Сурамжылоо: “Арам жакка айдаган, пайда барбы арактан?”

 

«Аракка биздин ашказан,

Алынып калган капкачан.

Жарай берет калганы,

Жарымын кесип таштасаң» — ​деп улуу акын Байдылда Сарногоев аткандай, арактын түсү жылтыр, түбү чуңкур. Учурда кандай гана соода дүкөндөрү болбосун эң өтүмдүү товары спирт ичимдиктери. Аракты ичип канчалаган кырчын өмүрлөр кыйылып, канчалар ден-соолугунан ажыроодо. Спирт ичимдиктеринин айынан төбө чачты тик тургузган окуялар катталып жатат. Спирт ичимдиктерин чыгарган ишканалардын экономикага тийгизген таасири чоң деген менен коомго тийгизген терс таасирин көп сөз кылбай келебиз. Өлкөдө арак чыгаруу боюнча монополист деп «Аю» фирмасын атай турган болсок, бул фирманын бюджетке төккөн салыгы тууралуу гана кеп козгойбуз. Аны өлкөдөгү эң ири фирма деп мактап, көп тармактуу иштерди жүргүзүп, жумушчу орундарын түзүп жатканын айтып мактайбыз. Чыгарган арагы менен канча адамдын көз жашын төгүп жатканын эч кимибиз айта албайбыз. Бирөөлөрдүн көз жашын агызган атың өчкүр арак менен байлык топтоп, байлыгына манчыркагандардын дүнүйөсү адал болуп саналабы? Биз ушул маселеге кызыгып көрдүк.

Камчыбек Ташиев:

— Адамдардын көз карашы ар түрдүү, жашоонун нугуна карата өзгөрүп туруучу кубулуш эмеспи. Бирок арак боюнча өзгөчө кеп айтууга мажбурбуз. Себеби, арак адамдын акыл-эсин өзгөртөт, кемитет жана ыплас иштерге жетелейт. Ошондуктан мен бул кесепеттен такыр алысмын, Жаратканым бул кайгыга жакындата көрбөсүн.

Шайлообек Аширов:

— Негизи эле адам баласы үчүн “Арак” деген атың өчкүр жаралбай калса, канчалаган кырчын өмүр, канчалаган адам асылдары сакталып калмак. Ушул арак жөнүндө бир окуя уктум эле. Аракты алгачкы ойлоп тапкан адам биринчи абдан сүйүнүп, кубанып жүрчү экен. Аны ичкен адамдар кайгы-капаны унутуп, бири-бирине жакшы сөздөрдү айтып, эскини эстебей, алдыга койгон максаттары жөнүндө сүйлөшүп жакшы болуп калышчу тура. Ошентип ал адам абдан байып, жергесинде абройлуу адамга айланыптыр. Арадан аз убакыт өтпөй аракты ичкен адамдар бири-бирин өлтүрүп, уруш-талаш, зомбулук күчөп, адам акылына сыйбаган көрүнүштөр абдан көбөйөт. Аягында аракты ойлоп тапкан адам, абдан капаланып өзүн-өзү асып өлгөн экен. Азыр арак ичип үй-бүлөсүн таштап, көчөдө түнөп, ден-соолугун жеген адамдар аябай көп катталып жатат. Эми баардык пенделерге Кудайым насип берсин. Ал атың өчкүрдү ичпей, чыгарбай эле койсо дурус болмок.

Усман Садыков:

— Арак жөнүндө айтсам, диний аалымдарыбыз «адамдын ден-соолугуна зыян келтире тургандын баары харам» деп айтып кетишкен. Аллах-Таала бул нерселерден тыйган. Демек, Жараткан тыйган нерселерди чыгара берүү ага каршы чыккандык болуп эсептелет. Арак саткан, ташыган, чыгаргандын баары бир жаамат. Алардын күнөөсү да ошондой болот. Арактын пайдасынан зыяны көп. Кыямат күнү баарына жооп берет. Эгерде бир адам арак саткан болсо, аны канча адам сатып алып ичкен болсо, ичип алып зыян тийгизе турган иштерди жасаса, ошол саткан адам өтө чо-оң күнөөгө батат. Бул арам нерседен алысташ керек. Ооба, аракты чыгарып, сатып байып жатат. Алар байый берет, аларга Кудай бере берет. Бирок ал «арам» болот. Мындан байыган адамдар убактылуу жыргап маашыркашы мүмкүн. Бирок акыретте сурагы жаман болот.

Назарбек Нышанов:

— Шарыятта аракты арам деп коёт. Бирок медицинада спирттин көп пайдалары бар. Медицина 200 жылдан бери спиртсиз бир дагы ишин жүргүзгөн жок. Себеби спирт микробторду өлтүрөт. Ошону менен адамдын өмүрүн сактап калууга болот. Кээде адамдарды спирт менен дарылаган да учурлар болот. Эгерде муну чени менен ичсе көп пайда жактары да бар. Бирок, биздикилер ашыкча ичип алып жатышпайбы, андан ооруга айланып кетип жатат. Аракты көп иче бергендик акыры кембагалчылыкка алып келет, үй-бүлө бузулат. Ал эми ошону сатып араккечтердин көбөйүшүнө шарт түзүп жаткандар, тозоко түшөт. Негизи эле ачууну сатып байыган адам эч качан жарыбайт. Мындай адамдар өзүнүн кылган иштерине тообо кылып, Кудайдан көп кечирим суроо керек. Ал эле эмес, мен андай адамдардын бийлике келишине да каршымын.

Нурзубек Бакиров:

— Бабаларыбыз байыртан эле жаман адаттардан алыс болуп, урук-тукумуна доо кетирбеген нерселерди жасоого, өздөрүн жаман аттыга калтырган көрүнүштөргө каршы туруп келишкен. Азыр Кыргызстанда ушул сиз айткан арак, тамеки сатуу эң кирешелүү тармак. Муну тана албайбыз. Эгерде дүкөн иштетем десеңиз тамеки, араксыз соодаң да анча жүрүшпөйт. Бирок акыркы мезгилдерде жакшы жаңылыктарды угуп жатам. Аракка талак берилип айылдарда талкалап, өрттөп жаткандарын айтып жатышпайбы. Мисалы, Алайкуу деген жерде ошондой иш чара болгонун интернеттен көрдүм. Мындай окуялар көп катталууда. Мындай иш чаралар жакшы, бирок ошол нерсе чыгып жаткан тамырын кыркыш керек. Болбосо канча талак берсек деле анын чыккан жерин бүтөп койбосо ал аракеттин баары бекер. Эми мен аракты чыгарган, саткан, аны ичип ит жиндилигин салган адамдарга эч кандай сын пикир айта албайм. Кудай баарыбызды карап турат. Негизи андай жаман жол менен келген байлыгың деле буйруп жукпайт. Анан калса, бул беш күнчүлүк жашоону азыркы адамдар түбөлүктөй тутуп, акыретти ойлонбой калбадыкпы.

Чыныбек Абдишов:

— Менин көз карашым аракты чыгарып, андан байыган адамдарды билбесем да карандай бирөөнүн убалына, бирөөнүн каргышына калып жатат деп ойлойм. Буйруса эл түшүнүп, арак эмне экенин билип калды көрүнөт. Бул түгөттү диний чөйрөдө же жөн эле адам болсун жада калса ичип жүргөн адамдар да, анын чыгышына, сатылышына каршы чыгат. Саткандарга каршымын, чыгарбай деле койсо жакшы болот. Айылдарда арак саткандарга тыюу салып жатыптыр. Эң туура, мен дагы аны колдойм. Аксакалдар, айыл тургундары биригип баардыгы ушу ишти колдош керек деп ойлойм.

Бакыт Абазбеков:

— Спирт ичимдиктерин сатып, пайда көрүп аткандарга катуу айтуунун кажети жок. Анткени, суроо-талап болгондуктан сатып, соодагерчилик ишин жүргүзүүдө. Биз өзүбүз аракты ичпей, сатып албай койсок баардык соодагерлер сатпай, даярдоочулар чыгарбай калмак. Ошондуктан аларды күнөөлөөдөн мурда, ичкен соң жаман иштерге алпараарын жутаардан мурда сезели да. Баардык нерсе өзүбүздө жатат. Жалпы жолунан ичимдикке абдан каршымын.

Мыктыбек Арстанбек:

— Алар өздөрүнө өздөрү кесепет издегендер. Алардын бизнеси, тапкан каражаттары дагы башка жетишкендиктери чынында ийгилик эмес. Алар кандай ойлошпосун, алардын бүт тапкандары болгону кесепет.

Руслан Бекназаров:

— Учурда, бүгүнкү күндүн талабына ылайык пайда табыш үчүн ар кандай жаман жолдорго барышууда. Ошол арак чыгарып, арак сатып жаткан адамдар деле анын зыяндуулугун жакшы билет жана өздөрү андай зыян кылууга баргылары келбейт. Бирок, пайда табуу максатында спирт ичимдиктерин чыгарышууда. Куранда Аллах-Таала “Арамдан жакшылык издебегиле! Андан тапкан пайдасы дагы, көрүп жаткан жыргалчылыгы дагы убактылуу болот. Бирок, бир күн анын арты кайгыга айланат” деген. Ошон үчүн аны өндүрүп жаткандарга катуу эскертүү бериш керек. Бир эле анын зыяндуулугу эмес, Аллах-Тааланын алдында өтө чоң каргыш бар деп. Эми биз демократиялуу өлкөдө жашап жаткандан кийин ар ким өзүнүн билгенин жасай берет экен. Ошон үчүн ага тыюу салганга мыйзам жок болгон соң кутуруп жатышат да. Муну түшүндүрүү иштери менен гана токтотпосо, ага каралган атайын мыйзам да жок.

Бейшенбек Бекешов:

— Мен илгертен эле спирт ичимдиктерине каршымын. Анын элге, коомго зыяны тууралуу айтып зарылдыгы жок. Өзүнөн өзү түшүнүктүү. Арак сатып жыргап кеткен кишини деле көрө элекмин. Арам бизнес акыры бир жериңен тешип чыгат. Биздин коом үчүн, кыргыз эли үчүн арак ичпөө — ​ыймандын жарымы, балким андан да көбү. Арак ичпеген кишинин мээси туура иштей баштайт да, өзү эле акылга, адеп-ахлакка сыярлык иштерди жасап кирет.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *