Султан Ибраимовдун сырдуу өлүмү. Прокурор Эсеналиев Күрүчбектин иликтөөсү…

Белгилүү болгондой, быйыл мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдык мааракеси жакында эле улуттук филармонияда президент Жээнбековдун катышуусунда өттү. Ал 1927-жылы Чуй районунун Алчалу районунда туулган. Эмгек жолун 1955-жылы жөнөкөй кызматкер болуудан баштаган. 1961-1966-жылдары айыл чарба министри, андан кийин ЦК Компартияда, 1968-1978-жылдары Ош обкомунун биринчи катчысы, 1978-1980-жылдары премьер-министр болуп иштеген. 1980-жылдын 4-декабрында аны Чолпон-Атадагы резиденцияда белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Мамлекеттик ишмерди аткан адам табылганы менен, кимдер тарабынан өлтүрүлгөнү эмдигиче сыр бойдон калып келет. Ибраимовдун өлүмүнүн сыры чоң жамаат менен узакка иликтенген. Ал иликтөөчү топтун башында ошол кездеги СССРдин КГБсынын жетекчисинин орун басары Филипп Бобков турган. Бирок, ошончо чоң жамаат иликтегени менен Ибраимовдун өлүмүнүн негизги сыры ачылган эмес. Ошондой эле, анын өлүмүнүн чоо-жайы, тергөөнүн толук жыйынтыгы коомчулукка толук маалымдалган эмес. Биз ушул маселени ачыктоо үчүн Эсеналиев Күрүчбек Касмалиевич менен кеңири баарлаштык. Себеби, Күрүчбек агабыз Ибраимовдун өлүмүн ошол атып кеткен алгачкы мүнөттөрдөн тартып иликтеген бирден-бир тергөөчү. Кааарманыбыз Кыргызстанда прокуратура тармагында көп жыл иштеген, бай тажыйрбалуу адамдардын бири. Анын иш тажрыйбасы 40 жылга жакындайт.

(Башы өткөн санда)

“Уктап жатканда мылтыкты башына такап туруп аткан”

—Анан бир бөлмөнүн эшигинин туткасын колума кагаз кармап ачтым, себеби туткада колумдун изи калбасын деп ойлодум. “Кайсы бир эшиктен чыга калып мени да атып салабы?” – деген ойлор кетти. Бөлмөгө кирсем, баягы “Чайка” токтоп турган тарабында полдун үстүндө айдоочу Юрий Вольфтун сөөгү жаткан экен. Байкуштун үстүн жаап коюшуптур. Кылмышкер айдоочуну желкеге атканда ок оң көзүнүн үстүндөгү кашка келип токтоп калган экен. Экинчи кабатка барсак, гезит-журнал коюлчу столдун үстүндө “Чалкан” журналы жатыптыр. Сол жак бурчтагы уктоочу бөлмөдө Ибраимовдун аялы небереси менен жатса, ал эми чыгыш тараптагы бөлмөдө Ибраимов өзү жалгыз эле жатыптыр.

Бул эки уктоочу бөлмөнүн ортосунда дагы эки уктоочу бөлмө бар экен. Эч нерсе угулбайт да.

—Султан Ибраимовдун аялы каргашалуу окуяга чейин кылмышкерди көрүптүрбү?

—Аялынын айтымына караганда, ал жаткан бөлмөдө түн ортосунда столдордун кычыраганы угулуптур. “Ай, Султан, эмнеге уктабай жүрөсүң? Түн ортосу болбодубу”-деп ал киши айткан экен. Ошондо тиги кылмышкер эшикти такылдатып: “Я не Султан. Выйдите!”-деген экен. Эми элестетип көрбөйсүңбү. Совминдин төрагасы жайгашкан резиденцияда анын аялы эс алып жаткан бөлмөгө жети түндө бейтааныш эркектин үнү утулганын. “ Я сейчас!”-деп эси чыккан аял халатын кийип коридорго чыкса, тиги кылмышкер гезит-журнал коюлган столдун жанындагы креслодо чалкалап отуруптур. Колунда болсо “Белка” үлгүсүндөгү мылтык бар экен. Ал кылмышкер: “Кожоюнга айт, бизге уруксаат берсин. Айдоочусу экөөбүз азыр Фрунзеге кетишибиз керек… Ал жакка таң атканча жетишибиз керек!”-деп айтыптыр. Султан Ибраимовдун аялы: “Эмне болгон уруксаат?”-деп шашкалактап айласы кетип, эсин жоготуп туруп калганда, тиги кылмышкер шашпай ордунан туруп биринчи кабатка түшүп кеткен экен.

“Ибраимов менен Коңуратовду аткан адам экөөнүн тең аялына жолугуп…”

—Ушинтип, көзүнө көрүнүп жатпайбы. Мына ушул жерден айта кетейин, ал киши өлтүргүч Совминдин төрөгасына чейин Коңуратов Саалыны аткан дебедикпи. Аткандан кийин Саалынын үйүнүн жанынан аялына да көрүнгөн. Эшиктин алдына келип, жүрбөгөн машинага олтуруп алган. Саалынын аялы аны көрүп, басып келип: “Саалы, үйгө кирбейсиңби, эмне олтурасың?”- деп сүйлөп оозун жыйгыча, колунда мылтыгы бар башка адам экенин байкап калат. Тиги адам андан машинанын ачкычын сурайт. Аял бул машина бузук экенин айтканда акырын гана кетип калган… …Киши өлтүргүч кетип калгандан кийин аял күйөөсү жаткан бөлмөгө кирсе, Султан Ибраимов эчак эле өлтүрүлгөн экен. Кийин карасак, уктап жатканда кирип келип мылтыкты башына такап туруп бир эле жолу аткан. Кичине кыймылдаганга да жараган эмес. Башынан аккан кан 4-5 сантиметр агып барып, токтоп калган экен.

Аялынын эси чыгып, кыйкырып милиция бөлүмүнө чалмак болгондо эч бир телефон иштебептир. Андан тышкары, “тревога” бере турган аппарат да иштен чыгыптыр. Айласы кетип, сыртка чыгып исполкомдун төрагалары, райкомдун секретарлары эс алган төрт кабат санаторийге барып, тиешелүү жерлерге телефон чалгандан кийин гана келишиптир. Ошентип, ызы-чуу болуп иликтөө, киши өлтүргүчтү издөө башталды.

200дөн ашуун адам иликтедик…

-Иликтөө канча убакытка созулду?

—Бир жылга чейин созулду да. Прокуратурадан эле 11 адам иликтеп баштадык. Кыргызстандан, Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан да тергөөчү, прокурорлор келишти. ИИМ, КГБдан да бар. Коргоо министринен саперлор, иши кылып айтпа, баары эле келишти. Бул кылмышты иликтегендердин саны 200дөн ашты. Штаб түзүлдү. Начальниги Абрамов деген болду. Ал киши СССРдин КГБсын 14 жыл башкарган Крючковдун биринчи орун басары болуп иштеген тажрыйбалуу адам болчу. Биздин КГБнын ана башчысы (14 жыл жетекчи болгон) Ломов, башкы прокурор Демичев, ИИМ министри, айтор киши калган жок. Биз резиденциядагы акын-жазуучулардын, райкомсекратарлардын баарын чыгарып, баарын тыкыр текшерип чыктык. Москвадан болсо КГБнын жетекчисинин биринчи орун басары генерал Филипп Бобков жалпысынан көз салып, бул ишке жооптуу болуп турду. Биринчи атылган Коңуратов Саалынын аялынын эмчекте баласы бар экен. Аны генерал Любимов экөөбүз тынымсыз 17 саат сурадык. Сиңдисин бала карашканга деп кошо ала келген болчу. Эки саат сайын баласын эмизип турду. Мен бизди жетектеп жаткан генералга котормочу болуп жанында олтуруп, ал кишинин жашы да өтүп калгандыктан кулагы да катуу экен, өзүм да аялдан улам сурап коём. Түшүнбөй калган жерин которуп берем. Ал генерал сураганда төрөлгөндөн баштап, бүт калтырбай сурайт экен. Бүт таанышын, кантип турмушка чыкканын, кантип жашаганын бүт ийне-жибине чейин сурады. Андан деле жакшы жыйынтык чыккан жок.

—Шектүү адамды табыш абдан кыйын болгон экен да…
—Шектүү киши жок, из да билинбейт, иши кылып эле издеп, иликтеген болуп жүрөбүз. Көрүнгөндү кармап сурагандар да болду. Шарт болсо жакшы. Күнүгө 3 маал тамак берет. Жаткан жер жакшы дегендей. Иликтөөнүн жыйынтыгында Чолпон-Атанын элинен мыйзамсыз сактап жүрүшкөн 300-400 ар кандай мылтыктар алынды. Бир жолу бирөөлөр телефон чалып: “Ибраимовду аткандар Семенов капчыгайында жүрүшөт”- деп айтып коюшуптур. Убап-чубап, көпчүлүгүбүз ал жакты да тинттик да. Жалган эле билдирүү да, болгону убара болуп кайттык.

Булак: Багыт.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *