Султан Урманаев, экс-министр: “Азыркы сот кызматы өтө жакшы “бизнес” болду”

Маектешим биздин гезиттин Балыкчы калаасындагы активдүү окурманы. Бир кездери губернатор, министр, депутат катары бир катар бийик постторду чеңгелдеп турган саясый ишмер бүгүн да коомдук иштерден оолак болбой, өлкөдөгү кырдаалга карата ар убак басылмабыз аркылуу калыс пикирин билдирип турат. Жыл жаңыраар алдында Султан аба менен адаттагыдай баарлашуубузду эл-журт алдында жарыя эттик.

— Султан аба, көздү ачып-жумганча жыл аяктап, жасалган иштер жыйынтыкталууда. Сиз баш калаадан алыс турсаңыз да биздин гезитти үзбөй окуйсуз. Жыл тогошоор алдында да адаттагыдай маектешүүбүздү баштасак дейм… Узап бара жаткан жыл элибизге, өлкөбүзгө саясый, экономикалык жактан кандай ийгиликтерди, өзгөчөлүктөрдү алып келди? 

— Менин бир жактырганым – үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болду. Башка жагынан болбосо да Көчмөндөр оюндары аркылуу Кыргызстаныбыз дагы бир топ башка мамлекеттерге таанылды. Экинчиси, албетте, кыргызды кыйла жерге тааныткан Улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын жакшы деңгээлде белгилениши болду. Экономикалык маселелер боюнча айтсам, ич жылытарлык деле жылыштарды байкаган жокмун. Баардыгы мурда кандай болсо, ошондой эле. “Иштебей токтоп турган ишканалардан кабар алайын, эмне көйгөйлөрү бар экен, маселе чечели” деп Бишкектен, облустан келген бир да жанды көргөн жокмун. Каякка барба, эки жээкке бөлүнүп алышып, бийлик өз арбайын согуп, кара башынын камын көрүп жүрөт. Эл болсо өз иши менен алек. Карапайым ишкерлердин тилеги эле иштеп жаткан иштерине бийлик жолтоо болбосо болгону. Дагы байкаганым: бийлик менен жарандар же жарандар өз ара жер, мүлк талашып, акыйкаттык издешип эле соттошуп, чыркырап жүргөндөр болду.

— Сиз жакында өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун журналисттер менен жолугушуусунда жана анын кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн сөздөрүн угуп, коомдогу, өлкөдөгү жаралган көйгөйлөрдү чечүү жаатында эмне жооп алдыңыз?

— Мага жакканы президенттин өз оюн так, ачык айтканы болду. Анын сөзүнөн кийин көп нерселер оюма келди. Тагыраак айтсам, Конституцияны өзгөртүүгө каршы экендигин билдирди. Курултай маселесине токтолуп, “аны деле парламент деп түшүнсөк болот, анын статусу жана иши мыйзам менен аныкталышы керек” дегени болду. Өзүңөр билгендей, президент буга чейин аны эл шайлаганын бир нече жолу айтып, мыйзамсыз чечим кабыл алган сотторго чара көрөрүн билдирип келген. Бирок бул саам: “Сот өзүнчө бийлик бутагы, президенттин аларга чара көргөнгө эч укугу жок” деди. Анын бул сөзүн мен түшүнбөй калдым. Кыргыз мамлекетинин Конституциясы боюнча биздин республика парламенттик деп аталат. Башмыйзам боюнча мамлекеттик бийлик бири-бирине баш ийбеген тең салмактуу төрт бутактарга бөлүнгөн: президент, парламент, сот жана өкмөт болуп. Мамлекетибиз парламенттик болгону менен өкмөт жетекчилери региондорго командировкага бара турганына чейин президент менен макулдашып, ага отчет берип жатышпайбы. Сүйлөгөн сөздөрүндө дайыма “президент өкмөткө мындай тапшырма берди, аны аткарышыбыз керек” деген сөздөрдү ачык айтып, тапшырма аткарылбаса өкмөткө кыйын болуп каларын кыйытып келет. Жоопкерчиликти моюнга алып иш алып баруу деген биздин өкмөттө башынан бери жок. Ал гана эмес, кыргыз өкмөтүнүн башында туруп, өтө коррупцияланган министрлик деп сындалып келген транспорт министрлигинин жетекчисин убактылуу кызматтан четтете албай президенттен көрсөтмө күтүп, кыйналып, уят болуп турганын көргөндөр бийликтин дарегине эмне деген гана сын сөздөрдү айтышпады. Анан кантип жогорку бийликтеги коррупциялык иштерди, анын алсыздыгын, жоопкерсиздигин көрүп турган эл бийликти сыйлап, ага баш ийет? Биздин мыйзамдарда мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын жетекчилеринин аракетинен же аракетсиздигинен юридикалык жактарга, жарандарга келген зыяндар ким аркылуу, кандай жолдор менен төлөнөрү так, даана жазылган. Бирок, аталган бийлик органдарынын аракетсиздигинен келген зыяндар төлөнүп, күнөөсү бар жетечилердин жазага тартылганы бизде болду беле?

— Соттордун иштери боюнча көргөн-билгендериңизди жалпылабай, мисалдатып айта кетсеңиз?

— Мен чынымды айтайын, сотторго жана алардын чыгарган сот актыларына ыраазы болгон адамдарды жолуктура элекмин. Адатта соттон уткандары сүйүнүш керек эле да. Бирок, алар деле “ай ушул соттор канча эзишип, канча канды ичип бүттү” дешип, нааразычылыгын айтып түгөтө алышпайт. Өткөндө элге белгилүү бейтааныш бир адам Жогорку соттун биринчи кабатынан жолугуп калып, мындай деп жатпайбы: “Учурунда бул имаратта кандай касиет бар эле. Бул жерде Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатов баштаган бир катар улуу, белгилүү адамдар иштешкен. Ушул жерден нечендеген мыктылар наам, сыйлык алып кетишчү эле. Атамбаев ушул сотторго алыс жерден эле башка бир имаратты берсе болбойт беле? Бул соттор иштеген жерге үч бээ союп, конокко чакырса келбейт элем! Иш чыгып айла жок келбедимби. Булардан жакшылык күтүүгө мүмкүнбү?” деп каңырыгы түтөп, сот боло электе эле нааразычылыгын залдагыларга айтып жатпайбы. Сот бийлиги башка бийликке көз каранды эмес. Соттордун чыгарган чечимдери “Кыргыз Республикасынын атынан” деп чыгарылат. Жогорку соттун кабыл алган чечимдери кайра даттанууга жатпайт. Ошондуктан, Жогорку соттун судьясы деген чоң, бийик кызматка турмуш тажрыйбасы бай, билимдүү, жеме укпай, ишин кынтыксыз аткарып жүргөн патриот, өтө таза адамдардын келиши керек эле. Тилекке каршы, биздин судьялардын көбү кыргызчылык менен тааныштык, тууганчылык же пара берип келгендер болуп калды. Кээ бирлери адамдардын тагдырын кой, өздөрүнүн тагдырын жөндөй албагандар болуп калды. Көрсө, мал багып, дыйканчылык кылып, мугалим болуп кыйналып, көк муштум болуп соода кылып жан бакканга караганда, бир топ адамдар үчүн сот кызматы өтө жакшы бизнес экен. Бизнес болгон жерде соттордон кайдагы акыйкаттык менен калыстыкты күтөсүң? Мен президенттин бир жылдан бери айтып келе жаткан сөздөрүнүн жетегинде кээ бир судьялардын чектен чыгып, эчак күчүн жоготкон мыйзамдардын жетегинде кабыл алган мыйзамсыз чечимдерин тиркеп, Кудайды тааныбаган, көпкөндөрүн тизгиндеп коюусун өтүнүп президентке, коопсуздук кеңешине бир нече жолу арыздар менен кайрылгам. “Президент кайсы бир күнү болсо да сотторду коркутуп коёт го» деген ишеним бар эле. Мен президенттен жок дегенде “эй, Жогорку соттордун судьялары, соттор, эл ишениминен кетип жатасыңар! Кудайдан корккула. Ишиңерде калыстык аз болуп жатат. Мени референдум өткөрүүгө мажбурлап жатасыңар. Эгерде соттор боюнча референдум өткөрүп калсам, эл «ишенбейбиз, кетсин» деп добуш беришсе, толук курамыңар менен кызматыңардан кетесиңер. Таза, так иштегиле!” деп коркутуп коёбу деп күттүм эле. Бирок, президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, сөзүн башкача айтып койду…

Менин бийликке кайрылууларымдын маңызы жөнөкөй эле болчу. Мисал катары айтсам, биздин мурдагы мыйзамдарда оор кылмыш кылган жарандарга өлүм жазасын колдонуу ченеми болгонун көпчүлүк билет. Анын күчү жоголгонуна көп болду. Ошого карабай, соттор бүгүн күнөөсү жок адамга айып тагып, кандайдыр бир себептен күчүн жоготкон мыйзам ченемин пайдаланып, аны өлүм жазасына тартып койду дейли. Ал чечим Жогорку соттон да колдоо таап, анын токтому менен бекилди дейли. Ал токтом акыркы жана даттанылбайт, анткени, мыйзамдын талабы ошондой. Андан кийин анын билимсиз жактоочусу өлүм жазасын колдонуу биздин мыйзамда жок экенин билип, жаңы ачылган жагдай менен ишти кайра кароого арыз берди дейли. Биринчи жана апелляциялык соттор “жаңы ачылган жагдай жок” деп кабыл алган аныктамаларын Жогорку сот токтом менен дагы бекитип койду. Андан кийин сотко нааразы болгон тарап президентке кайрылышты. Президент болсо  “мен сот ишине кийлигише албайм, мыйзам мага сот иштерине кийлигишүүгө жол бербейт” деп алаканын жайса, ага элдин реакциясы кандай болот? Жыйынтыгында, баштары жок болсо да соттор кабыл алган мыйзамсыз чечим аткарылып, «күнөөсүз байкуш эми качан атылат?» деп эл карап тура бериш керекпи? Мыйзам бузуу менен жасалган иштери үчүн президенттен баштап баардык бийлик адамдары жооп бериши керек. Кызыгы, Жогорку соттун судьялары мыйзамсыз кылган иштери үчүн эч кимге жооп бербей, жыргап-куунап оромпай тээп жүрө берсе болот экен. Бул кандай, ушул калыстыкпы? Мындай парадоксту жоюу үчүн президент менен парламент Конституцияга өзгөртүү киргизип, Жогорку соттун ишине жыл сайын баа бердирип турбаса болбойт. Ошондо эсирген соттор жок дегенде сестенишет беле деп ойлойм. Аз да болсо соттордогу паракорчулук азаймак.

Коррупцияга каршы региондордогулар, элеттиктер эмне иш кылып жатасыздар?

— Коррупцияга каршы иштердин жүрүп жатканын элеттен көрө да, уга да элекмин. Коррупцияга каршы ишти эл менен элге таянып алып барбаса болбой тургандыгын көптөн бери айтып келатам. Президенттин бир жылы ар кандай талаш-тартыш менен өтүп кетти. Өлкө башчы чукул арада чечкиндүүлүк менен алгылыктуу иштерди жасап, бийлик органдарындагы тартипти, ишти оңдобосо элдин колдоосунан чыгып калат го? Эми «шайлоо алдындагы программа, убада боюнча иштин жыйынтыгы кана?» деп эл бир жагынан, мурдагы президент жана анын жактоочулары экинчи жактан, оппозициясы үчүнчү жактан мамлекет башчыбызга доо талаптарды коё баштайт. Аны туш тараптан талашса, өлкө жетекчисинин иштөөсү кыйынга туруп калбайбы? Элдин колдоосу жок мамлекетти башкарыш оңой эмес. Ошондуктан, президент В.Путин да элдин колдоосун алуу үчүн күнү-түнү тыным албай безилдеп иштеп жүрбөйбү. Россиядай зор мамлекетиндеги көптөгөн көйгөйлөрдү анын президенти баш болуп, өкмөтүнүн, парламентинин жана «Элдик фронт» кыймылынын биргелешкен чечкиндүү кадамдары менен чечип, өз өлкөсүн ийгиликтүү жетектеп келатат. Маселени чечүүнүн мындай жолун карап, үлгү алса болбойт беле? Мамлекеттеги дагы бир чоң көйгөй – өкмөттүн атайын кызматынын ишинен пайда болгон көйгөйлөр. Бул кызматта иштегендерге сот да, суроо-сопкут да жок, өзүнчө бир жабык мамлекет болгондуктан булардын айтканы айткан, дегени деген. Соттор «кыңк» этпей алардын айткандарына макул болуп, чечимдерин чыгара беришет. Алардын ишин эч бир орган текшере албайт. Бул орган жогорку бийликке ким келсе, ошонун камчысын эч ойлонбой чаба берет. Ошонун кесепетинен кечээ эле парламентти жетектегендер, өкмөт башы болуп жүргөндөр, министр, депутаттар, бүгүн дубалдын ары жагынан Кудайга үнү жетип, кор болуп, акыйкаттыкты издеп, атайын кызматты соту менен кошо сөгүп, бекеринен чыркырап жатышпаса керек. Мен муну жөн эле айтып жаткан жерим жок. Анткени, ал кызматты иш боюнча жакындан билген жайым бар. Алардын арасында кызматтык карьера үчүн элине эмес, ата-энесине жакшылык кылбаган карьеристтерди четтен табасың. Бул кызмат да чоң реформага муктаж. Россиялыктар болсо эгемендүүлүгүн алганда эле атайын кызматын реформадан өткөрүп, түз жолго салып коюшкан. Мындан улуу коңшубуз зыян тарттыбы?

— Маегиңизге чоң рахмат. Жаны жыл алдында калыс позицияны карманган аксакал катары элиңизге эмне каалоо айтат элеңиз?

— Өткөн жыл жалпысынан элибизге жакшы жыл болду. Эң негизгиси, эл ичинде тынчтык болду. Дагы эле элибизге тынчтык, барчылык каалайм. Өлкөбүздүн экономикасы алдыга жылып, Кыргызстаныбыздын адилеттүүлүктү аркалаган, коррупциядан арылган, коңшулар суктанган өлкөлөрдүн катарына кошулууга бет алышын каалайм! Жеке өзүңө да, редакциянын жамаатына да бекем ден соолук, аманчылык, иштериңерге зор чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетмекчимин!

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ      

Булак: “Азия ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *