Света Орозова, Замирдин жубайы: «Чыныбай Турсунбеков келип, мага “Света бул кызматтык үй. Бошотосуңбу? Эгер бошотпосоң милицияга берем” деп айтты”

— “Кырчын” турбазасында кайнатам кароолчу болуп иштечү. Кийин кайнатам ооруп кароолчулукту жолдошум Замир Савданбековго өткөрүп берген. Мындан улам биз үй-бүлөбүз менен аталган турбазага 1991-жылы көчүп барганбыз. Жолдошум Замир 1991-жылдан 2013-жылга чейин “Кырчын” турбазасында иштеп, 2013-жылы каза болуп калды. “Кырчын” турбазасынын жетекчилери Жолдошум Замир көзү өтүп кеткенден кийин ага куран окутуп келишкен жок. Жардам да көрсөтүшкөн жок. Бир күнү  кароолчунун үйүндө жашап жатсам, Чыныбай Турсунбеков келип, мага “Света бул кызматтык үй. Бошотосуңбу? Эгер бошотпосоң милицияга берем” деп айтты. Үйдө кудагыйларым отурган. Чыныбайдын бул сөзүн угуп аябай жаман болдум. Кожоярдын жаш балдары менин инилерим болот. Алар жолдошум каза болор менен эле турбазага барышып, ары-бери жагын карап, Чыныбай менен кайтаруу боюнча келишимин түзүп жүрүшүптүр. Анан алар бизге жашоо бербей электр жарыгын өчүрүп салышты. Айла жок, бул жерден көчүп кеткенге туура келди. Башында кайнатам турбазада иштеп жүргөндө 3 адам 3 “смена” менен иштеп, үчөө тең айлык маяна алчу. “Кереге” ААК турбазаны сатып алгандан тартып бир адам күнү-түнү дем алышсыз иштеп, бирок аз гана каражат алчу. Ал каражат да тамак-аш, ун менен төлөнчү.

Булак: “Эл деми”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *