Таабылды Тиллаев, депутат: Курманжан энебиздин өз эмгеги бар

– Таабалды мырза, комитетте мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам талкууланып жатканда, сиз айрым ордендердин макамына макул эмес экендигиңизди билдирдиңиз. Ошону чечмелеп бере аласызбы?

Бир топ депутаттар демилгелеп, улуу агабыз Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделди. Бирок, ордендердин статусун, иерархиясын караганда, ал «Манас» орденинен кийин эле, башкача айтканда, «Курманжан датка» орденинен жогору турган сыйлык катары сунушталып атат. Мен ошого каршы болдум. Манас атабыздын, Курманжан энебиздин ар биринин өз тарыхы, кыргыз мамлекетин түптөөгө кошкон өз эмгеги бар. Чыңгыз абабыз да жазуучу катары кыргызды бүт дүйнөгө таанытты. Бирок, ошондо деле Айтматов орденин «Курманжан датка» орденинен жогору коюп койгонубуз туура эмес болуп калат. Анан орден кимдерге жана кандай эмгеги үчүн ыйгарылары так көрсөтүлүүгө тийиш. Бул сунушту демилгечи депутаттар да туура кабыл алынггы.

– Жаңылбасам, Исхак Масалиев айтты окшойт, «Айтматов атындагы сыйлык бар эле, эми орден да негизделип атат. Ошондуктан, сыйлыкты жоюп эле салыш керек» деп. Бул сунушка не дейсиз?

– Эгер биз орденди кабыл алсак, анда сыйлыкты жоюш керек. Себеби, ордендин макамы бийикда. Сыйлыктын ордуна орден берилгени эле туура болот.

Редакциядан: Курманжан датка эски доордогу күйөөсүнүн мурасын уланткан, бир өрөөндүн башчысы болсо, Чыңгыз Айтматов бүтүндөй дүйнөгө руханий азык берген, эбегейсиз акыл-насааттары менен эл аралык деңгээлдеги ойчул катары калганын Тиллаев билбесе, анда өзүнүн шору! Башка сөз жок!

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *