Суусамыр жайлоосун алтыганадан сактап калуу керек

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев алтыгана бадалы басып кеткен Суусамыр жайлоосун сактап калуу маселесин көтөрдү. Бокоевдин маалыматында 500 миң гектар аянтка жакын Суусамыр жайлоосунун 100-150 миң гектарын отоо деп саналган алтыгана кара бадалы басып кеткен. Ал учурда же кол менен жулуп чыгууга же химиялык жол менен тазалоого каражат бөлүнбөй жатканына нааразычылыгын билдирди.

Ошондой эле Суусамыр жайлоосу аркылуу өткөн кан жолго, андан ары кетүүчү Суусамыр-Талас-Тараз жолуна дагы көңүл бурулбай жаткандыгын белгиледи. “Курулушу узарып кеткен бул жолдун аягына чыкканча, сапатсыз курулган жерлери тешилип бүтмөй болду”,- дейт Кенжебек Бокоев.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *