Сулайманов Сулаймановдун сынагынан өтпөй калды

Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан бажы кызматынын башчысы Азамат Сулайманов кирейин десем жер катуу дегендей уят болуп, кызарып-татарып трибунада зорго турду. Берилген суроолорго “Мен так билбейт экем, сайтка чыгарганбыз” дегенден башканы айтканга жарабады. Мындай жоопко чыдабаган депутат “Сайтка чыгарганбыз, ошол жакта бар деп кутулуп жатасыз. Сиз деле келбей эле койбойт белеңиз. Биз сайттан окуп алат элек” деди. Бажы жетекчиси Сулаймановдон, “Бир Бол” лидери Алтынбек Сулайманов дагы сынак алып, бажы терминалдары кимдерге тийиштүү экенин билгиси келди. Кызыгы бажы терминалдарынын баарысы жеке менчикте экен. Депутат айткандай эл арасындагы бажы терминалдары бажы кызматын жетектеген адамдардыкы деген чын окшойт. Азамат Сулайманов кимдерге таандык экенин айта албастан күйпөлөктөп, менин терминалым жок деп кутулду. Бажы кызматынын башчысы болуп туруп бажы терминалдары кимдерге таандык экенин билбеген жетекчи жетекчиби? Сулаймановдун билбейм дегени өлүмүш болгону эмеспи? Салыктан башка өлкөнүн казынасына эч нерсе төлөбөгөн терминалдардан миллиондогон акчалар кимдин чөнтөгүнө кетип жатканына бажы башчысы кызыкпады бекен? Же ал дагы ошол жерден түшкөн акчадан «ап» этип койгонбу? Бул жагы табышмак.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *