Султан Урманаев, экс-депутат: “Бүгүнкү соттор коомду жийиркентип бүттү”

Белгилүү мамлекетчил ишмер, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Султан аба биздин гезиттин Балыкчы калаасындагы көп жылдан берки туруктуу окурманы. Туруктуу окурманыбыз президент Жээнбековдун коопсуздук кеңешинен кийинки кылычын кындан сууруган кадамдары тууралуу ой-пикири бар экенин билдирип, оюн ортого салды.

— Султан аба, президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңешиндеги соңку кадамы менен өлкөдөгү сот, күч органдарына сөөмөй кезеп, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүнү буюрду. Өз кезегинде мындай балакет менен күрөшүүнү берки эки качкынды эсепке албаганда да экс-президенттер Роза Отунбаева менен кечээки Атамбаев деле баштаган эле. Сооронбай Шариповичтин соңку кадамынан жыйынтык чыгарына ишенсек болобу?  

— Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайлангандан кийин эле коррупцияга каршы күрөш жарыялап, февраль айында анын жетекчилиги менен өткөн коопсуздук кеңешинде сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын коррупцияга каршы жүргүзүп келе жаткан иш аракеттери каралып, алардын ишине баа берилиши жана коомго кеңири тарап кеткен коррупцияны жоюу боюнча белгиленген иш-чаралар коомчулук тарабынан колдоого алынууда. Көпчүлүктө кандайдыр бир ишенич, үмүт пайда болду да. Бирок, коом деген коом, көпчүлүк деген көпчүлүк. Эл арасында “бул деле мурдагылардын бири да” дегендери аз эмес. Анткени, “коррупцияны жоёбуз, тамырын кыркабыз, талкалайбыз” деген нечен мамлекет, өкмөт башчыларынын кооз убадаларына элибиз тоюп бүткөн. Ал убадалардын арты эмне болду? Коррупция деген желмогузуң алардын өздөрүн көтөрүп чаап, көбүн чет элге качырбадыбы? Эмнеси болсо да эми Кудайдан жакшылык тилеп, ар кимибиз коррупцияга каршы күрөшүп, президенттин аракетине колдоо көрсөтөлү. Анткени, жакшы башталган иш аягына чыгарылып, күрөш токтобош керек. Коопсуздук кеңешинен кийин президент баш прокурорду, күч органдарынын жетекчилерин кабыл алып, алар менен кеңешип, дагы кошумча тапшырмаларды берди. Экс-президент Атамбаев деле буларды чакырып, коррупцияны жоюу боюнча көптөгөн талаптарды койбоду беле? Иш бир аз жылганы менен коррупция азайган жок. Эгерде Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү аткаминерлерге эмес, элге таянып жүргүзсө иш жыйынтык берер эле. Элдин колдоосуна ээ болбогон иш-аракеттен эч майнап чыкпайт. Коррупция бүгүн жалпы элдин көйгөйү болгондуктан, ага каршы ар бир айылдан баштап, борбор калаабызга чейин элдик кыймыл түзүлүп, анын башында президент өзү туруш керек. Конституция боюнча президент өлкөнүн экономика, чарба иштерине кийлигишпесе да, прокуратура, күч түзүмдөрү анын колунда. Эгерде президентте эрк, аракет болсо, “дүжүр хамелеон” кошоматчылардан алыс болуп, чыккан былыктар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер ММК аркылуу байма-бай чагылдырылып, убагында элге жетип турса, бул иштен жыйынтык чыгат. Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарыш үчүн иштин көзүн билген, таза кадрлар керек. Улуу Сталин айткандай, «кадрлар баардыгын чечет». Бүгүн бийликте тургандардын арасында эл үчүн жанын бербей эле койсун, сүйлөгөн кооз сөздөрү эле болбосо, элге ак кызмат кылып берем дегендери деле жокко эсе. Ошондуктан, биздеги кадр тандоону, жогорку бийликке келген кадрлардын деңгээлин коңшу мамлекеттердин официалдуу адамдары эл аралык маалымат каражаттарына берген интервьюларында айтышып, шылдың кылып жүрүшпөйбү. Бийлик органдарына мыкты, билимдүү кадрлардын келишин шартташ үчүн система түзүү керек. Биринчи кезекте парламентте.

— Парламентте партиялык система турат го?

— Мейли, партиялык система кала берсин. Бирок, депутаттарды бир мандаттуу округдан эле шайлаш керек. Россияда деле партиялар депутаттардын азын партиялык тизме менен, көпчүлүгүн бир мандаттуу округдар аркылуу шайлап, эч көйгөйү жок жакшы иштеп жатышпайбы. Биз да Жогорку Кеңештин 3-чакырылышында ушул маселенин үстүндө иштеп, аракет кыла баштаганда, Бакиев парламентти таркатып, бийликке анын «Акжолу» келип, ой максатыбыз ишке ашпай калган. Бүгүнкү парламенттин аты эле партиялык болбосо, көпөстөрдүн жана башкалардын уюшулган тобунун компетентсиз бийлигине айланды. Ошондуктан, Сооронбай Шарипович эки жакты карабай туруп, партиялык коррупцияны жойбосо, аягы жакшы болбойт. Бир улуу адамдын «саясатта да экономикадагыдай эле достук жок, тактикалык кызыкчылыктар гана болот» деп айтканы эсимде. Россиянын президенти Путин биздин иштеп кеткен кээ бир президенттердей болуп сын айткандарга таарынып, “мени тиги же бу сатып кетти” дебей эле кеткен кемчиликтерди өз мойнуна алып, чарчап-чаалыкпай үзүрлүү иштеп келатпайбы. Андан анын баркы кетпей эле рейтинги жогорулоонун үстүндө да. Анан да “саткынчылыкты эмес, компетентсиздикти жана калпычылыкты жаман көрөм” дегенин айтпайсыңбы?

— Жээнбеков канчалык опурулганы менен биздеги адам тагдырын каалагандай калчашып, мыйзамды акча үчүн буйлалаган абийирсиз, коррупционер, паракор сотторду колго чаап, кой-ай дегенге күчү келер бекен?

— Туура, коррупциянын анабашы сот системасында экен. Аны айтканым, мен муну өз жонтерим менен башымдан өткөргөндө дагы бир ирет ынандым. Жарандык кодекстин 132-134-беренелериндеги ачык эместиктердин айынан төрт жылдан ашык соттордо жүрдүм. Биздин максат өзүбүз түзгөн «Балыкчы эт комбинаты» жоопкерчилиги чектелген коомдун курамынан анын уставдык фондусундагы өзүбүздүн үлүшүбүз менен чыгуу болгон. Бирок, бул коомдо жарым процентке жетпеген үлүшү бар бир уюштуруучунун сотко берген доо арызынын айынан соттор ишкананын директорунун баардык аракетине, штамп, мөөрүнө арест салып, комбинаттын ишин төрт жылдан ашык убакыт токтотуп койду. Мыйзамдын беренелериндеги ачык эместиктерин такташ үчүн көп убара тарттык. Конституциялык сот да аны карабай койду. Ал жерден юрист болуп иштебей туруп, эмгек сиңирген юрист болуп алгандарын да көрдүк. Жогорку Кеңешке кат жазып, “түшүндүрмө бергиле” десек, түшүндүрө албай коюшту. Акыры “Россиянын Жарандык кодексиндегидей түшүнүктүү кылып статьяларды ондоп койгулачы, антпесе, соттор өз кызыкчылыгына карап, ар кандай чечим кабыл алышат экен” деп парламенттин белдүү комитетинин төрайымына (бүгүн спикердин орун басары) кат жазсак, ал жооп жазып жатпайбы «бул маселени парламент карап, чечиш керек» деп. Орустар айткандай, «нарочно не придумаешь». Бийликтегилерге айла жок экен, ошентип маселе чечилбей калды. Бүгүн көпчүлүк соттордун чечимдерин карап отуруп, бизде ушунчалык жийиркенүү пайда болду. Улуу Некрасов «Кому на Руси жить хорошо» деген чыгармасын биздин сотторго арнап алдын ала жазып кеткенби? Булар башка органдардай болуп кылган иштерине да отчет беришпейт экен. Баарынан жаманы мыйзамсыз иштерди мыйзамдаштырып коюшса да, аларга эч ким күнөө коё албайт экен. Өз ара сүйлөшүп алышып, соттордун статусуна жамынып, каалагандарын кыла берсе, анан булардын чыгарган бүтүмүнүн аягы арызданууга жатпаса, аягы эмне менен бүтөт? 2005-2010-жылдардагы окуялардын келип чыгышынын негизги себеби деле соттордун акыйкатсыздыгынан чыкпады беле? Негизинде адамдардын тагдыры оюнчук эмес да.

Эми ошондой абийирсиз сотторду жалпылабай, жүзүн ачып, фактылар менен айтып бербейсизби?

— Биринчиси, Балыкчы шаарынын судьясы Бактыгүл Беккулиева 2012-жылы Балыкчы эт комбинатынын мурдагы эки жумушчу аялдын арызын карап, 2008-жылы күчүн жоготкон мыйзамды колдонуп, алардын пайдасына чечим чыгарып берип койду. Комбинаттын жетекчилиги соттун чечиминин мыйзамсыздыгына карата арызданса, апелляциялык, көзөмөлдүк инстанциялар “чечим туура эле кабыл алынган” деп колдоп коюшту. “Чечим мыйзамсыз кабыл алынган, ишти караган судья 2008-жылы күчүн жоготкон мыйзамды колдонгон” деп комбинаттын жетекчилиги жаңы ачылган жагдай боюнча берген арызы да жогорку сотко чейин эки жолу барып, колдоо таппай келди. Жогорку соттун токтому мыйзамсыз болсо да, сотторго президент, парламент, прокуратура, улуттук коопсуздук органы эч нерсе кыла алышпайт. Кылгылыкты кылган судьяларга бир Кудайдын өзү эле жазасын бербесе, аларды эч ким жазалай албайт экен. Аларды жазалаганга мыйзам жол бербегенден кийин, судьялар асманды карап, кекирейип жүргөндөрү бекеринен эмес тура. Ушул кантип жакшылык болсун? Анан кантип соттордогу коррупция, паракорчулук жоюлсун? Сиздердин гезитке 2016-жылы «Сотттордун тескери чабылган союлдары» деген ат менен менин макалам чыккан. Анда алардын иштериндеги былыктар конкреттүү фактылар менен көрсөтүлгөн. Аларды деле соттор, аткаминерлер окушкан эмеспи, билбейм. Эч реакция болгон жок. Алтургай облустун чала сабат сотунун бири бүгүн Соттор кеңешинин тартип комиссиясына мүчө болуп алып, соттордун кетирген каталарын таап, аларды «тартипке салып» жатыптыр. Мына сага! Экинчиси, 1998-жылы Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» акционердик коомунун жетекчиси Надырбеков деген жаран Нарын шаарынын жетекчилигин аттап өтүп, Нарын районунун акимине тике кайрылып, анын буйругу менен “Нарын шаарынын жеринен автозаправкаларды курам” деп жер тилкесин мыйзамсыз алат. 2004-жылы курулушту аягына чыкпай туруп, эксплуатацияга берилди кылышат. 1998-жылы Нарын шаар башкармалыгы да жогоруда аталган жерден Балыкчы шаарындагы «Кыргызтрансавто» ишканасына автозаправка курууга жер берет. Ал курган курулуш 2000-жылдын 6-январь айында толук бүтүп, эксплуатацияга берилет. «Ала-Тоо» акционердик коомунун жетекчиси Надырбеков 1999-жылы да «Кыргызтрансавто» ишканасына жер маселеси боюнча доо артып, талаш облустун губернаторунун деңгээлинде чечилген экен. Ошондон бери эч көйгөй жаралган эмес. 2014-жылы Надырбеков автозаправкаларын сатайын деп аларман тапса, арзанга түшчүдөй. Анткени, ал жерди район мыйзамсыз берип, документтери такталган эмес да. Колунан баары келген Надырбеков кандайдыр жолун таап, шаар жерин берүүгө укугу жок райондун бийлигинин мыйзамсыз чыгарган буйругунун негизинде Нарын мамлекеттик каттоо органынан жерге менчиктиги жөнүндө акт алып, андан кийин догурунуп коңшу жайгашкан «Кыргызтрансавто» акционердик коомунун курулушу анын жерине кирип кеткен деп аларды сотко берип чырды баштайт. Мыйзамсыз соттук чечимдерди чыгаргандан баркы өсүп, кызматынан жогорулаган судья Эрматов (Батукаевди бошоткон) Надырбековдун да доо арызын карап, 2000-жылы «Кыргызтрансавто» акционердик коомунун мыйзамдуу курулган курулушун буздуруу жөнүндө чечимин чыгарып таштады! Судья Эрматовдун кадыр-баркын кара, өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүдөн баш тартуу боюнча аныктамасын чыгарып коюп, анан административдик ишти Жарандык кодекстин нормаларына таянып чыгарган чечими да жогорку инстанциядагылар үчүн «эч кынтыксыз» болуп колдоо тапты! Балким алар жердешчиликке салыштыбы же дагы бир билгендери барбы? Дегинкиси соттордун кылган кылыктарына айла жок экен. Соттордун мындай кылыктарынан кийин өз убагында «билерман» болуп, сотторду колдоп мыйзам жазып жүргөндөр эми алардын көрсөтчү кызыктарын түрмөдөн өздөрү көрүп, зыркырашып, азабын тартып, бармагын тиштеп “аттиң ай” деп жүрүшкөндүр.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *