Таабалды Тиллаев парламенттик оппозициядан бийликке кеткени үчүн ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин төрагалык кызматынан кетти

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тиллаев спикердин атына тармактык комитеттин башчылык ыйгарым укуктарын токтото тургандыгы тууралуу кат жолдоду. Бул тууралуу депутат комитеттин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Мыйзамга ылайык, Бюджет жана финансы боюнча комитетти оппозициянын өкүлү жетектөөгө тийиш. «Жакында «Республика – Ата Журт» фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына кирди. Мен ошол фракциянын мүчөсү болгондуктан, өз ыйгарым укуктарымды тапшыруу чечимине келдим», – деди ал.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *