-жетинбей, жакырчылыкта жашап жүргөн адамдар да болушу толук ыктымал. Маселен, апрель революциясына чейин базарларда ар кандай майда-чүйдө бир нерселерди, боек сатуу менен күн көрүп жүрүп эле, элдик лакапта, эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт демекчи, көчөдө дүргүп бара жаткан митингчилер агымы менен, аларга кокусунан кошулуп кетип, же эриккенден аянтка бара калып (бекерпоздуктан улам, ушундай тополоң-тамашаны сыртынан байкоого куштар эл эмеспизби!), кокусунан эле бутуна же денесинин бир жерине ок жаңылып калып, ооруканадан өздөрү үчүн деле такыр күтүүсүз бойдон “апрель баатырлары” болуп чыгышкандар жетишерлик санда болушканы маалым.

Объективдүү айтканда, апрель окуясы дал ошолор үчүн гана зор маани-маңыздагы, тарыхый-бурулуштуу өзгөрүүнү алып келген окуя болуп калгандыгы талашсыз. Ошонун артынан, алар көбү дал мурлагыдай эле, өздөрү үчүн да күтүүсүздөн чоң кызматтарга, депутаттык мандаттарга, материалдык байлыктарга жетип жатышса, алар үчүн кантип чоң окуя болбосун?! Баса, материалдык байлык демекчи, алардын көбү ыкчамдык менен, тез арада уюшула калган ар кандай коомдук уюмдарды түзө коюшуп, “апрельчилер” үчүн салынган үйлөрдөн квартираларды алышып, ар кандай социалдык артыкчылыктарга жетишип жүрүшкөнүнөн эле, алардын жеке эгоисттик кызыкчылыктары жалпы элдик, мамлекеттик кызыкчылыктар менен дал келбей турганы байкалып турбайбы? Ал тургай, алардын көбү, ошол материалдык байлыктрды бөлүшө алышпай, бири-бири менен соттошуп, нааразыланышып, чекелешип-жакалашып-мушташканга чейин барышканы да, коомчулдукка дайын болбоду беле!?

Кыскача айтканда, Улуу Октябрь Революциясынын лидерлери улуу идея жана жаркын, бийик максаттар үчүн күрөшүшкөн жана ал идеялар үчүн жандарын курмандык кылышкандар. Тирүү калгандары да кыйчалышкан кырдаалдарда, өз жандарын кылыч, ок мизине илип коюшуп, ошол идеяны биротоло ишке ашырууга өз өмүрлөрүн арнашкан адамдар. Тагыраак айтканда, революционерлер деп айткан наамга бул сөздүн толук маанисинде жооп бере алган инсандар болушкан.

Карт тарыхка кайрыла турган болсок, адамзат тарыхында бурулуш жасаган, жана чындап эле адамзаттык цивилизациянын өнүгүү багытын өзгөрткөн үч гана революция болгондугу маалым.

Биринчиси — ​Улуу Француз Революциясы. Экинчиси — ​Улуу Октябрь Революциясы жана үчүнчүсү — ​Ирандагы Ислам Революциясы. Биринчи экөө эзилген элдин эзелтен берки тилегин (тээ байыркы Римдеги Спартактан берки ишке ашпай жүргөн!) орундатса, үчүнчүсү — ​адамдын руханий жандүйнөсүнө революция жасоону көздөгөндүгү белгилүү. Ал эми айрым өздөрүн өздөрү революционербиз деп атап алышкан адамдар, “биз элге эркиндик алып келдик!” — ​деп, уялбай телеэкрандан чыгып алып, айтып жатышса, эл арасында алар тууралуу “деги мунун баш-мээси өз ордундабы?” — ​деген суроолор жаралары шексиз. Деги, алар кайсыл эркиндикти алып келишти? Же, ошол апрелге чейин кыргыз эли өзүн оккупациялап алган, башка бир баскынчы элдин жана күчтөрдүн бийлиги астында жашап келди беле? Же алар башка бирөөлөр жөнүндө айтып жатышабы?..

Албетте, ошол мурдагы куулуп кеткен бийликтин деле азыркы бийликтегилерден эч кем эмес кемчилдиктери жана оң жактары болгондугу жалпыга белгилүү. Арийне, ошол окуялардын тегерегиндеги бардык сөз айланып келип эле, дагы бир жолу: эл үчүн бири-биринен эч айрымасы деле жок болгон бийликтерди эл үчүн ушундай оор трагедиялуу окуя болуп калган, кан төгүү аркылуу алмаштыруунун канчалык зарылдыгы бар эле? — ​деген суроого барып такалат. Асыресе, бул суроого тарых гана жооп бере алат. Болгондо да, тээ кийинки муундардан турган адамдардын абдан калыс, ар кандай жеке кызыкчылыктарынан караманча алыс турган көз караштарынан, объективдүү маалыматтардын негизинде, терең талдап чыгарган жыйынтыгынан соң гана баа берилет.

Баса белгилеп кете турган бир жагдай, азыркы тапта биздин өлкөдө өкүм сүрүп келе жатышкан жандуу-жансыз (иштеп жаткан жана кагазда гана калышкан) 200гө чамалаш саясий партиялардын басымдуу бөлүгү бул аталышка маани-маңыздары, программалары жана идеялык максаттары боюнча эч кандай толук жооп бере алышпайт. Ал тургай, алардын көбү башка бирөөлөрдүн программаларын гана “компановкалап”, ар кайсыл жерлеринен олуп-чолуп, үзүп алышып, монтаждап, же түздөн-түз көчүрүп алышкан. Эмнени жана кантип көчүрүп алышканын өздөрү деле жакшы түшүнө беришпейт.

Кандайдыр бир олуттуу саясий кампанияларда, шайлоо учурларында гана, партиялык тизме деген шылтоодон улам гана, алардын аталыштары убактылуу угула калбаса, ал окуялар өткөн соң, алар элдин эсинде деле калбайт. Эл арасындагы “мен кайсыл партияга мүчө экенимди да унутуп калдым!” — ​деген сымал тамаша сөздөрдүн төркүнү да дал ошондуктан чыккан да!..

Биздеги саясий партиялардын “кыргызча менталитеттүү”, дагы бир өзгөчөлүгү тууралуу дагы өзүнчө, учкай болсо да, айта кетүүгө тийишпиз. Партиялардын көбү кандайдыр бир таанымал ишкер-бизнесмен же саясатчынын жеке менчиктери сымал каралып келе жаткандыгы маалым. Дал ошондуктан улам, алар ар кандай себептерден улам, саясий аренадан четтеп, же активдүү ишмердигин азайтаары менен эле, ал жетектеген пантиядагы саясий авансценадан арткы кулуарга катары өзүнөн өзү автоматтык түрдө түртүлүп калат. Анын программа-убадалары, аткарган иштери жана алардын абалы тууралуу эч ким да эстебейт. Буга эң эле соңку учурдагы, Өмүрбек Текебаевдин жана Өмүрбек Бабановдун (“Ата-Мекен” жана “Республика” партиялары) саясий аренадагы тагдырлары далил болуп бере алат. Андан дагы бир аз мурдараак мезгилди эске салсак — ​Феликс Кулов… Азыркы кезде бир кезде күтүрөгөн, республика масштабында саясий аба-ырайын аныктап турган (лидери премьер-министр — ​же өлкөнүн экинчи адамы болуп турган кездегидей), “Ар-Намыс” партиясынын коомдук-саясий турмушта кандайдыр бир сезилерлик таасири барбы? Байкасаңыз, мындай суроонун коюлушунун өзү абсурд сыяктуу сезилет.

Демек, дагы беш-алты жыл өткөндөн кийин, азыркы СДПК партиясы деле ошолордун келечек тагдырын кайталап калышы толук ыктымал. Ал эми лидерлери саясий аренадан кеткенден кийин да таасир этүүсү эч азайбаган партияга айланып калуу үчүн, ал партиянын программасы өтө күчтүү болуп, идеялары эл катмарынын тереңинен өнүп чыгышы зарыл. Азыркы убактылуу кызыкчылыктарды гана көздөгөн, кандай жолдор менен болсо да, эптеп бийликке жетип алуу үчүн гана түзүлө калган жана ошондой тар-убактылуу кызыкчылыктар менен гана жашаган саясий түзүлмөлөр андай бийик миссиялуу, тарыхый маанидеги талаптарга эч качан жооп бере албайт.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: Жаңы Ордо 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *