Султан Раев, жазуучу: Бүгүн эки адамды эстедим… Биринчиси, Апсамат Масалиев, экинчиси досум Нуралы Турапов

Бүгүн эки адамды эстедим. ..
Биринчиси, Апсамат Масалиев, экинчиси досум Нуралы Турапов. Экөөнү эстегенимдин да илеси бар. Экөө эки башка адам. Бирөө көп жылдар бою кыргыз элин башкарып, өзүнун ак, адал, чынчыл, акыйкатчыл мүнөзү менен тарыхта калса. Экинчиси, досум Нуралы да чон кызмат аркалабаса да, өзүнун кесибине, маданиятка, улуттук телеге эмгегин арнап, өмүрүн өзөк кылып сайып берди.
Апсамат Масалиев – бул ысым ар бирибиздин жүрөгүбузгө тазалык менен аруулктун, абийир менен ар-намыстын, элге кызмат кылуунун өзгөчө символун калтырды. Өмүрү да, өмур жолу да, адамдык нурк-насили да өрнөк. Карапайым.Таза. Талапчыл. Мындай адамдарга кыргыз коому чаңкап турат.
Апсамат Масалиев жөнүндө досум Нуралы экөөбүз документалдуу фильм тартканбыз. Ал учур -2003-жылдар эле. Апсамат Масалиевдин атын катуураак айтканга да жүрөксүнүп турган мезгил . Эч кимге билгизбей,эч жарыя кылбай тарттык. Апсамат Масалиев кандай болсо, ошондой тарттык. Короодо картошка эгип, лопатка басып жүргөн Масалиев. Бутуна резина өтүктү кийип, огороддо күн бою жүргөн Масалиев.
Ушул кадрларды КТРдан тун жамына Нуралы “уурдап” алып чыккан камера менен тарттык. Апсамат Масалиевдин, көзү тирүү Масалиевдин миндеген кадрлары тартылды. Арабыздан көп өтпөй а киши өтүп кетти. Биз тарткан ар бир кадр, көз ирмем ошол күнү тарыхка айланды. Фильмди бүтүп эч бир теледен көрсөтө албай жүргөнбүз. Көзү тирүүсундө көруп алсын дегенбиз. Эч канал көрсөткөн жок. Көзү өткөндө гана ал фильмди Жогорку Кеңеште депутаттарга көрсөттү. Эң өкүнүчтүүсү Масалиев Биричи катчы, эл башкарып жүргөн мезгилдеги бир да түзүк кадр калбаптыр. Баары жок кылынган экен. Аялы, эжебиз Кайрынса да ушул даректүү фильмде түбөлүккө калды. Журт башынын аялы өмүр бою тигичүү болуп иштеди. Азыркынын тили менен айтканда, ал – нонсес, журт башынын аялы жөнөкөй тигүүчү. Ушундай адамдар арабызда болгон, алар болгон үчүн көкүрөгүбуздө кыпындай болсо да адамдык ыймандын бир бутагы көктөп турат…
Апсамат Масалиев да, досум Нуралы да арабызда жок. Бирок, алардын элеси калды. Ал элес,аларга болгон таазимдин элеси.
Арабызда жүрүп, акырет кеткен адамдарды эстеп жүрөлү.
Бул дүйнөнү кармап турган жашоонун бир гана эстутум тамыры бар. Биз, баарыбыз ошол тамырдын… бир тамырыбыз. Ал тамыр эстутум менен гана даракка айланат. Өмүр дарагына.
Бүгүн ушу эки Адамды эстедим…

Султан Раев, жазуучу

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *