Свердлов РИИБнин кызматкерлери ээнбаштык кылган жаранды кармашты

Свердлов РИИБи Г. Юлдашеванын сабалганы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 29-ноябрь күнү болжол менен түнкү саат үчтөр чамасында “Каныбек” аттуу жаран ээнбаштык менен коомдук тартипти бузуп, Таймырская көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин терезесин талкалап, Ю.Г. аттуу жабырлануучуну сабап, денесине оор жаракат келтирген. Андан соң, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Ю.Г. аттуу жабырлануучу болсо Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу улуттук госпиталга жеткирилип, денесине алган оор жаракатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (ээнбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн өздүгү жана кайда жүргөндүгү такталып, 5-декабрь күнү кармалган. Ал 1985-жылы туулган Б.К. аттуу жаран болуп чыккан.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *