Советжан Асанкадыр, “Айкөл” фольклордук-эстрадалык ансамблдин жетекчиси: “Элдин баасы биз үчүн баарынан бийик”

Советжан Асанкадыр музыка өнөрүнө өзүн арнаган, анын сыйкыр кереметине башын байлаган таланттуу адам. Ысык-Көлдүн Түп районунун кулуну. Анын табиятынан кошо жаралган мукам уну угармандардын жүрөгүнө Ысык-Көлдүн  толкунундай жумшак сүртүлүп, өзүнө тарткандай касиетке ээ. Ошон үчүн аны миңдеген жүрөктөр кайрадан уккусу келип тыңшашат. Анын репертуары кыргыздын улуттук колоритин берип турат, ошон учун элге жугумдуу.

Ал жашынан ырга жакын, өнөргө тартылып өскөн. Ошондонбу мектептен кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөң. Советжандын жүрөгүндөгү көптөн берки максаты фольклордук-эстрадалык ансамлди түзүп, ошону элге алып чыгуу бол гон. Үмүткө жетеленип жүрүп, акыры 1994- жылы “Айкөл” фольклордук эстрадалык ансамблин түзгөн. “Айкөл” алгачкы кадамында эле элге өз атын тааныта алды. Улуттун рухий мурасы болгон фольклор менен узанып, заманбап чебердикте алып чыгуу өтө зиректикти талап кылат эмеспи. Советжан ошого жетише алды. Андан бери 18 жыл өтүп кетиптир. Бир гана айта кетүүчү нерсе базар экономикасынын көлөкөсү түшкөн биздин ушул учурда чыгармачыл топтордой же бир сүрөөнчүлүккө  алган, же мамлекеттик деңгээлге камкордук жасаган шарттар жок эсеге айланып кетпедиби. Эгер ошондой жагдай болгондо “Айкөл” тобунун арышы алыска кетиши абзел эле. Бирок, Советжан ага карабай, беттеген максатынан кайтпаган фанаттыгы менен өзүн элге арнап келет.Ал жетектеген “Айкөл” тобу кыргыз этносунун жүзү болгон элдик ырларды кайра иштеп чыгып, жаңыча өңүттө ушунчалык чебердик менен, эстетикалык тарбиялык маанисин калыбынан чыгарбай кемелине келтирип ырдап алып чыгышты.

Мезгил, доор бир ордунда тура бербеген касиеттерден эмеспи. Акыркы учурларда шоу-концерттердин күнү тууса дагы, элдин сын көз карашы да өсүп, жасалма электрондук үндөрдөн жадаган мезгил келе жаткандай сезилет. Улуттук көркөм дөөлөттөрүбүздүн бири болгон элдик музыкабыздын үлгүсүн ааламдаштыруу процессинин принциптерин кылымдарды карытып келе жаткан менталитетибизди тепсетип ийгенге, ашкере шоуга айландырууга бара берсек, улуттук маданиятыбыздын уңгусуна доо кетирген болобуз дегенди унутпашыбыз керек. Мына ушундай ойлорго чулганганда “Айкөл” сыяктуу ансамблдерди эстөөгө болот.

Советжан Асанкадыр чыгармачылык ме­нен тизгиндеш эле бир нече жылдар музыкалык адис катары педагогдук менен узанып, 2006-2007-жылдары КР улут­тук маданий Борборунун директорунун орун басары болуп иштеген. 2008-2010-жылдары № -1-балдар искусство мектебин жетектеген. 2005- жылы КР Ардак Грамотасы менен сыйланган. Бул албетте чек эмес,эмгеги таза бааланышы али алдыда болсун дейли. Негизгиси талантты эл тааныйт эмеспи.

Советжан Асанкадыр менен am жалында төмөндөгүчө маекти сиздерге сунуштайбыз урматтуу окурмандар:

Советжан, учурда кандай жаңы чыгармачылык өңүттөрдө болуп жатасыздар?

-Чыгармачылык токтобойт эмеспи, өзүбүздүн жаңы репертуардагы альбомубузду чыгарганбыз. Анда Мекен, эл-жерди сүйүүнү даңазалаоо темасы басымдуулук кылат. Албет­те, түбөлүктүүлүктүн темасы болгон адамдын жан дүйнөсүнүн сүйүүсү дагы жок эмес, ансыз болбойт. Кыскасы, жаңы репертуарыбызды топтоп иштеп жатабыз. Кадимки ишке келгендей эле студияга күндө убагы менен келебиз, иштейбиз. Чыгармачылыкка тийди-качты мамиле жарабайт, принциптүүлүк керек.

Репертуарыбызда Нуртазиндин “Жамийла” ыры, Т. Казаковдун ырын алдык. Өзүбүзгө таандык

бир нече ырларды даярдап, ыр­дап жүрөбүз. Элдик ырлардан бар. 1950-60-жылдардагы ырлар ырдалып жүрөт. Биз 70-80-жылдардагы ырларды тандап, иштеп алып чыгып, ошол жылдардагы таланттуу агаларыбыз, эжелерибиз ыр­дап чыккан ырларды элге кайрадан жеткирип жатабыз.

Сөзгө маани берүү ырчыларда көп учурда көңүлгө алынбай жүргөнү айтылып калат, сиздерде кандай?

-Биз ырлардын сөзүн тандоодо авторлор менен иштешебиз, китептерден алабыз, айрымдарын өзүбүз иштеп чыгабыз, бирок андай ырларды акындардын сынынан сөзсүз өткөрүп анан обонго ылайыктайбыз.

Ансамблге жыйырма жылдан ашык убакыт болоюн деп калыптыр, шакирттериңиз тууралуу айтсаңыз?

-Ооба, андан бери биздин ансамблиден бир топ таланттар өсүп чыкты. Ошолорду кармап туруу орчундуу маселе, колумдан канча жакшынакай балдар кетишти, бирок карым-катышыбыз үзүлгөн жок. Кудай буйруса ансамблдин жыйырма жылдык юбилейин өткөрсөк ошолордун баарын чакырабыз деп турабыз. Азыр  Сүйүн менен Урмат иштеп жүрүштү экөө тең консерваторияны бүткөн таланттуу жигиттер. Алардын ырдагандарын угуп, жактырып калгам, сунуш кылсам макул болушту, ошондон бери иштешип жатабыз. Дагы бир топ жаш таланттарды айтсам болот.

-Репертуарды кандай тандайсыз?

-Эң биринчиден тыкандык ме­нен иштеп, тандайбыз. Жогоруда айтылгандай сөзгө көп көңүл бурабыз, ошого жараша обонду иштейбиз. Композиторлорубуздан да чыгармаларды алып турабыз. Мисалы, мурдагылардан Түгөлбай Казаковдун “Эстелик” деген ырын алып, автордун өзү менен бир топ кеп-кеңештерин алып, пикирлештик.

Каржылоо жагы кандай?

-Ал жагынан абдан кыйын абалдабыз деп ачык эле айтууга бо­лот. Концертибизди бергенде ушунчалык оор болгонун айта кетким келет. Азыр бирөөгө барып “ сүрөөнчү болуп бериңиз” дегендин өзү да өтө оор, ар ким ар кандай кабыл алат. Ошон үчүн өз беделибизди өзүбүз көтөрүп келе жатабыз.

Башка жактар менен чыгармачылык карым-катышыңыздар болуп турабы?

-Бир кезде Казакстандагы “Музарт” балдары менен катышып турчу элек, таасирленип бири-бирибизге, жакшы күндөр өткөн. Азыр алыстап кеттик, баягы эле материалдык жактын кыйындыгынын айынан, бирок, компьютер аркылуу кабарлашып турабыз. Алар да жакшы ансамбль эле. Казак элинин улуттук колоритине жакын чыгышкан.

Азыр чыгармачыл адамдардан башка максаттагы ишке өтүп кеткендер бары жаңылык деле эмес, андай ой жокпу?

-Чыгармачылыкка башымды байлагандан кийин ушул жолдон эч жакка чыга албайм деп ойлойм. Туруктуулугубуз аркылуу өзүбүздү таанытабыз го дейм. Ошон үчүн кандай кыйынчылыктар болсо дагы мен бул жолдон артка кете албайм. Иштин жолун табууга болот.

Сиздердин чыгармачыл топ аттын кашкасындай элге таанымал болуп калды, мамлекеттик сыйлык, наамдарга да татыктуу го деген ойдобуз, ал жагы кандай экенин окурмандарга айта кетсеңиз.

-Буюруганын көрөрбүз, биз ал жагынан көп деле эске алынбай келе жатканыбыз чындык. Бирок, эл бар, бизди кайда болсок эл чын пейлинен төгүлүп тосуп алат, элдин баасы биз үчүн баарынан бийик.

Булак: “Ачык сөз

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *