Сузактагы автокырсыктан улам үч адам көз жумду

Бүгүн, 9-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караган Беш-Бала деген айылда унаа кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  “Фольсваген Вента”  жана “Хундай Кари” үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкан. Жыйынтыгында 3 адам каза таап, 3 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып каза болгондор менен жабыркагандарды Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *