Табылды Акеров: “Атамбаев 6 жыл аралыгында коомчулуктун көөнүндө, баамында болгон мыкты саясатчыны чыгара алган жок”

– Табылды мырза, буга чейин президенттикке ат салышууда 3 адамдын атын атадыңыз эле. Фаворит катары С. Жээнбековду, андан кийин Ө. Бабанов, Т. Сариев болот деп. Бүгүн абал кандай болуп жатат? Булардын бирөөсү жылбышып, жыдып калган жокпу?

– Жок, жыдый элек. Азыр деле С. Жээнбеков фаворит катары каралууда. Булар алдыңкы позицияда болушат деп баамдап жатам.

– Бирок, өткөн жумада Өкмөт башчысы С. Жээнбеков кызматтан чегинди да, бир аз жоготуу болгон жокпу?

– Менимче С. Жээнбековдун кызматтан кетеби, кетпейби, баары бир позициясы туруктуу. Мен анын кызматтан кетирүүнү анча туура көргөн эмесмин. Бирок, ал кызматтан кетүү менен туура кадам жасады. Анткени, эгер ал шайлоодо утуп, президент болуп калса, бул өлкөдөгү алдыңкы 6 жыл аралыгындагы туруктуулуктун кепили болуп бериши мүмкүн. Башкача айтканда ал кызматтан кетүүсү менен саясий эрки бар саясатчы экенин көрсөтө алды. Бул ага кайсы бир деңгээлде саясий упай апып келди десем болот.

-Бирок, анын ордуна КСДПнын өкүлү С. Исаков премьер болду. Ал С. Жээнбековго тартып койбойбу? Атамбаев Өзгөнгө барып эл менен жолукканда “Мен тарбиялаган бала премьер болду, менин досум президент болуп калышы мүмкүн” деп билдирбедиби?

– Менимче, КСДП президенттикке кандидатты туура тандап алган. С. Жээнбековдон башка кандидат деле буларда жок болчу да. Атамбаев 6 жыл аралыгында коомчулуктун көөнүндө, баамында болгон мыкты саясатчыны чыгара алган жок. Акыркы 6 жыл аралыгында бийлик кылды деген иштерди санасаңыз 10 манжага да татыбайт. Бирок, ошол эле учурда муфтийдин төшөгүн аңдууда, крим дүйнөсүндөгү авторитеттерди боштондукка чыгарууда, саясатчыларды тыңшоодо, жалаанын негизинде камоодо, ММКларды куугунтуктоодо, журналисттерди кысууда, камоодо Акаев жана Бакиевден да ашып кетти көрүнөт. С. Жээнбеков иштерман, саясатка өтө аралашпаган инсан катары КСДПнын колдоосуна ээ болду. С. Исаков өзүнүн программасын айтып жатып, бул Өкмөт техникалык болот, саясатка аралашпайт деп билдирди. Анын канчалык чын-жалганын убакыт көрсөтөт. Бирок, менимче С. Жээнбековдун бийлик Ө. Текебаев, С. Жапаровдорду камап, ММКларды жаап, журналисттерди куугунтуктоого албаса деле угуп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Себеби, мен жайкысын түштүктө болдум. Эл менен сүйлөштүм. Досторумдан, куда-сөөк, туугандардан да сурап көрдүм. Бүгүн элде мейли, кимиси келсе келсин, бирок ушу Атамбаев дагы бир балээ чыгып, революция же этникалык конфликт, согуш чыгып кеткиче, кызматын тапшырып кетип калсынчы деп турган чак. Ал кеткенден кийин саясатчылар өздөрүнчө сөз табышып алышаар деген үмүттө болуп жаткан учур. Аксакалдардан сурасам – «Атамбаев кызматын тапшырып кетсе эле болду. Биз ага ыраазыбыз. Ал иштешинче иштеди, эми калганын кийинкиси оңдоп-түзөп алсын» деген позицияда экендерин айтты. Бирок, «кайра калам, саясатта болом десе, анда чатак болуп кетиши мүмкүн, анда жаштар баягы жолго түшүп кетиши мүмкүн» деген ойлорун билдирди. Ошондуктан, мен ойлойм, бүгүн электораттын көпчүлүк бөлүгү тынчтык үчүн, туруктуулук үчүн добуш берет. Эгерде дагы бир башка процесстер же себептер чыгып калбаса.

-Текебаевдин мамлекеттик тилден экзамен берүү проблемасы чоң талаш жаратты эле. БШК да, соттор да чече алышпай, ар кандай мыйзамга ылайыксыз же бүдөмүк чечимдерди чыгарып жатышты эле. Анан эле эч кандай чечимсиз эле тил комиссиясынын мүчөлөрү СИЗОго кирип барып, Текебаевден экзамен алып чыгышты. Муну кандай түшүндүрүүгө болот?

– Менимче, адепки варианпар Конституциянын нормаларына жана мыйзамдарга туура келбей калаарын билишкен соң, бийликте, БШКда паника башталган. Анан калса, адвокаттар булардын үстүнөн прокуратурага кайрылып жиберди. Прокуратура кандайдыр бир чара көрүш керек болду. Ошого тез арада башка вариантка өтүүгө мажбур болушту. Анан Текебаевдин үстүнөн кол топтогон баракчаларды жаратпай салуу идеясы келип чыкты. Мына ошондон кийин, тез арада Текебаевден экзамен ала салышты да, ал эми эртеси Текебаев үчүн топтолгон 38 миндей колду, бул баракчалар кандидаттын фондунан каржыланышы керек болчу деген шылтоо менен жараксыз деп таап салышты.

– Анда Текебаевдин штабы кантип ушуну байкабай калды?

– Жок. Алар айтып жатпайбы, мурда деле шайлоолорго катышканбыз, мындай талап жок болчу деп. Бирок, бийликке шылтоо керек болду да. Болбосо БШКсында паника башталганда, анын каршы добуш берип жүргөн мүчөлөрү отставкага кетип, БШК өз аракеттерин күмөндүү кылып, талаш уланмак. Бирок, бул окуядан кийин БШКга ишеним жоголду. Бул иште бардыгы мамлекет же бийлик кандидаттын конституциялык укуктарын тебелеп-тепсеп жаткандыгында болуп жатат. Себеби, Текебаев ал баракчаларды өзүнүн каржы фондунан каржылай алмак эмес. Анткени анын паспорту сотто жатат. Судья анын паспортун бербей койгон. Анан Текебаев өзү олтурса, анын паспорту сотто болсо, анын бул баракчаларды каржылоого мүмкүнчүлүгү жок болуп жатпайбы. Бийлик мүмкүнчүлүк түзүп берген жок да.

– Бардык күнөөнү сот Айбек Эрнис уулуна жүктөп салышкан турбайбы?

– Ооба. Бирок, бүгүн Жогорку Соттун мүчөлөрү, жалпы эле соттук корпус анын чечимин талкуулап жатышат. Аны көбү согуп жатышат. Анда тажрыйба жок экен да. Эптеп тааныш-билиштин аркасынан сот болуп келиптир деп. Болбосо, анда арыз жазып, отказ кылып коюуга толук мүмкүнчүлүк бар болчу деп жатышат.

– Маевский «мен Текебаевге пара берген эмесмин» деп билдирип жатат. Бирок, сот Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан чечимин чыгарбадыбы…

– Текебаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши баштан аяк саясий негизде болгондугун бүгүн ар бир кыргызсгандык билип калды. Ооба, Маевский Текебаевге пара берген эмесмин деп жатат. Анын мындай билдирүүсү интернетте жайнап эле жүрөт. Бирок, менимче Текебаевди чыгарышпайт. Бул билдирүүнү башкача түшүндүрүп коюштары мүмкүн.

– Себеби эмнеде, Атамбаев коркуп жатабы?

– Жок. Атамбаев андан корккон жок. Себеби, анын президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин иммунитети бар. Аны эч ким камай албайт. Бирок, Текебаевди камаш үчүн саясий шоуларды уюштуруп, «Белизгейт», «Маевскийгейт» операцияларын уюштуруп келген эргулдар бар да. Алар Текебаевге кылмыш ишин ачып, бизге бир нече ай саясий шоу көрсөтүп, сотторду коркутуп чечим чыгарткан да, эми өзүлөрүнүн тагдыры жөнүндө коркуп жатышат. Ошолор Атамбаев кеткенден кийин кандай болот деп коркууда. Булардын иммунитети жок. Текебаев чыкса камалабыз деп жатышат. Мисалы, «Белизгейт» операциясы үчүн жооп бериши керек. Себеби, «Белизгейт» болбой калгандан кийин шашылыш “Маевскийгейт” уюштурулду.

– Текебаев чыкпай калышы мүмкүнбү? Аны жок кылып коюшат деген сөздөр тарап жатпайбы?

– Ооба, тарап жатат. Азыр ал УМКК СИЗОсунда камалып жатат. Ошого, А. Сегизбаев аны көздүн карегиндей карап жатам деп айтпады беле. Бирок, ага карабай, эл арасында кийинчирээк аны түрмөгө жайгаштырганда жок кылып коюштары мүмкүн деген сөздөр бар. Менимче бул жагдай Текебаевди камоо пайда алып келбешин каңкуулап турат. Аны Бакиевдерден көрүп калат дегендей же кийинки президенттен көрүп калсын деп бир балээ кылышы мүмкүн экенин айтышат. Ошого, мунун балээ-жалээсинин баары кийинки премьерге же Сегизбаевге калышы мүмкүн. Бул С. Ибраимовдун өлүмүнө ошол кездеги өлкө башчысын күнөөлөгөндөй эле иш болушу мүмкүн.

– Анда мунун баары акыры келип Сегизбаевдин баш оорусу болот турбайбы?

– Ооба. Бул маселе кийин акыры көтөрүлөт. Ошондо жеке эле Сегизбаев эмес, ОТРКнын төрагасы («Белизгейт» үчүн), соттор, БШК көбү мында залал тартыштары мүмкүн. Азыр бийлик эйфорияга кирип, бир эле адамдын каалоосу менен элитаны тазалоону өздөрү каалагандай жүргүзүп жатат. Муну коомчулук, саясий элита кандай жутуп алат али белгисиз. Бирок, кийин эгер абал өзгөрүп кетсе, жаңы бийлик элитаны тазалоону элдин каалоосу менен деген нукта өткөрөт. Ошондо бүгүнкү эйфориядагы саясатчыларга өтө кыйын болуп калат.

– Бийлик бир нече крим төбөлдөрдү эркиндикке чыгарды. Ал эми оппозициянын ана башчысын камады. Бул жерде кандай максат болушу мүмкүн?

– Ооба. Бул жерде эки нерсе болушу мүмкүн. Биринчиси, президенттик шайлоолордо крим төбөлдөр нааразы тарапка өтүп кетпесин деп, алар менен жакын болууга аракет кылып жатышат. Экинчиден, оппозициянын ана башчысы Текебаевди камаганда ал жакта олтургандар ага жакын болуп алып, кийинки революцияга шарт түзүлбөсүн деп жатышы мүмкүн.

– Анда бийликке Текебаевди түрмөдө кармоо да өтө опурталдуу болуп жаткан турбайбы?

– Ошондой десек да болот. Президент менен Текебаевдин тиреши бүгүн илгерки Моголистандын ханы Султан Сеит менен анын кан досу, кыргыздардын ханы Мухаммед Кыргыздын тирешине кудум окшош. Анда да Султан Сеит Мухаммед кыргызды зынданга олтургузуп алып, Улуу талаанын мыйзамдары боюнча мен сени өлүмгө тартышым керек эле. Бирок, мен ага барбайм», деп Мухаммед Кыргыздын коомдогу таасиринен ыйба кылып, коркуп тургандыгын билдирет. Кийин ал кыргыздардын биригүүсү күч алып баратканын туюп, акыры Мухаммед Кыргызды, эгеримде ага баш көтөрбөсүн билдирген убадасын алып, коё берүүгө аргасыз болот.

– А. Бекназаров менен Рыкунова, Никсдорфтун Текебаевдин сотундагы көргөзмөсү, «Мегаком» ж.б. иштер боюнча аңгемелешип жаткан видеосу интернет аркылуу тарап кетти. А. Бекназаров бул тууралуу билдирүү жасап, Сотко чындыкты айтканын, ал эми тасмада «Мегакомго байланыштуу башка да кызыктар жөнүндө айтып жатканын билдирди. Мунун кандай чындыгы бар?

– Менимче А. Бекназаров чынын айтып жатат. Себеби, А. Бекназаров 2010-жылы прокуратураны көзөмөлдөп жатканда эле «Мегакомду» «Пенвел» компаниясына бериш керек деген оюн билдирип келген. Себеби, М. Бакиев «Мегакомду» «Пенвелден» тартып алган. Бул тасма «Мегакомду» сатыш керек деген маалыматтардан кийин тараганына карганда, анын таралышынан булар утту. Бул маалыматтын таралышы менен коомчулук «Мегаком» боюнча коомчулук билбеген дагы бир топ маалыматтарды билип калды. Анда «Мегакомго» 2010-жылы кимдер кызыкдар болгондугу ачык айтылып жатат. Мындан башка, ошол кезде «Мегаком» эч кимди укпаганын, ал үчүн Убактылуу Өкмөттүн экономикалык маселелери боюнча кураторунун атайын телефон чалуусу керек болгондугу ачылып, коомчулукка тарап кетти.

– Анда С. Исаковдун өкмөтү «Мегакомду» сатып, өз вазийпасын аткарып берип, жок болушу мүмкүн го?

– Бул маселеде эки жагдай бар. Биринчиден, «Мегакомду» чын эле сатып жибергени жатышат. Башкача айтканда «Мегакомду» М. Бакиевге өткөрүп беришкени жатышы мүмкүн. Себеби, мурда эле айрым чиновниктер М. Бакиев менен үлүштөш болушу ыктымал. Ошого башка президент келгенче, аны өз колдоруна өткөрүп алалы же болбосо М. Бакиевге аны өткөрүп берип, үлүшкө киргени жатыштары мүмкүн. Үчүнчү вариант, жөн эле өзүлөрү ыйгарып алгылары келип жатышы ыктымал. Төртүнчү вариант, «Мегакомду» сатабыз демиш болуп, андагы акчалар кимдердин колуна кетип жатканын коомчулук билбесин деп жатыштары мүмкүн.

– Коомчулукта айрым саясатчылардын, депутаттардын ысымдарын айтып М. Бакиевдин бизнестерин координациялап, аны менен жана бийлик менен бөлүшүп турат экен деген сөздөр бар…

– Бул тууралуу ММКларда мурда бир топ жазышкан. М. Бакиев бар байлыгын А. Акаевден мурастап калган. Демек, ал деле кимдир бирөөлөргө калтырып, проценттерин алып жатса керек.

– Президенттик шайлоолордо кандай коркунучтарды күтсө болот?

– Эң негизги коркунуч бул шайлоолор эки турда өтүп калса, экинчи тур 10-ноябрларда болот. Анын жыйынтыгы кеч чыгат. 1-декабрда президент Атамбаевдин ыйгарым укугу бүтөт. Эгер нааразычылыктар болуп, эл 20 күн бийликке баш ийбей койсо анда 1-декабрда Атамбаев бардык бийликти спикерге өткөрүп берүүгө аргасыз болот. Болбосо, саясий күчтөр, партиялар кандидаттар Атамбаевди тааныбай коюштары мүмкүн. Ошондуктан, бийлик, БШК, Соттор өтө кылдат жана мыйзамдын негизинде иштөөлөрү шарт.

– Сапар Исаков 29-премьер-министр болду. Бул шашылыш чечилип калганжокпу? Кыргызстанда премьерлер 1 жыл, 1, 5 жылдан ашык иштебейт эле. Президент Атамбаев бул өкмөт 3 жыл иштейт деп жатат.

-Менимче президенттикке талапкерлердин бир тобу Жээнбековду кызматтан чегинсин деп талап кылып жиберишти, С. Исаковду аны менен алмаштырууга алып келди. Албетте, аны бийликтегилер акырын тымызын өздөрү деле уюштуруп коюштары мүмкүн. Менимче, С. Исаков программасын кайра карап чыгышы керек. Себеби, ал шашылыш кабыл алынып калды. Анан С. Исаковго реформатор саясатчылар, адистер керек. Анын тегерегине чогулгандар, буга чейин деле бийликте болушчу, бирок, реформатор катары өзүлөрүн көрсөтө алышкан эмес. Мисалы.Т. Абдугулов Банкта жакшы олтурган. Аны жылдыруунун кажети жок болчу деп ойлойм. Бирок. С. Исаков өзүнүн аппаратынын жетекчисин туура коюп алды десек болот. Себеби, ал мындан мурда да бул кызматты аркалаган. Иштин көзүн билет. Реформаторлор тубаса адамдар болот. Мамлекеттик кадрды министрлик кызматка алып келип алып, реформатор болот, реформа жаса дегенден пайда чыкпайт. Тескерисинче, терс эффект болуп калышы мүмкүн. С. Исаковду байкап турушат. Эгер абал курчуп баратса, анда аны тез арада алмаштырып жиберишет. Эгер баары тынч болсо, анда ал мүмкүнчүлүгүнө жараша иштей берет. Атамбаевдин өкмөттү 3 жыл иштейт дегени, 3 жылдан кийин жаңы парламент келет. Бул өкмөт кетип, жаңы өкмөт келет, ошону айтып жатат. Эски партиялаштары аны КСДПны башкар деп жатса, анда партиясын парламентке кайра алып келип, премьер да болуп калышы мүмкүн. Бирок, 4 иликтин жаңы партия түзүп жатканына караганда, президенттик шайлоолордон кийин парламент тарайт. Жаңы парламент келет. Менимче, эгер Атамбаев КСДПны жетектеп калса, анда ал премьер-министр болот же спикерликке олтурат.

– Анда С. Исаков 5-6 ай эле премьер болуп калат турбайбы?

– Балким. Бирок, бул менин жүрүп жаткан саясий процесстерге карата божомолум. Бардыгы жалпы эсепке туура келиши керек жана ар бир аракет жалпы эсеп менен айкалышып, ага төп келиши керек. Жыдымай жок, болбошу дегендей. Жыдысаң, өлдүң, Акаев, Бакиевдин таз кейпин киесиң. Мисалы, Ө. Текебаев соттун чечими менен 4, 5 жыл олтурушу керек. Бирок, бийлик аны анча камабаса керек. Коркот. Ошого, саясий процесстерди тездетүүгө мажбур болот. Президенттик шайлоолордон кийин, тезинен парламентти таратып, жаңы шайлоолорду өткөрүп жибериштери мүмкүн. Жаңы парламентке Текебаев, «Ата-мекен» кирбей калат. Ошондон кийин, аны боштондукка чыгарышы мүмкүн.

– Жакында «Сөз эркиндиги Форумунда» Ф. Кулов Атамбаев кетип баратып, саясий камактагыларга АКШнын кетип бараткан президенттериндей кылып ырайым кылып, боштондукка чыгарышы керек, ал эми кылмыш иши ачылган ММКлардан арыздары кайтарылып алынсын деп билдирди. Ошондой чечим да кабыл алынды…

– Бийлик ага барбайт. Бийлик бүгүн өзүнүн көчүгүн кайрадан Ак Үйгө батырып алуунун камында болуп жатат. Б.а. жалпы эсеп менен баамдаганда, ырайым кылуу бийликтин бүгүнкү күнкү талаптарына жооп бербей жатат.

– Парламент тараса, ага канча жана кайсы партиялар кириши мүмкүн?

– Атамбаев айтпадыбы, кийинки парламентке 3 партия келсе болот экен деп. Менимче, КСДП, «Кыргызстан», «Кайра жаралуу» партиялары келиши мүмкүн.

– Бабановдун «Республикасычы»?

– Ал келбейт сыягы. Себеби, эми бийликке каршы турган Текебаев жок. Бирок, Атамбаев калтырып жаткан жаштар менен Бабановдун ортосунда тиреш башталат.

– Анда С. Исаков Атамбаевдин акыркы аккорду турбайбы?

– Ооба. Атамбаев С. Исаковду жыдыбайт деп ишенет.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *