Табигый ажырым, же экс-президент менен азыркы президенттин айырмачылыктары тууралуу ойлор

Ошентип, жаңы президент доорунда жашап жатканыбызга эки айдан ашып калды (эгерде инаугурацияны мезгил мерчеми, чек катары кабылдай турган болсок), а бирок, жашообуз мурдагыдай эле көнүмүш ыңгайында, атомдук-компьютерлешкен доордогу эшек арабадай кыңгырап коюп, эч өзгөрүүсүз бара жаткансыйт. Коомдук-саясий маанай да мурдагысындай эле — ​айланага толук боз түшүп калып, көз жеткен жериңди бүт көрө албай, көрүп жатканыў да тумандуу бойдон калып жаткансыйт… Эч кандай оптимисттик маанайда болуп, азыркысына кайыл болгонсуса да, мейличи деп, кол шилтесе да, келечегине ишенимдүү үмүт менен карай баштагансыгандар байкалбайт. Азырынча…

Туура, эки ай абдан кыска убакыт экендиги маалым. Айрыкча, мамлекеттик масштабда алганда. Анын үстүнө, быйылкы жылдын бюджети өткөн жылы эле кабыл алынып коюлган, быйылкы жасала турган мамлекеттик маанидеги бардык иш-чаралардын программалары эбак эле бекитилип калган. Айтор, бул жагынан алып караганда, “бул турмуш бир жол экен бурула алгыс” деп бир акын жазган сымал, азыркы президенттин абалы абдан татаал экендиги тастыкталып турат. Ал канчалык өз алдынча саясат жүргүзүп, башка тарапка карай бурулууну кааласа да, белгилүү бир чекке жеткенге чейин муну эч жасай да албайт. Андай саясатка, — ​мурдагынын баарын түп-тамырынан жокко чыгарып, өз алдынча кетишке — ​революциялык жол менен келген адам гана бара алат. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болгон учурунда да, инаугурациясында да, андан кийинки президент макамында жасаган кичи жана чоң жыйын-кеңешмелеринде да, такай өз иш саясатынын негизги магистралдык багыты — ​“мурдагы саясатты улантуу, бүтпөй калган жакшы иштерди бүтүрүү” экендигин туруктуу түрдө кайталап келе жатат!..

Деген менен, байкоо салып караган адамга, азыркы президент менен экс-президенттин ортосундагы табигый ажырым дароо эле көзгө урунбай койбойт. Болгондо да, принципиалдуу жана дүйнөгө болгон көз караштардын (мировоззрение) натыйжасынан келип чыккан ажырым. Ал эми жашоодо, мүнөздөрдөгү жана турмушка болгон көз караштардын келишпестигинен өткөн ажырым болбойт. Мейли, сөз жүзүндө бирин-бири колдоо тууралуу миң жолу айтышсын, арийне, турмушта жасалган иштер ар башкача боло берет, ажырым улам тереңдегенден-тереңдеп, улана берет, адегенде, тээ тереңдеги иримдей, сыртынан тынч, мелмилдей агып жаткан агымдан улам байкалбаса да, ичтен курчуп олтуруп, канчалык жашырса да, акыры карама-каршылык ачыкка чыкпай койбойт. Дал эле, демейде, ажырашып кетишкен жубайларга карата, алардын “мүнөздөрү келишпей калышыптыр” деген сыяктуу кыска, бирок, так жана абдан түшүнүктүү, кошумча далилдерди талап кылбаган аргумент сыяктуу…

Ал ажырымдын айрым белгилери ачык эле көрүнө баштады десек да болот. Болгондо да принципиалдуу мамилелерден. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп атады. Кыска, так жана эч кандай жасалма кооздугу жок, жөнөкөй. Жалпы элге да түшүнүктүү жана жетимдүү. А эң башкысы — ​конкреттүү.

Эстен али чыга элек, өткөн жылдын орто ченинде эле, мурунку президенттин тегерегиндегилерден “кийинки жылды Айтматов жылы деп жарыялайбыз” деген сыяктуу билдирүүлөр чыгып кеткен эле. Улуу жазуучубуздун 90 жылдык мааракесин эң жогорку деңгээлде, татыктуу өткөрүү — ​жалпы элдин жана кийинки урпактардын милдети. Бирок, мунун мамлекеттик масштабдагы саясатка, анын өнүгүү стратегиясына кандай тиешеси бар? Элдин көбү муну угуп, үшкүрүнүп, улутунуп тим болгон: деги качан иштейбиз? Качанга чейин ушундай демагогиялуу кыялдарга берилип олтура беребиз? — ​дегендей маанайда…

Бактыга жараша, жаңы президент прагматик болуп чыкты. Демагогияга караганда конкреттүү ишке, куру кыялдарга караганда, экономикага, өндүрүшкө басым жасай турганы ачык байкалып калды. Бул жалпы элдин өчүп бара жаткан үмүтүн жандырган, жакшы жышаан сыяктуу таасир калтырды.

Ачыгын айтканда, жалпы эл болбосо да, көбү мурункулардын “тоолордун жылы”, “маданият жылы”, “тарых жылы”, “адеп-ыйман жылы”, “түкүрбө” деген сыяктуу демагогиялуу чакырыктарынан жедеп тажашып, мурдагы бийликтин саясатына, бул сөздүн түз маанисинде да, өтмө маанисинде да, ачык эле түкүрө баштаган болчу…

Дегеле, табиятынан айыл чарбасына, айылдык турмушка жакын болгон жана анын көйгөйлүү проблемаларын ичкериден билген адам катары, Жээнбеков региондорду өнүктүрүүгө басым жасап жатканы, — ​актуалдуу да, стратегиялуу да маселелердин бири. Борбор шаарыбыз — ​Бишкек “чоң кыштакка” айлана баштаган заманда, мындай демилге менен чыгуунун өзү эле жаңы президент өзүнө чоң жоопкерчиликти алууга даяр экендигин, эч качан кыйынчылыктардан тайсалдабаган чечкиндүүлүгүн билдирип турат.

Ал эми мурунку президент Алмаз Атамбаевдин алты жылдык ишмердиги тууралуу алдыда дагы далай ирет талданып, кеңири сөз болору турган иш. Асыресе, айрым урунттуу ойлорду азыр деле айтып койсок болот: адегенде “апрель революциясынан” кийинки татаал кырдаалга, саясий кыйынчылыктарга шылтап келсе, өз бийлигин бекемдеп, биротоло легитимдештирип алгандан кийинки үч-төрт жылында дээрлик жалаң гана демагогиялуу, саясий чакырыктарга, декларативдүү билдирүүлөргө, баналдуу үндөөлөргө толгон иш-чаралар менен алектенип, конкреттүү чарба, өндүрүш, экономика маселелери арткы планда калып келе жатты. Ошонун айынан, өсүш дегенди мындай кой, тек гана жандануу жана кризистик абалдан чыгуу болбоду. Ал тургай, айрым тармактарда мурдагы деңгээлден дагы артка кетүүлөр да орун алды…

Дал ошондой үстүрт мамиледен улам, көп жакшы башталган иштер да, идеялар да толук аткарылбай, же жарым-жартылай гана бүткөрүлүп, ошол бойдон чала калды. Саясий жактан да, экономикадан да, дээрлик бардык тармактардан. Коррупция менен күрөшүү, кылмыштуулукту азайтып, криминалдык элементтерди жоюу, бардык тармактарда профессионалдык критерийлерге багыт алуу сыяктуу изги максаттар коюлганы менен, алардын бири да аягына чейин аткарылган жок.

Ошонун натыйжасында, президенттин тегерегинде — ​болгондо да эң эле чечүүчү (же, орусча айтканда, ключевой) жерлерге жалаң гана дилетанттар толуп алышып, профессионалдуу аткарылган, же ошондой мамилени талап кылган иштер былгытыла баштады. Буга мисал катары, үч эле мисалды атап коелук.

Биринчиси — ​Кубат Оторбаев — ​омбудсмен болду. Ортозаар журналист чыгаан укук коргоочу, таанымал, кадыр-барктуу коомдук ишмер жана керек болсо, ар кандай деңгээлдеги юристтер менен коркпой теңата таймашка түшө ала турган адамдын ордун ээледи. Башкача айтканда, мурунку ветврач-укук коргоочу жана Азиз Батукаевдин абактан бошошуна орчундуу салым кошкон омбудсмен Турсунбек Акундан анын деңгээли анча деле айырмаланган жок. Айырмаланса да, андан да төмөнбү? — ​деген сыяктуу жоромолдор гана жаралды.

Экинчиси — ​Жедигер Саалаев. Филолог, ортозаар акын, базалык билими тура келбесе да, кийинки кошумча алган эки жылдык юридикалык диплому менен — ​Конституциялык сотто (!) олчоюп олтуруп калды. Буга мамлекеттик түзүлүш менен анын турмуштагы ар кандай тармактар менен болгон юридикалык өз ара катнаштары боюнча маселелердин абдан татаалдыгын өз жонтерилери менен сезип, беш колундай билишкен адистер мыйыгынан жылмайып тим болушса, мамлекеттин келечегине чын дилинен кабатырланган адамдар: эми ал орчундуу маселелерди кантип чече алат? — ​дешип сарсанаа болушту…

Учүнчүсү — ​Абдил Сегизбаев. Агрардык билими менен пресс-катчы, медиа-менеджер, кеңешчи сыяктуу ар кандай тепкичтерде жүрүп, күтүүсүздөн эле, улуттук коопсуздук комитетин башкаруу шыбагасына ээ болду. Дегинкисин, азыркы таптагыдай курч, кооптуу геополитикалык жагдай өкүм сүрүп турган мезгилде, мындай мамлекеттик органды өтө күчтүү профессионал адис башкарганы максатка ылайыктуу болмок. Демек, президент өзүнүн туздөн-түз прерогативасы болгон кызмат ордуна мындай таң каларлык тандоо жасап жатканы — ​анын көз карашы, бери эле болгондо, абдан “оригиналдуу” экендигин гана билдирип турат.

Асыресе, көз караштардагы ажырымга кайра келе турган болсок, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков ишти прагматик жана ашкере саясатташпаган өндүрүшчү катары баштоого дилгирленип тургандай сыяктанат. Бул ар тараптан колдоого аларлык кадам жана заман талабы.

Дегеле, постсоветтик эгемендүү мамлекеттердин тажрыйбасы тастыктап тургандай, мамлекеттик идеология, мамлекеттик саясат практикалык конкреттүү иштер менен тыгыз байланышта болгондо гана келечектүү, бекем болот. Андай байланышсыз, куру кыялдар менен чулганган түркүн программалар жана бийик трибуналардан зор эргүү менен айтылган ар кандай бийик пафостуу ойлор эч качан ишке ашпай, куру кыялдар бойдон кала берет.

Ушуга байланыштуу, азыркы президентке атамбаевдик доордон “мураска калган” өкмөт курамы тууралуу дагы терең ойлонууга туура келери айкын. Бери эле болгондо, президент азыркы өкмөттүн стратегиялык жактан алган багытына түзөтүү киргизүүгө муктаж болору анык. Антпесе, балким, теориялык жактан чындап эле билимдүү болушкан, а бирок, бул жалаң гана китеп менен тарбияланышкан, “гаджетчил” жаш өкмөт курамы туура эмес, конкреттүү турмуштан алысыраак (мурунку президент Акаевдин — ​“Кыргызстанды экинчи Швейцария кыламын”, же демагогиялуу Осмонакундун — ​“түндүк-түштүк темир жолун салуу керек” деген сыяктуу), багытты тандап алышты.

Мындай өкмөт менен президент азыркы абдан артта калган региондорду өнүктүрмөк турсун, азыркы аздыр-көптүр жанданып калган, “тирүү” сыяктанып, кыймылдап жаткан тармактарды да ошол калыбында кармап кала албайт.

Ал эми, өкмөт курамын оптимизациялоо, структуралык жактан реформалоо сыяктуу жасалып жаткан азыркы аракеттер мурда деле далай ирет жасалып келген. Муну практик-президент жакшы билет жана орун алмашуудан сумма өзгөрбөй кала берерин түшүнүп турат. Демек, конкреттүү жана практикалык багыттагы аракеттерге басым жасалышы зарыл.

Мурдагы бийликтегилердин айрымдары “мигранттар жыл сайын 2,6 дан 3,5 млрдга чейин доллар алып келип жатышат” деп мактанышып (“менин атам деле өтө кыйын бандит!” — ​деп, түшүнбөй мактанган кичинекей бала сымал!), тим эле мында жеке салымдары бардан бетер, уялбай трибуналардан айтып калыша турган. Экс-президент Алмаз Атамбаев да, өз пикирлери менен макул болбогон оппоненттерине карата ачык эле, кааласаңар башка мамлекеттерге кете бергиле, аларда жер көп… — ​деп билдиргени маалым. Сооронбай Жээнбеков болсо — ​өзүбүздө жумушчу орундарын камсыз кылып, жергиликтүү экономиканы колдоо аркылуу, аргасыздан чет жакта кор болуп жатышкан мекендештерибизди кайра тартууну приоритеттик багыт катары белгиледи.

Жыйынтыктап айтканда, жаңы президенттин алгачкы кадамдары али толук таштала да электе, анын бурулган багыты аныктала баштаган сыяктуу болуп калды. Бул абдан жакшы. Анткени, айрым “көзү ачыктардын” Жээнбеков эч качан өз алдынча күч боло албайт, жана дагы мурдагы президент менен СДПКнын марионеткасы сымал гана президент болуп кала берет деген сыяктуу божомолдорунун оңунан чыкпай, ал тургай, ошондой абалдын жаралышын каалагандардын тилектери таш каап жаткандыгынан кабар берип турат.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: Жаңы Ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *