Таалатбек Масадыков, эксперт: “Эми кыргыздар “Таблиги жамаат”, “Салафит,” “Вахабит” болуп бөлүнсөк кайда барабыз?”

(Уландысы. Башталышы мурунку санда)

Биз чындыгында аябай эле кечиктик. Бирок кеч болуп калды-деп отура бербей диний аалымдардын, өкмөт мүчөлөрүнүн, коомдук ишмерлердин, интеллигенциянын, медиа өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек столдорду өткөрүп чара көрбөсөк мамлекеттин, Кыргыз Элинин келечегине чоң коркунуч алып келиши мүмкүн го.

— Албетте, андай тегерек столду мындан он-он беш жыл мурда өткөрсөк жакшы болмок. Азыр эми тегерек столдо талкуулоо менен бирге, башка иш-чараларды да өткөрүүбүз зарыл болуп калды. Айткан сөзүбүз менен аткарган ишибиз дал келиши керек. Мына өзүңүздүн эле УКМКда, ИИМде, ТИМде, Чек ара кызматында иштеген тааныштарыңыз бар да, ошолор менен сүйлөшүп көрсөңүз, ич-ара сүйлөшкөн сөзү, сизге айткан ой-пикири такыр башка да, аткарган иши таптакыр башка. XXI кылымда дүйнө коомчулугу атайын конференцияларды өткөрүп, эл аралык терроризмдерди Ислам динине байланыштырып келе жатпайбы. Мен ага кошула албайм. Аны терең анализдеп карап көрсөң, терроризмдин көп себептери бар. Эгер аны иликтеп, терең анализдеп айтам десең башка бир кишилерге жакпайсың. Бул анализдеп, бүт баарын ачыкка чыгарып, террористтерге шарт түзүп берип жатат дей тургандар да жок эмес.

Маселен, террористтик уюмдарга түшүнбөстүктөн кирип кеткен жаш балдар абдан көп. Анткени, биринчиден жумуш жок, жеткиликтүү билим жок, өкмөт тарабынан көзөмөл жок, молдолорубуздун абалы жогоруда сөз кылгандай өзүлөрү бир пикирге келе албай жүрөт. Ошол боштукту, вакуумду пайдаланып террордук топтун тымызын өкүлдөрү келип, оңой эле жетелеп кетип жатат. Иракта, Сирияда же Афганистанда согушуп жаткан террористтик топтун өкүлдөрү менен сүйлөшүп көрсөң, алардын да пикири ар башка. Бирөө айтат: “менин үй-бүлөөмдү өлтүргөн ошон үчүн өч алып жатам”- деп. Экинчиси: “Менин мамлекетиме башка мамлекеттин армиясы бастырып кирип алды, мен ошон үчүн согушуп жатам”- деп. Үчүнчүсү: “Биз Ислам шарияттары менен жашап жатсак, кафурлар кирип алып башты айлантып жатат, ошолордон өз элимди бошотушум керек”- деп айтат. Дагы бирөө: “жөн эле акча табышым керек, башка жумуш жок, үй-бүлөөм ачка отурат”- дейт, мына ушундай түрдүү пикирлерди угасың.

Ошондуктан коомчулукка, өзгөчө жаштарга түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүшүбүз керек. Биздин молдолордун айткан сөзү жакшы. Бирок билим деңгээли жеткиликтүү эмес. Көпчүлүгү айылдык ар-кандай кичинекей медреселерден билим алышып, ошону менен чектелип кала берген. Анан ошол билими менен бир айылдын элин башкарып, чала-моңол түшүнүгү менен Ислам динин жайылтып келе жатат. Бир айылга молдо болуш үчүн 18 жаштагы бала эмес, жок дегенде 25 жашка толгон, көз карашы калыптанып калган, ислам дининен терең билим алган аалым адам болушу керек. Айылдын молдолорун өкмөт жеке көзөмөлгө алып, атайын салттуу Ислам институттарынан билим алган, илимдүү диний аалымдарды молдочулук кызматтарга коюп, нукура салттуу ислам дини менен жашаганды үйрөтүшүбүз зарыл.

— Бекер оокат жок эмеспи, азыр бейөкмөт уюмдар боюнча да талаш маселелер күчөп кетти, ушул багытта да ой бөлүшө кетсеңиз.

— Бейөкмөт уюмдардын биздин мамлекетке пайда алып келип жатканы да бар, ошол эле учурда зыян алып келип жатканы да жок эмес. Диний уюмдар же башка мамлекеттер атайын Кыргызстан үчүн акча каражатын бөлүп берген болсо, алардын түпкүлүгүндө сөзсүз бир көздөгөн максаты болот. Бекер эле эч ким акча каражатын бербейт. Ошондуктан Кыргыз өкмөтү өзүнүн приоритетин аныктап көрсөтүп бериши керек. Бейөкмөт уюмдары болобу, бейкоммерциялык уюмдары болобу кайсыл мамлекеттен келбесин, мейли Америкадан, мейли Россиядан келсин, ошол уюмдун өкүлдөрүнө мамлекеттин приоритетин көрсөтүп, мына биздин сиздердин уюмдар менен иш алып бара турган негизги багытыбыз ушул, мына ушул рамкадан чыкпай иштешсеңиздер гана биз макулбуз, эгерде Кыргызстандын ички мыйзамдарын бузган учурлар кездешсе мыйзам алдында жооп бересиңер-деп өкмөт мыйзам чегинде өзүнүн талабын коюшу керек да.

Эгерде алар келип алып, жок биз бул багытка жардам бере албайбыз, биз сиздерди демократияга гана үйрөтөбүз… – десе, анда ачык эле айтыш керек. Жок, сиздердин программаңыздар Кыргыз өкмөтүнүн приоритеттерине туура келбейт экен. Биз сиздер менен иштеше албайбыз, сунушуңуздарга рахмат-деп киргизбей койсо болот да. Биздин өкмөт мүчөлөрү БӨУ менен кандай тартипте иш алып барат. Мейли эмне кылса ошону кыла берсин, эптеп бизге да бир аз акча берсе болду-деген принцип менен иштеп жатышпайбы. Бул деген демократияны түшүнбөстүк. Демократия бул эң биринчи тартип. Ошол тартипти түшүнбөстүктөн ушундай бейтартип кадамдарга барып, анан кайра бейөкмөт уюмдарын жамандап отурабыз.

БӨУун Кыргызстанга ким киргизген? Кыргызстан өзүнчө эгемендүү мамлекет болгон соң, анын чек арасы, Конституциясы, мыйзамдары, жүргүзгөн ички жана тышкы саясаты бар да. Бейөкмөт уюмдарынын баары эле биздин мамлекетибизге каршы иш алып барып жатат дегенден алысмын. Бирок, биздин мамлекетибиздин приоритетине туура келбеген БӨУы да жок эмес. Алар атайын демократиянын терисин жамынып алып, башаламандыктарды уюштуруп, жаңыдан түптөлүп келе жаткан мамлекетибизге залакасын тийгизип жатышы толук ыктымал. Ошондуктан аларды да КРнын өкмөтү көзөмөлгө алуусу зарыл. Мамлекетибиздин кайсыл багытын алып карабайлы башаламандык байкалат. Мына ошонун өзү анархия деп аталат. Ким эмне кааласа ошону жасай берсе болобу? Демократиянын чордону деп аталган Америкада бир БӨУ АКШнын ички мыйзамдарына каршы иш жүргүзө алабы? Аны талкуулап отурбай, ошол эле саатта мыйзам чегинде чара көрөт. Кыргызстан ачык мамлекет болушу керек. Кыргызстандын тышкы саясатынын стратегиялык приоритетине дал келген мамлекеттердин баарысы менен өнөктөш болуп дипломатиялык мамилелерди түзүшүбүз зарыл.

— Кыргызстандын саясый экономикалык абалына бир аз токтолуп өтсөңүз. Кыргызстан сууга бай мамлекеттердин бири катары айтылып келет. ГЭСтер аркылуу электр энергиясын өндүрүп келебиз. Андан сырткары Кыргызстанда уран бар эмеспи, мына ушул ресурстарды жаңы технологиялар менен иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр барбы?

— Азыр жаңы бир ачылыш жасоонун зарылчылыгы деле жок. Дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрсөк, ар бир багыттын өзүнүн пайдалануу жолдору бар. Жеке менин пикиримде алтын болобу, уран болобу, суу болобу, көмүр болобу дегеле Кыргызстандын кен байлыктарын менчиктештирүүгө мамлекеттин жол берилгени туура эмес. Кыргызстандын кен байлыктары мамлекеттин менчиги болуп калышы зарыл деп билем. Буга мисал катары Норвегияны же Кувейт мамлекеттерин алсак болот. Аларда кен байлыктарды мамлекет өзү гана казып иштетип, сатып, андан түшкөн кирешени өндүрүш тармагына жумшап, андан арткан кирешени жалпы калкына бөлүп берет. Эмне үчүн ушул ыкманы колдонсок болбойт.

Маселен, “Кум-Төрдү” алып карайлы. Эмне үчүн “Кум-Төр” ошол Жети-Өгүз районуна же Ысык-Көл облусуна гана каражат бөлүп бериши керек? Эгерде мамлекеттин балансында болгондо жалпы Кыргызстандын калкына жардам берсе болмок да. “Жер-Үй,” “Солтон-Сары,” “Терек-Сай” жана башка алтын кендеринде деле мына ушундай көйгөйлөр жок эмес. Жеке менчик ишканаларга кен байлыктарды сатып жиберип, анан ага келген инвесторлорду ошол аймактын эли киргизбей чатакташып жаткан фактылар жок эмес. Анын кесепетинен чет элдик инвесторлор Кыргызстанга келбей калган учурлар да кездешип жатат. Андан көрө мамлекет өзү ээлик кылып, чет элдик инвесторлорду чакырып, алар менен бирдикте мамлекет аралык келишимдердин негизинде казып алган байлыкты ар бир жаранга бир сомдон болобу, миллион сомдон болобу ай сайын же жыл сайын бөлүп берсе ким каршы болот?! Мына ушул сыяктуу элге да, мамлекетке да, чет элдик инвесторлорго да пайдалуу толуп жаткан дүйнөлүк тажрыйбалар бар. Аны эмне үчүн колдонууга болбосун. Бул маселени көтөрүү Жогорку Кеңештин депутаттарынын милдети болчу. Тилекке каршы, депутаттардын деңгээлин көрүп жатпайбызбы…

Мен мурда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндө, карапайым эл мамлекеттик жетекчилерди жөн гана түшүнгүсү келбей, мына ошонун негизинде башаламандыктар келип чыгып жатабы… – деген бүдөмүк ойго да кабылчу элем. Көрсө, чындап эле Кыргызстандын 25 жылдык тарыхында мамлекеттин бүтүндүгү, элдин келечеги үчүн иштеген жетекчилер сейрек болуптур. Алыс барбайлы, мамлекетибиздин борбору болгон Бишкекти шаар деп айтууга болбойт. XXI кылымда эч бир эгемен мамлекеттин борбор шаары мындай абалда эмес. Бишкекти учурда шаар тибиндеги чоң кыштак деп айтсак болот. Борбор шаарыбыздын деңгээли абдан төмөн түшүп кетти. Биз билгенден согуш бүтпөй келе жаткан Афганистандын борбор шаары Кабул да Бишкекке караганда алда канча өнүккөн. Буга жеке эле Акаев, Бакиев, Отунбаева же Атамбаев кунөөлүү эмес. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн, жалпы коомчулуктун да күнөөсү бар.

Элдин менталитети бузулду. Мектептерди караңызчы. Окуучу балдар кылмыш дүйнөсүнүн жаргондору менен сүйлөшүп калды. Мектептерге кылмыштуу топтун элементтери кире баштады. Окуучу балдар “общякка” акча чогултуп, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө берет экен. Эч качан оюңа эмес, түшүңө кирбеген терс көрүнүштөр, Жер шарында кездешпеген көйгөйлүү маселелер Кыргызстанда болуп жатат. Кыргызстандын ички абалы өтө жаман акыбалга келип калды. Расмий маалыматтарды уксаңыз, КРнын өкмөтү баарын укмуш аткарып жатабыз-деп отчёт берип отурушат. Мектептеги абал кылмыш дүйнөсүнүн элементтери менен жөнгө салынып калгандан кийин башка бир орчундуу маселе жөнүндө сөз кылбай эле койсок болот го дейм.

Мектеп деген ал билимдин алтын бешиги. Мектеп-ыйык жай болушу керек. Ал жерде эч качан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү өзүлөрүнүн мыйзамга сыйбаган эрежелерин жүргүзүүгө укугу жок. Ага жол бергендер да кылмыш жообуна тартылууга тийиш. Мамлекет башчылар кимдер менен сүйлөшүп, кимдерден отчёт алып жатат билбейм. Мамлекеттин келечеги Кыргызстандын мектептерине көзкаранды. Ошондуктан КРнын өкмөтү мектептерге терең маани берип, көңүл бурууга тийиш. Өкмөт башчыларга аткаруу бийлиги отчёт бергенди шоуга айлантып алышкан. Бүт жасалма, рол аткаруу менен отчёт берип көнүп алышыптыр. Отчётун угуп туруп, өкмөт башчы өзү барып, аткарылып жаткан жумуш менен жеринен танышып, эгерде берген отчёту менен аткарган иши дал келбей калса, ошол жетекчини мыйзам чегинде жоопко тартканда, бат эле мамлекетте бекем тартип орномок.

Тарыхта деле увазир болгон, Хан болгон. Хан увазирди угуп, бирок өзү да дербиштин кийимин кийип алып, карапайым элдин турмушу менен таанышып чыккан го. Бүгүн антип Дербиш болуп аралабасаң деле, мамлекеттик эмес ММКлардан, Интернет сайттардан, социалдык тармактардан, окуп, көрүп маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бар го. Мамлекет башчы дежур аким, губернатор, министрлердин шөкөттөлгөн жасалма отчётторун угуп отура бербей чыныгы элдин турмушу менен жакындан танышуусу зарыл. ИИМ 90–95% коррупциялашып кеткенин коомчулук ачык эле айтып жатат. 5–10% тазараактары бар. Чыны таза милиционерлер иштей албай, жумушун таштап кетип калды-деп карапайым эл кеп кылып жатат. Эл айтып жаткан соң, бул сөздүн да чындыгы бар-деп жыйынтык чыгарууга негиз бар. Парламентти караңыз, парламентте эмне болуп жатат? Депутаттар парламентте шоу көрсөтүп элге шылдың болуп жатышат. Мына ушундай парламенттин кереги барбы Кыргызстанга? Кылмыштуу элементтер мамлекеттик структураларга аралашып кирип кетти.

Көз карашыбыз дал келген бир топ улан-кыздар чогулуп, биз да өткөн жылы бир саясый партия менен парламенттик шайлоого катышсакпы-деп ойлоп, анан бул депутаттык кызмат саясый фарс, шоу экенин түшүнгөн соң баш тартканбыз. Анткени шайлоого чейин кайсыл партия канча мандат алат анын баары алдын ала такталган болсо, анан кантип таза адамдар мындай шайлоого катышууга болсун. Шайлоочу да өзүнүн шайлоочулук саясый укугун колдоно албайт. Добуштарга чейин алдын ала бөлүнүп жатса, анан кайдагы профессионал, билимдүү депутаттар жөнүндө кеп кылабыз. Шайлоочулардын добушу акчага, азык-түлүк товарларга сатылып жаткан соң сөзсүз билимдүүлөр эмес, акчалуулар келет да. 25 жылдан бери коррупциялык схема менен акча жасап, анан ошол акчаны шайлоо сайын элге чачып, кайра-кайра шайланып келип жаткан бир ууч топ эч качан мамлекеттин келечегин ойлобойт.

Мамлекет өзүнүн жарандарын негизги үч нерсе менен камсыз кылууга тийиш. Биринчи коргонуу жана коопсуздук. Экинчиси ар бир жаранга бекер сапаттуу орто билим берүү. Үчүнчүсү сапаттуу медициналык камсыздоо. Бизде анын бири да жок. Коргонуу жана коопсуздукту “Үңкүр-Тоо” маселесинен көрүп жатабыз. Коңшу мамлекеттин 7–8 аскер кызматкерлери куралчан бастырып кирип, жерибизди басып алса, ошол 7–8 солдатты чыгара албай койдук. Билим берүүнүн абалы кандай деңгээлге түшкөнүн жогоруда сөз кылдык. Сапаттуу мамлекеттик бийлик жок болгон соң, кайдагы сапаттуу медициналык камсыздоо болмок эле. Эл бекер жеринен “акчаң жок болсо ооруба, оорусаң жаман болот…”- деп айтпаган чыгар. Азыр колуңа тикен кирип кетсе да акчага алдырасың. Аны бүтүндөй коомчулук жакшы билет. Карапайым эл мамлекеттик бийликке ишенбей калган. Азыр алар салыгын төлөп берип, бизге эч кимдин кереги жок. Бизди өз жайыбызга койгула. Аким, губернатор, министрлер өз оокатын кылышсын. Бизди тынч жайыбызга койсун-деп калган.

Эми мезгил келди. Кыргызстандын башына таза адам келиши керек. Жаңы муун келип мамлекетти өнүктүрбөсө болбой калды. 25 жылдын аралыгында Кыргызстан талкаланып бүттү. Мамлекеттин башына келген адам элдин келечеги, мамлекеттин экономикалык жактан өсүшү үчүн иштеши керек. Анын жеке кызыкчылыгы болбошу зарыл. Анын жеке кызыкчылыгы мамлекетти өнүктүрүп, коррупциялык схемаларды жоюп, тазалап, өнүгүүнүн жаңы жолун, жаңы этабын тандап алуусу шарт. Мамлекеттерди туңгуюк абалдан личносттор гана алып чыккан. Бүгүн да Кыргыз элине ошондой тарыхта кала турган “личность” керек болуп турат…

Маектешкен Кадыр Момоев

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *