Табылды Акеров: “Конституциялык реформалар парламентти эле эмес, президентти да кайра шайлоого жол ачат”

Гезитибиздин туруктуу эксперти, саясат таануучу Т.Акеров менен конституциялык өзгөртүүлөр боюнча пикир алмаштык. Анын ою боюнча парламентин V чакырылышы иштеп чыккан долбоордо бир аз гана өзгөрүүлөр киргизилип,  Ө.Текебаевдин авторлугу сакталган. Ал эми VI чакырылыштагы парламент Конституцияны тешип-тепчип, таптаза жаңы долбоор сунуштап жатат. Ошондуктан, Референдумдан кийин парламент эле эмес, президент да кайра шайланууга барышы керек болот.

– Жуманын  саясий багыты кандай мүнөздө болду? Кайсы окуяларды өзгөчо бөлүп көрсөтө аласыз?

– Бул жумада Конституциянын тегерегинде талаш уланганы менен, апта компроматтар согушунан улам өзгөчөлүү болду десек туура болчудай. Бийлик Ө.Текебаевдин декларациясын ачыкка чыгарып, аны ооздуктайбыз деп ойлосо керек. Бирок, буга улай эле ММКларга Президенттин аппаратынын кызматкерлеринин да декларациясындагы мүлктөрү жөнүндөгү маалымат тарап кетти. Текебаев бул интригага татыктуу жооп таап, журналисттерге өзүнүн мүлкүн, үйүн көрсөтүп, коомчулукка “булардын баары 25 жыл аралыгында маңдай тер акчага алынган” деп айтып берди. Ошол эле учурда, ал президенттин аппарат жетекчиси Ф.Ниязов жана башка бөлүм башчылардын декларациясында көрсөтүлгөн мүлктөрдүн баасы алардын алган айлыгына туура келбей тургандыгын белгилеп, уяткарды. Президенттин аппараты бүгүнкүгө чейин Текебаевге жооп бере албай келиши, коомчулукка чоң күмөн жаратты. Бул көрүнүш бир эсептен, мамлекеттик чиновниктер мыйзамды бузуп, ар кандай жолдор менен байып жатканын көрсөтсө, экинчи жагынан “конституциялык өзгөрүүлөрдүн себептеринин бири болуп, бийликтегилер өз бизнестерин коргоого алууга жандалбастап жата”т деген пикирлердин кайсы бир деңгээлде туура экендигин айгинелегендей болду. Жуманын аягында А.Ибраимов жана И.Пирматовдордун аялдарына жазылган “TM-OLAN & Group” аттуу фирмасы бар экендиги ачыкка чыкты. Мындан бир аз өтпөй эле журналисттер А.Ибраимовдун аялына катталган Ысык-Көлдө “Деңиз” аттуу пансионат бар экендигин жана бул бизнес мекемелери анын жана жакындарынын декларациясында көрсөтүлбөгөндүгүн жазып чыгышты. Эгер мунун баары чындык болсо, анда А.Ибраимовдун абалы өтө эле оор болуп калды. Баарынан да өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялар, президент Атамбаевдин коррупция менен күрөштү таптаза туура эмес баштаганын көрсөттү. Иштин баарын бүгүн президенттин өзүнүн, өкмөт мүчөлөрүнүн, 120 депутаттын мүлктөрүн ачыкка чыгаруудан башташ керек болчу экен. Мына ошондо саясатчыларды, мамкызматкерлерди ар кандай подстава менен камай албайт эле. Элге ким коррупционер, ким таза далилдеп койсо болмок экен. Эми да кеч эмес. Болбосо элде бийлик азырга чейин “ууруну карма” деп кыйкыра берип, өзүлөрү коррупциялык жолдор менен байып келген экен деген ой калды.

– Өтө таң калыштуусу, Акаев-Бакиевдин учурунда журналисттер мындай иштерди өтө тездик менен таап, коомчулукка жарыя кыла алчу эмес, бүгүн болсо, кайсы бир саналуу күндүн ичинде, президенттин тегереги эмне менен алектенип жатканы коомчулукка айдан ачык белгилүү болуп олтурат.

– Эң негизги сыр жана күч – бул азыркы Конституцияда. Биз 2010-жылы Конституцияны кабыл алып жатканда, Акаев-Бакиевдер өздөрүнө ылайыкташтырып жазып алган Конституциядан баш тартканбыз. Ал конституциялар боюнча “Кыргызстан президенттик республика” деп таанылган эле да. “Кылт” десең камап коет, же башка чара көрөт дегендей. 2010 -жылкы Конституция боюнча өлкө парламенттик республика деп таанылган. Президенттин ыйгарым укуктары бир топ азайган. Бирок, кийинчирээк конституциялык мыйзамдарды кабыл алуу менен, президенттин бийлиги бир аз күчтөндүрүлгөн. Мына ошондуктан, бүгүн саясий абал бир аз башка болуп жатпайбы. Сөз эркиндиги жаман болсо да, кайсы бир деңгээлде өкүм сүрүүдө. Бул жерде Отунбаева, Атамбаевдердин да салымы чоң экенин унутпашыбыз керек.

– Бүгүн копчүлүк саясатчылар конституциялык өзгөрүүлөр боюнча өз пикирлерин билдиришти. Бул аракеттерди саясий негизде жана бийликтегилердин кызыкчылыгында болуп жатат деп баалагандар да бар. Бул канчалык туура?

– Конституциялык реформалардын жүрүшү Ө.Текебаев, Ф.Кулов, А.Мадумаров, Т.Сариев, И.Масалиевдердин бул процесксе берген мүнөздөмөлөрү менен шайкеш өтүүдө. Тезистүү төрдө айтсам:

Ө.Текебаев: “2010 -жылы бир аз шашканбыз. Себеби, саясий абал ошону талап кылган эле. Эми кайда шашабыз. Бийлик өтө шашылыштүрдө референдум өткөрүп, өз максатына жетүүнү көздөп жатат. Бүгүн бул маселеге эч шашылбай, конституциялык кеңешме түзүп, коомдук талкууларды өткүрүп, бардык тараптардын сунуштарын эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизсек болот. Орусиянын (15 берене), Казахстандын (4 берене) Конституцияларында “Эл аралык келишимдердин артыкчылыгы” белгиленген. Кыргызстанда эл аралык келишимдер катардагы мыйзамдар деп эсептелинип, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат. Артыкчылыгы белгиленген эмес”.

Т.Сариев. “Биз өзүбүздү өзгөрткөндүн ордуна, дайыма Конституцияны өзгөртүүгө киришебиз”.

Ф. Кулов: “Парламенттик республика Кыргызстанга өтө ылайыктуу саясий система. Бирок, бүгүн президентти “подставить” этип коюшту”.

А.Мадумаров: “Мен биринчилерден болуп ушул Конституцияга каршы чыккам. Бирок, бүгүн аны өзгөртүүгө каршымын. Бул бийлик реформа жүргүзө албайт, өлкөдөгү бардык өзгөрүүлөр Атамбаевсиз, анын мөөнөтү бүткөндөн кийин жүргүзүлгөнү оң”.

И. Масалиев: “Кыргызстанда бардык конституциялык өзгөрүүлөр, саясий кызыкчылыкта ишке ашкан. Бүгүн да саясий кызыкчылыкта аткарылып жатат. Парламенттин V чакырылышындагы конституциялык долбоор менен азыркы сунушталып жаткан долбоорду салыштырсаңыз, өтө чоң айырмачылык бар, саясий кызыкчылык байкалып турат”.

– Конституциялык долбоорго эмнегедир аттуу баштуу юристтер каршы чыгып жатканы байкалууда. Бул эмнеден кабар берет?

– Кыргызстанда 8 жолу Конституция алмашса, анын 8инде тең Конституция боюнча адистиги бар юрист катышкан эмес. Себеби, Кыргызстандын тарыхында өлкө андай адистеги юристти дайындаган эмес. Бүгүн Конституция боюнча бир да илимдин кандидаты же доктору жок. Анан ойлоп көрүңүз, буга чейинки конституцияларды шашпай, кеңешме түзүп, аны кечке талкуулап, анан коомдук талкууга алып чыгып кабыл алып келгенбиз. Бүгүн болсо, сунушталып жаткан Конституцияны ким жазганы да белгисиз. Кечээ жакында эле президенттин аппаратындагы А.Исмаилов жазганын айтып чыгышты. Ал көз каранды киши, ага кандай негизде жаз десе, ошондой кылып жазып бере берет. Ага баары бир. Эптеп, кызмат ордун сактап калса болду. Ошондуктан, Конституциянын долбоорунда өтө көп ойго келбеген жоболор кирип калган. Мисалы, Кыргызстандын атуулун өлкөнүн жарандыгынан айрылтуу. Бул төрөлө элек баланы, ал кайсы бир кезде жарандыгынан  айрылып калуу коркунучу бар экендигин билдирип жатпайбы. Соо киши буга барбайт го деп ойлойм. Төрөлө  элек адамдын тагдырын алдын ала чечип жатышпайбы? Мындай норма бир да өлкөдө жок. Мейли, аны атуулдуктан ажыраталы, анан эмне кылабыз. Өлкөдөн чыгарып жиберебизби? Аны паспорту жок ким алат. Же элге, же айбанаттарга салып берип, таландыга калтырабызбы? Эч түшүнүксүз? Менимче, адам укуктарынын принциптерине каршы келген жоболору жана полицейлик өлкөгө айланып калуу коркунучу байкалгандыктан юристтер колдобой жатат.

– Бабанов Конституциянын долбоорундагы “премьер-министр, вице-пермьерлердин мандаты сакталат” деген жобону жата калып, тура калып коргоп жатат. Бул “оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет” деген менен барабар болуп жатат го. Айрымдар, өз кызыкчылыгын коргоп жатат деп жатышат?

– Бул жобо жөн гана Бабанов, Исаев, Төрөбаевдердин фракцияларын кызыктырып, ошолордун колдоосуна жетишиш үчүн эле киргизилген. Бабанов “премьер-министрликтен саясий негизде кетип калдым” деп, бул жобонун киргени туура деп билдирип жатат. Бирок, бул туура эмес. Бир эле Бабановдун мисалын алып, Конституцияны өзгөртө берген болбойт. Бизде бийлик Бабановду атайылап кызматсыз калтырды. Дүйнөлүк практикада, премьер кызматтан кетсе, эгер коррупция менен шектелбесе, ага кийинки өкмөттөн вице-премьерлик же министрлик кызмат сунушталат. Ал кайрадан парламентке барып олтурбайт. Бул коррупциядан арылуу үчүн киргизилген эреже, жобо. Бирок, парламенттеги анын фракциясы өз ишин уланта берет. Себеби, өнүккөн өлкөлөрдө ар бир партиянын өзүнүн идеологиясы бар. Ошол идеологияга биригишип, иш алып барышат. Биздеги партиялардын КСДП, “Ата Мекенден” башкасынын тутунган идеологиясы жок. Бабанов өз партиясынын депутаттарын идеологиянын негизинде эмес, алардын байлыгына карап чогулткан. Ошондуктан, алардын баарынын көчүгүн бурап туруп, 3-4кө бөлүп жиберишкен. Себеби, булардын баары Бабановго ишенип, аны депутат кылат деп эле тизмеге кирип алган да. Ал кеткенден кийин, булар карманаар эч ким калбай калды, бирин-бири укпайт. Ар кимиси өзүнө бий болуп. Булардын биримдиги жок болчу. Кыргызстанда бийлик үстөмдүк кылып турат. Каалайбы, азыр Бабановдун көзүнчө фракциясынын тамтыракайын чыгарып коет. Бабанов премьер болуп, мандатын сактап калып, кайра парламентке келгенден кийин деле, фракциясын 3-4 бөлүп жиберет, бийлик кааласа. Себеби, бул Кыргызстан. Бизде саясий идеология, баалуулуктар көңүлгө алынбайт. Саясатчылар сойку сымал, бүгүн бул тарапта, эртең башка тарапта болуп жатканы ошондон.

-Конституциянын долбооруна “Кумтөр” маселесин да киргизиптир го. Ушул Конституция кабыл алынса, кендин тагдыры чечилип, элге иштеп калабы?

– “Кумтөр” маселеси деле кыргыз элин кызыктырып, “ушул бийлик чечип берет экен” деп референдумга активдүү катышуусу үчүн жасалган аракет. Бул бийлик да, кийинки бийлик да “Кумтөр” маселесин чечпейт. Ал чечилсе, кайсы бир топтун кызыкчылыгында гана чечилет. Кыргызстанда бийликке өз кызыкчылыктары менен келип. тойгончо уурдап, анан тойгондон кийин, элдин  ачуусу  келгенде качып алып кетип калуу өнөкөткө айланып калды. Эч ким эч нерсеге жооп бербейт. Мына Текебаевдин мүлктөрүн көрсөтүп, канча каралоого аракет кылышты. Президенттин аппарат жетекчиси, бөлүм башчылары, мэр ж.б. күн сайын жазып жатышат. Эмне жыйынтык чыкты? Баягы эле “Текебаев күнөөлүү” деп КТРК, башка каналдар сайрап жатышат. Жок дегенде президентти уят кылбайлы деп бири откставкага кетип калса кана. Жок, бири да антпейт, баары билет, президент Атамбаев буларды сактап калат. Балким, “Текебаевдин өзүн бир шылтоо менен камап коёт” деп күтүп олтурушат.

– Конституциялык өзгөртүүлөр саясий кызыкчылыктардын негизинде киргизилип жатса, анда бул өзгөрүүлөрдөн кийин, өлкөдө коррупция мындан да гүлдөп өсүшү мүмкүн го.

– Ооба. Менимче, бул конституциялык өзгөрүүлөр биринчи кезекте, 5 жыл аралыгында бийликке, президенттин тегерегине кандай тоскоолдуктар болуп келсе, ошолордун баарын алдын алып, эч ким тоскоол кылбай турган кылып өзгөртүп алуу үчүн жасалып жатат десек болот. Мисалы, Батукаевди чыгарган соттор күнөөгө тартылбай, тескерисинче, кызматтан жогорулашты. Ал эми Ташиевдерди соттобой койгон соттор, ишсиз калды. Конституциянын жаңы сунушталган долбоорунда сотторго ротация киргизилип жатат. Ким бийликти укпаса, аны ротация менен алыскы райондорго айдап жиберишет. Ал эми борбордук райондордогу соттордун орду өтө чон акча турат. Акаев-Бакиевдин учурунан эле 200 миң долларсыз сүйлөшпөйт. Демек, президенттин тегереги сотторду ротация кылуу менен эки коенду бир атат. Биринчиден, муну менен эрки күчтүү сотту жок кылышат, экинчиден анын ордун сатып бизнес кылышат. Менимче, бул жобо атайы бизнес үчүн киргизилген. Себеби, коомчулукта президентке жакын эки өтө таасирдүү саясатчы бизнесмендерге соттордогу, прокурорлордогу иштерин бүтүрүп берүү менен шугулданып, аны чоң бизнеске айландырып алышкан деген “миш-миш” кептер айтылып жүрөт.

– Көпчүлүгү “конституциялык өзгөрүүлөр кабыл алынгандан кийин, Атамбаев премьер болот” деп жатышат. Ал муну четке кагууда. Айрымдар “парламент тарайт” дейт.

– Кыргызстанда бардыгы болушу мүмкүн. Бирок, эң маанилүүсү ренферендумдан кийин, Кыргызстан кандай өлкөгө айланат, кептин баары мына ошондо. Менимче, 4-декабрдан кийин, Кыргызстан полицейлик өлкөгө айланат. Жогоруда айтылгандай бийлик 5 жыл аралыгында өлкөнү кантип башкаруу керек экендигин көрүп, Конституцияга ошого ыңгайлаштырылган өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Мына караңыз, акыркы мезгилде бир топ саясатчыларды “минтип айтты, антип айтты” деп камап коюшту. Экс-премьер Муралиевдин баласы да тыңчы деп 22 жылга эркинен ажыратылды. А.Муралиев муну “саясий заказ” деп жатат. Себеби, советтик доордогу улуу муундагы саясатчылардын эң эле таасирдүүлөрүнөн Р.Отунбаева жана А.Муралиев эле калды. Муралиев 1998-жылы дүйнөлүк кризисти ооздуктоодо чоң роль ойногон. Уулу Түркияда дипкызматта болгон. Анан өкмөттүн тышкы иштер бөлүмүн  жетектеген. Б.а. булар дүйнөлүк лидерлер менен тез тил табыша алышат. Конституциянын сунушталган долбоору боюнча президент менен премьердин таасири чоңоюп, парламенттин ролу азайып жатат. Б. а. президент менен премьер өтө күчтүү болушуп, Акаев-Бакиевдин учурундагыдай  өздөрүнө айтылган сындарга, өтө катуу чара менен жооп беришет. Сотторду ротациялап, башкаларды камап, коркутуп ж. б. у. с. ыкмаларды колдонуу күч алат. Кыргызстан И.Каримовдун учурундагы Өзбекстандын кейпин кийип калышы 100% мүмкүн. Ошондуктан, Атамбаев дагы шашпай жакшылап ойлонуп көргөнү оң деп ойлойм. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдөн баары эле элдин, коомубуздун кызыкчылыгында болуп жаткан жок. Айтып кетүүчү дагы бир жагдай – Атамбаевдин тегереги ага Конституцияга өзгөрүүлөрдү киргизип жатабыз деп, аны да, коомчулукту да алдап жатышат. Бул жерде бир аз өзгөрүүлөр жөнүндө сөз болгон жок, бул жерде Конституциянын жаңы долбооору жөнүндө сөз болуп жатат. Саясатчылар айтып жатпайбы, бул Конституциянын долбоору парламенттин V чакырылышындагы долбоордон таптаза айырмалуу, Конституция 90% өзгөрүүлөргө дуушаар болуп жатат деп. Б. а. парламенттин VI чакырылышы таптаза жаңы долбоорду сунуштап жатат. Конституциядагы өзгөрүүлөр бир аз гана бөлүктөрүнө тиешелүү деп алдап жатышат. Ошондуктан, коомдук талкуулар да болбой жатат. Себеби, коомдук талкуулар болуп, бул долбоор Конституциянын жаңы долбоору катары таанылып кетсе, анда парламент эле эмес, президент да кайра шайланууга туура келип калат. Парламенттин V чакырылышы  Текебаевдин авторлугун жоготпой, бир аз гана өзгөрүүлөрдү киргизген. Бирок, ага Атамбаев макул болбой, “Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөйт” деп койгон. Бүгүн болсо, парламенттин VI чакырылышы Текебаевдин авторлугун толук жок кылган Конституциянын долбоорун сунуштап жатат. Бул Конституциянын автору Текебаев болбойт, реформанын эң негизги максаты ошол болуп жатат. Ошондуктан, анын автору буүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Парламенттин VI чакырылышы сунуштап жаткан долбоор “Атамбаевдин Конституциясы “деп аталып калат. Демек, парламент да, президент да кайра шайланышы керек.

– Ошондуктан, Конституцияны биротоло алмаштырыш үчүн, баалуулуктарды кошуп жатышкан турбайбы?

– Ооба. Баалуулуктарды идеология катары берип жатышат. Бирок, идеология кагазга түшпөйт, ал элдин канынан жаралып, анын жүрөгүнөн жана аң-сезиминен түнөк табат да.

– Конституциянын долбоорун бир сөз менен мүнөздөөгө болобу?

– Чынын айтсам бул Конституциянын долбоору сабатсыз өлкө башчыга ылайыкташтырылган. Өлкө башчысына муляжды, шайтанды, же макулукту коюп койсо деле, коррупциялык система иштей бере тургандай кылып жазылгандай туюлат. Бул долбоордо мыйзамдар менен эле чечүүгө боло турган көп ашыкча нерселер кирип кеткен. Аны чыныгы бышкан Конституция деп айтуу кыйын. Ошондуктан аны элдин кызыкчылыгында жазылган эмес деп сындап жатышат.

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg”  гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *