Табылды Акеров, саясат таануучу: «Атамбаев депутат болом деп үч уктаса түшүнө кирбеген жаштарды саясатка алып келип, кадр саясатын талкалап салган»

— Табылды мырза, жаз келатат, жаздын келиши менен өлкөдө митингдер да башталып кетчү эле. Азыр өлкөдө саясий абал кандай?

— Абал тынч эле. Себеби, С. Жээнбеков өзүнүн шайлоодогу убадасын аткарып, эң алгачкы кадамдарын коррупция менен күрөштөн баштады. Бүгүн ал күрөш уланып, күчүнө кирип олтурат. Бийликтин бул аракеттери коомчулуктун купулуна толуп, колдоого арзып жатат. Бирок, канткен менен саясатчылар ар кандай саясий топторго бөлүнүп, кийинки парламенттик шайлоолорго карата даярдыктарды көрүү максатында бийликке тап берчүүдөй, аны өзүлөрү менен эсептешүүгө мажбур кылчудай түр көрсөтүүгө өтчүдөй абал жараткысы келүүдө. Бүгүн бир нече топту байкоого болот. Мисалы, А. Мадумаров өзүнчө бөлүнүп алды. Курултайчылар деген топ А. Бекназаров жана башкалар Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп кирди. Бабановчулар (республикачылар Р. Казакпаев, М. Сабиров) үчүнчү топту, Атамбаев бешинчи топту түзүп турат. Бирок, азырынча бул топтордун бири-бири менен биригип кетүүчү жалындуу
идеялары жок. Анан калса, булардын көпчүлүгү Атамбаев менен биригүүдөн алыс. Анткен менен Атамбаев менен бабановчулар реваншисттик маанайдагы саясий күчтөрдү түзүүдө.

— Мадумаровду Атамбаевге ыктады деп жатышпады беле?

— Жок. Менимче ал бекер сөз. Себеби, А. Мадумаровдун өз электораты бар. Ал таасирин жогото элек. Ошондуктан ага бүгүнкү позициясы өтө ыңгайлуу.

— Эгер аны башка топтор лидер болуп бер деп алдыңкы позицияга түртсөчү?

— Мадумаров лидерликке макул болбойт. Себеби, башка топтор аны алдап лидерликке алып келип алып, өзүлөрү бийлик менен сүйлөшүп, аны критке чабып салышы мүмкүн. Ошого ал оңою менен тигилер менен бирикпейт.

— Биз баары бир митинг жолунан качып кутула албайт экенбиз да. Же башка бир жолу барбы?

— Биринчи кезекте биз өз кыялыбызда Кыргызстанды кандай өлкө катары көрөбүз, ошону аныктап алышыбыз керек. Демек, дал ошол моделди кантип түзүшүбүз керек, мына ошол багытта талдоо жүргүзүшүбүз абзел. Акаев доорунда саясий партиялардын ээн-эркин өнүгүшүнө чоң тоскоолдуктар болгон. Акаев кландык башкарууну туура көрүп, аны ыңгайлуу деп билчү. Ошондуктан, ал саясий партияларды
өнүктүрүүнүн ордуна, алардын өнүгүшүнө Конституциялык негизде каршы саясат жүргүзгөн. Ошого ал Конституцияда саясий партияларга 15% гана орун бөлүп койгон. Анын бул аракеттерин «Оппозициянын баарын чогултса, бир автобус болбойт» деген сөзү эң таамай бышыктап турат. Ал эми өзүнүн мөөнөтү бүтөөр алдындагы парламенттик шайлоолордо батыштагыга жакыныраак шарт түзүп, саясий партиялардын кандидаттарына жер-жерлерден шайланып келүүнү шарттап койгон. Бул жол менен жер-жерлерден өзүнүн кызы Бермет түзгөн «Алга Кыргызстан» партиясынын кандидаттарын административдик ресурстун жардамы менен парламентке алып кирип алам деп элдин каарына калган. Ошентип, 2005-жылы 24-мартта анын стратегиялык пландары ойрон болуп, бийликтен кулады. К. Бакиев Акаевдин каталарын кайталагысы келген жок. Ал саясий партиялардын талабына көнүп, өлкөнү көп партиялуулук системага өткөргөн. Бирок, парламенттик шайлоолор алдында бир күндүн ичинде «Ак жол» деген партияны түзүп ала коюп, аны 71 мандат менен парламентке киргизип алган. К. Бакиев бийликтин контролдук пакети колго тийди деп жаңы эле каалашынча саясат жүргүзүп, стратегиялык объектилерди сатып, тарифтерди көтөрүп, көксөгөн максатына жетип, чыныгы монархтын жашоосуна өтүүгө бел байлаганда, элдин каарына калып кулады. Атамбаев өзгөчө жол менен бийликке келди. Апрель революциясынан кийин УӨ төраймы болуп Р. Отунбаева
бекиген. Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткаруучу болчу. Р. Отунбаева 1,5 жыл бийлик жүргүзгөндөн кийин (2010-жылдын 27-июнунда жаны Конституция кабыл алынып, парламент шайлангандан кийин) гана президенттик шайлоолор болуп, парламентке 5 партия келген. Алар «СДПК, «Ата-Мекен», «Ар-Намыс», «Республика», “Ата Журт». Ошондон кийин гана президенттик шайлоолор өткөрүлгөн. Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет дегендей Атамбаевди биринчи күндөн тартып контролго алып, Президенттин Конституциялык ыйгарым укуктарын азайтып, алсыздантып туруп бийликке алып келишкен. Атамбаев адеп Англиянын королевасындай болуп, алсыз болуп жатты. Бирок, кийин контролдон чыгып кеткен. Ал аткаруу бийлигине, өзгөчө күч органдарына прокуратура, Коопсуздук кызматы, сот системасынын башына өз кишилерин алып келип алып, үстөмдүк кылуу жолуна өткөн, саясатчыларды камап, эч кимге ээ бербей калган. Мамлекеттик машинанын күчү менен кезектеги 2015-жылкы парламенттик шайлоолордо Атамбаев өтө куулук менен ЖКны чөнтөк парламентке айландырууга
жетишкен. Муну менен Атамбаев илгертен келаткан саясий партиялардын эволюциялык өнүгүү жолун жокко чыгарган. Ал клон партияларды жаратып, дал ушул клон партиялардын колдоосу менен өлкөнүн Конституциясын өзгөрткөн жана көптөгөн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, өзүнүн жакындарына коррупциялык аракеттерге барууга жол ачкан. Өлкө бир ууч топтун талап тоноосуна кабылган. Ийри кредиттик жана гранттык долбоорлор, кен байлыктар, бизнес структуралар, финансы жана бажы тармагы
толугу менен ошол топтун контролунда калган. Атамбаев өтө тез убакытта өлкөнүн бардык тармактарын толук контролго алууга жетишкен. Себеби, Акаев-Бакиевдерге караганда Атамбаевдин Конституциялык мөөнөтү бир эле мөөнөткө чегерилген болчу. Бирок, Атамбаев баарына үлгүрүп калган. Анын бир эле резиденцияда жатып алып өлкөнү башкаруу кыялы ишке ашпай калды десек туура болчудай. Бирок, Атамбаев өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз сокку уруп кетти десек болот. Биринчиден, ал көп партиялык
системасынын өнүгүшүн эволюциялык жолдон чыгарып, клон партияларды жаратуу менен аны табигый же күчкө салуу жолуна тушуктурган. Экинчиден, мамлекеттик машинанын жана административдик күч колдонуу менен саясий элитаны алмаштырып, улуу муундагы саясатчыларды саясий аренадан сүрүп чыгып, чоң саясатка барам, депутат болом деп үч уктаса түшүнө кирбеген жаштарды саясатка алып келип, мамлекеттик кадрларды тарбиялап, даярдоо саясатын түп-тамырынан бери талкалап салган. Ошондуктан, бүгүн Конституциясынын нормалары өлкөнүн мыйзамдарына шайкеш келбеген, ал эми мыйзамдар бири-бирине карама-каршы болуп калган көрүнүштөр кездешип жатат. Үчүнчүдөн, мамлекеттик машинаны, бийлик бутактарын толугу менен өзүнүн жана өз тегерегинин жеке кызыкчылыктары үчүн, баюу үчүн колдонгон жана иштеткен. Бул абалдан чыгуу үчүн Кыргызстанда бүгүн «Саясий партиялар» жөнүндөгү
мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү абзел. Бул мыйзамга бир нече жаңы нормалар киргизилиши керек.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *