Соцтүйүндө Сургутта кол салган адамдын тасмасы таркады

Социалдык түйүндөрдө 19-августта Сургутта жети кишини жарадар кылган Артур Гаджиевдин «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобуна ант берип жаткан учурунда жазылган тасма жарыяланды.

Бирок тасмадагы адамдын жүзү бет кап менен толук жабылган. Видеокайрылууну ИМ тобуна таандык Furat медиаборбору таркатканы кабарланууда.

19-августта 19 жаштагы Гаджиев бычак менен көчөдө жүргөн адамдарга кол салып, жети кишини жарадар кылган. Колго түшүрүү маалында аны полициячылар атып өлтүрүшкөн. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти ИМ тобу дароо өзүнө алган.

Орусия бийлиги кол салууну теракт катары тааныган жок. Федералдык телеканалдарда Сургуттагы окуя дээрлик чагылдырылган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *