Суунун башында Кыргызстан тургандан кийин шартты Өзбекстан эмес, Кыргызстан коюшу керек

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоого алаарын 5-сентябрда Бишкекте мамлекеттик сапары учурунда жарыялады. Ал өз сөзүндө: «Биз ар тараптан – каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени ал бизге керек. Эгер биз чындап эле мамилени жандантпасак тарых кечирбейт. Биз муну акыл калчап, ойлонуп жасашыбыз керек. Эгер биз муну керек болгондой жасасак, бул эки өлкөгө тең пайдалуу болот», – деп айтты. Бул жагдай Өзбекстан менен суу жана гидроэлектрстанциясын курууга болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачылганын билдирет. Бирок Кыргызстан Өзбекстан менен Борбордук Азиядагы эң ири долбоор саналган Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип кура турган болсо, өлкө кызыкчылыгына төп келген шартта гана макулдук бериш керек. Анткени Өзбекстан президенти Мирзиёев ГЭС-ти курууга макул болуп жаткан менен анын шарттары туурасында ачык көз карашын билдирген жок. Азырынча Кыргызстанга кандай талап коюлат, өлкө кызыкчылыгы корголобу, макулдашуу кандай шартта ишке ашат белгисиз. Демек,.Камбар-Ата-1 ГЭСи курула турган болсо Кыргызстан кандай шартта болгон күндө да суу-энергетикалык балансты өзүнө кармап туруш үчүн, ГЭСтин 70%, болбой калды дегенде 51% акциясын өзүнө алыш керек. Себеби, суунун башында Кыргызстан тургандан кийин шартты Өзбекстан эмес, Кыргызстан коюшу керек.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *