Таалай Жапаровдун “жаалы” катуу го

Көрсезим, түркөйлүк адамзатынын айрып алгыс кемчилиги. Муну билип турган акыл-эстүү эле адамдар айрым учурда так ушулардын сыйыртмагына илинип кала беришет. Анткени алардын көзүн амбиция деген «май» басып алат тура. Айталы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалай Жапаров ушу тапта Кудайын тааныбай тайрандап турган убагы. Убактылуу кызматтык даража менен адамгерчилик, абийир дегендерди чүмбөттөп салган Жапаров мыйзамыңды да уруп ойнобой кал­ган өңдүү. Эсеби маселен, абактагылардын тамак-ашы ар убак тендер менен алынаары бышык. Дегеле, бүгүнкү коомдо бардык нерсе тендерлешип калбадыбы. Мындай учурда жетекчилер үзгүлтүксүз келип турчу «жеминен» айрылып, тендердин да эбин табууга белсенишкен өңдөнөт. Айталы, Жапаров мыйзамдуу тендерди жактабастан, «мен тандаган киши гана тендерден утат» деп тескери сүйлөп, айтканын аткарбаган кызматкерлерин Ормон опузага алып, астын кызматтан кетирүүгө чейин барып жатканы эмнени айтат? Же бул кызмат Таалай мырзага атасынан калганбы? Мамлекетти кызматта олтурган соң мамлекеттин мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу шарт эмеспи. Анын чегинен бир бутун чыгарып алып шанаңдагысы келген Жапаровдун жаалы ким токтотот?

Булак: “Де-Факто”

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов "Жаңылыктар КМ" гезити says:

    Биринчиден, адамды күнөөлөөдөн мурда сен өзүңдү ошонун ордуна коюп көр. А балким,
    ал киши мурунку өткөрүлүп келген тендерлердин көмүскө жагын байкап калган чыгар? Биз бир “оору”дан айрыла албай келебиз. Реформа кылайын деген кайсы жетекчи болбосун “баса” калабыз. Же ошол кызмат боюнча түшүнүгүбүз болсо экен. Мен ал кишини тааныбайм. Бирок,жетекчи деген бүт милдетти моюнуна алгандан кийин ага толук жооп бериш керек. Ал эми жооп бериш үчүн, өз милдетин толук аткарыш керек. Ал эми толук аткарыш үчүн, коркпой-үркпөй көзү жеткен ишти жасаш керек. Ал үчүн, Мен, Сен, Асан-Үсөндөр аткарбайт жана жооп бербейт. Ошондуктан ким кандай иштейт ал өз жөндөмүнө жараша.Албетте сын керек. Сын айткан киши ошол кесип боюнча адис болуш керек. Жок жерден адамды күнөөлөй бериш, бул өзү кудайга да жакпаган нерсе. Бирок, тааныбаган кишинин кудайды тааныбай турганын кайдан билебиз? Же, кудай мени тааныбай калды -деп анын үстүнөн арыздандыбы?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *