Сузак районунда белгисиздер үйлөрдүн бирине кирип, тургундарын уруп сабашкан

2017-жылдын 30-декабрына караган түнү саат 04.00 чамасында Сузак РИИБнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө, Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азиз айылынын тургундары тарабынан “Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн биринде белгисиз кылмышкер мыйзамсыз түрдө киришип, ошол үйдүн тургундарын уруп, ден-соолугуна жарат келтиришип, окуя болгон жерден качып кеткен” – деген кабар келип түшкөн. Бул туралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Ошол замат Сузак РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган  учурда, 30-декабрына караган түнү саат 03.00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз кылмышкер мыйзамсыз киришип, ошол эле үйдүн ээси 1956-жылы туулган С.Т, аялы 1964-жылы туулган С.Хны жана, кызы 2002-жылы туулган С.Мны

темирден жасалган мык сууругуч менен жана күрөк менен бети-башына, денелерине уруп, үйүнүн ичинен баалуу буюмдарды издеп чачып, таба албагандыктан окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.

Натыйжада, үй ээлери денелерине оор жарат алышып, Сузак аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюм алынып тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган окуя боюнча КР КЖКнын 168-беренесинин (каракчылык) 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБнын Криминалдык милиция кызматы жана Сузак РИИБнүн кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, кылмыштын бетин ачуу жана кылмышкерди кармоо максатында ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, 4-январь күнү Сузак районунун Кайрагач айылынын тургуну  1995-ж.т БМ., жасагандыгы аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми 3-январда жабырлануучу үйдүн ээси 1956-жылы туулган С.Т, алган жараатынан улам өзүнө келбестен ооруканада каза болду.

Алдын ала тергөө убагындагы кылмышка шектүүнүн өз көрсөтмөсүндө, буга чейин жабырлануучу аялдын ортосунда аласа-береседен калган акча каражатынан чыккан чыр чатак бардыгын билгизет.

Аны менен катар кылмышка шектүүнүн жакынкы аймактагы мурда катталган 4 уурулук фактыларына катыштыгы бардыгы далилденди. Ошондой эле бул атуулдун мындан башка кылмыштарга тиешеси  бар же жоктугу боюнча да ыкчам-тергөө амалдары уланууда

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *