Сөз эркиндигин коргоо комитети: Миллиондогон сомдук айып пул салуу – бул диверсия

Бишкек, 18-октябрь 2018-жыл.

Cөз эркиндигин коргоо комитети – кимге болбосун эки миллион сомдук айып пул салууну расмий бийликке каршы жасалган атайын диверсия деп эсептейт. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун эки судьясы – Азизов жана Абакиров – арызданган жеке бир адамга (Ахмат Келдибековго – ред.) «Азия ньюс» гезити дал ушунча акча төлөш керек деген чечимди 12-октябрда кабыл алган. Расмий бийлик сөз эркиндигин өзүнүн демократиялык башкаруусунун ажырагыс бөлүгү деп эсептейт, гезит канчалык ката кетирсе дагы, ага мынчалык өлчөмдөгү айып салуу – диверсия.

Бул жазаны – гезитти атайлап банкрот кылып, анан жабып салуу аракети катары баалаш керек, жабып салуу болсо – сөз эркиндигине ачыктан ачык басым жасоо. Бул окуя мурдагы президенттин башкаруу ыкмасы эмгиче иштеп жатканын көрсөтөт жана андай ыкма бүгүнкү күнү соттор аркылуу ишке ашырылып жатат. Бирок жаңы шартта эски президентин ыкмаларын кайталоонун канчалык кереги бар?

Соттор Азизов менен Абакировдун үстүнөн биз Соттор кеңешине арыз менен кайрылабыз жана Бишкек шаардык сотунунун коллегиясына кайрылып, «Азия-ньюс» гезитинин ишин объективдүү жана калыс карап чыгууга чакырабыз. Маалымат каражаттары менен журналисттерге соттор эбегейсиз чоң суммадагы айып пул салуу менен – жасаган күнөөгө тете айып тартуу принцибин гана бузбастан, бүтүндөй сот системасынын авторитетин жана деги эле бийликтин баркын түшүрүүдө.

Сөз эркиндигин коргоо комитети

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *