Табылды Акеров, саясат таануучу: «Атамбаев кыргыз коомчулугунун эсинде көбүнчө терс каарман катары калды го деп ойлойм»

Акыркы апталар окуяларга бай болду. Укук коргоочу Н. Токтакунов президенттикке кандидат С. Жээнбековдун штабынын кара кассасы деп жар салып, бийлик менен экс-президент Атамбаев башында турган топтун тирешине керосин чачып, от тутанткысы келди. Буга кошул-ташыл Атамбаев “Апрель” телеканалына кеңири маек курду. Жээнбеков экс-спикер, экс-премьер-министрлер менен мамлекеттик резиденцияда жолугушту. Мына ушул маселелерди чечмелеп, буларда катылган сырларды ачыкташ үчүн саясат талдоочу, гезитибиздин эксперти болуп келаткан Табылды Акеровду баарлашууга тарттык.

— Өткөн жумада укук коргоочу (учурда С. Исаковдун адвокаты) Н. Токтакунов С. Жээнбековдун штабынын кара кассасы деп кандайдыр тизмени жарыя кылып, коомчулукту дүрбөлөңгө салып, бомба жардырымыш болду. Бирок, бул иш коомчулукка таасир бергендей болгон жок, колдоо таппады. Бул эмне тизме жана муну менен бийликке сезе көрсөткүлөрү келдиби? Муну менен Атамбаев жана анын тегереги эмнени айткысы келди?

— Мен ал тизмени көрдүм, баарын тыкыр карап чыктым. Анда же штамп же мөөр жок. Бул жөн эле баланын оюнундай болуп калды

— Бирок, ошол тизме чыкканда парламент комиссия түзүп, муну тыкыр изилдесин деп жатышпадыбы?

— Ооба. Алар балким, өз кыялдарында, ушинтип бомба кылып чыгарып салсак, парламентке комиссия түздүрүп алсак деп ойлошсо керек. Бирок. парламент андай кагаздарды документ катары кабыл албайт да. Парламент бул мамлекеттик орган. Анын ар бир аракети мамлекеттик негизде болууга тийиш. Бирок, Ф. Ниязов бул тизмедеги маалыматтар чын деп билдирүү кылганына караганда, бул иштин артында КСДПнын штабы турса керек деген ой кетти. Муну менен Ф. Ниязов бул аракеттердин артында өзү тураарын мойнуна алды десем болот. Бирок, бул тизмени жарыялоо көп нерселердин сырын ачкансыды. Атамбаев жана анын тегереги үчүн өздөрүнө керек материалдар официалдубу же официалдуу эмеспи маанилүү эмес. Буларга эптеп эле бир маалымат жазылган кагаз болсо болду. Аны документ катары таанып, ал боюнча өздөрүнө керектүү багытта аракетерди жасап, чечимдерди кабыл ала беришкен. Башкача айтканда, бул алар үчүн көнүмүш адат болуп калганын көрсөттү. Мисалы, «Белизгейт» операциясы. Мындан башка да «Юпигейт», “Саруугейт”, «Маевскийгейт» жана башка толуп жаткан ушул сыяктуу шоулар болуп жатпады беле. Өзүңүз көрүп тургандай «Тизмегейт» менен «Белизгейт» кудум окшош болуп жатпайбы. Демек, булар бизди мына ушундай жол жана методдор менен 6 жыл башкарышкан. Бирок, бул жолу булар парламенттин алардын контролунан чыгып кеткенин унутуп коюшса керек. Ошого комиссия түзүлбөсүн билип, коомчулуктан колдоо таба албай калгандыктан тымпыйып олтуруп калышты. Ошентип, «Тизмегейт» ишке ашпай калды, коомчулуктан колдоо тапкан жок. Фейсбукта Атамтабаевди баш кылып, Фаридти төш кылып сөгүп жатышты. Ал эми Н. Токтакуновду тез арада Улуттук коопсуздук кызматына чакырып, суракка алуусун талап кыла башташты. А. Шыкмаматов бул чын болсо Ф. Ниязов камалышы керек деп жар салды.

— Кыязы, ошого Н. Токтакуновдун фейсбуктагы аккаунтунда Атамбаевдин 2011-жылдагы президенттик шайлоолордо бизнесмендерден чогулткан миллиондору жөнүндөгү маалымат чыгып кетти го?

— Билким. Коомчулуктун терс реакциясынан кийин тез арада артка чегинүү болду көрүнөт. Себеби, эч штампы, мөөрү, колу жок тизмени официалдуу маалымат катары колдонуу өтө кооптуу да. Фейсбукта аны Президенттин аброюна шек келтирди, сурак берип, тизмени кимден алгандыгын ачсын деп талап кылып жатышпадыбы? Кыязы, мунун авторлору өзүлөрүнүн чыныгы жүзүнүн ачыкталып калышынан коркуп кетишти шекилдүү.

— Көптөн бери ММКларда чыкпай жүргөн А. Атамбаев да «Апрель” телеканалына кеңири маек берди. Бул алдын ала ойлонуштурулган иш эмес беле? Анын маегин кандай кабыл алдыңыз?

— «Тизмегейт» атайын уюштурулган иш болушу толук мүмкүн. Аны жарыя кылган кишинин ким экендиги эле баарын айтып турат. Н. Токтакуновду Кыргызстанда эле эмес, тышта да жакшы таанышат. Ошондуктан анын жарыялашы өтө жүйөлүү жана максатка ылайык деп табылгандай. Муну менен бүтүндөй коомчулукту, элчиликтерди, дүйнө өлкөлөрүнүн көңүлүн бурдурууга мүмкүн болчу. Бул маалымат чыккандан кийин өлкө ичинде да, сыртында да Атамбаев өзүнүн маегинде эмнелерди айтаар болду экен деп тыңшап калат деп ойлошкон. Ошондуктан, Атамбаев өз маегин кыргыз тилинде эмес, орус тилинде берген. Атамбаевге кыргызстандыктардын аудиториясынын кереги жок болчу. Ал биринчи кезекте Орусияга жана дүйнө коомчулугуна өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерге өзүнүн көз карашын, пикирин жеткириши керек болчу. Баардык камоолорду саясий заказ деп догурунушу керек эле. Ошондуктан, Атамбаев Түркиянын президенти Т. Эрдоган, казак өлкө башчысы Н. Назарбаевдер тууралуу да билдирүүлөрдү жасады. Мурда өзү президент кезинде кетирген каталарын мойнуна алгандай түр көрсөткүсү келди. Ө. Текебаев жөнүндө эскерип, ал күүнөөлүү болчу. Бирок, аны бекер каматкан экем дегендей өкүнүч, оор үшкүрүк кылгансыды. Атамбаев мурда кетирген каталарына кейип жаткан адамдай, кыргыз коомчулугунун алдынан өтүп жаткандай түр көрсөткүсү келди. Ошого аягында мен дагы да саясатта кала берем деп маегин бүтүрдү. Муну менен Атамбаев чоң саясаттагы кийинки чабыттарына картбланш алгысы келип жатканын билдирди. Ал маегинде өзүнүн тегерегиндеги саясатчылардын жана мамчиновниктердин камалышын саясий негизде болду деп билдирип, аларга моралдык колдоо көрсөтүмүш этти. Ошол эле учурда «мен президент катары өлкөгө акча алып келип берчүмүн, ал эми аны колдонууда кимдир бирөөлөр коррупциялык аракеттерге барса, анда жооп беришсин», — ​деп кескин балп эттирип салды. Бирок, өлкө башчысы катары өзү алып келген акчаны контролго алып, аны талатып жибербей, туура пайдаланылышын камсыз кылуу анын түздөн- түз милдети экенин билмексенге салды.

— Бирок, коомчулукта Атамбаевдин маеги курч болбой калгандыгын айтып жатышат. Муну кандай баалай аласыз?

— Анын бир гана себеби бар. Атамбаев маек берерге бир күн калганда Москвада алдамчы Маевский камалды деген маалымат тарап кетти. Атамбаевдин бийлиги аны пайдаланып, Ө. Текебаевди камоого жетишкени белгилүү. Эми камактагы Маевский 7- апрель окуяларынан кийин ким менен жолукканын ачык айтып салышы мүмкүн да. Ал гана эмес “Мегаком”, Ө. Текебаев, Чотоновдордун маселелери боюнча да кимдер менен жолугушуп, кимдерден кандай убадаларды жана жардамдарды алгандыгын айтып, көп нерселердин чындыгы коомчулукка чыгып кетиши мүмкүн. Ошого бир аз чоочуркап, мурдагысындай ороңдоп-бараңдай албай калды.

— Атамбаев мурда арстандай айбат менен атырылып, эч кимди алдына чыгаргысы келчү эмес эле. Байкоого караганда ал алсырап калган өңдүү. Айрым саясатчылар аны ресурсун түгөтө элек бирден бир саясатчы катары баалап жатышпайбы?

— Бүгүн Атамбаевдин дымагы сууп калганын көрүүгө болот. Себеби, ал жыдыды… Менимче, Атамбаев 2016-жылдын 31-августунда Р. Отунбаева жана башка УӨ мүчөлөрүнө жөнү жок асылганда эле жыдыган. Мына ошондон бери акырындык менен өзүнүн электоратын жоготуп, саясаттан четтеп келатат. Бирок, Атамбаев мурдагысындай эле күтүү режиминде турууну эп көрүп жатат. Мына кечээ анын штаб жетекчиси Ф. Ниязовдун маеги жарык көрдү. Ал өзүнүн маегинде Атамбаев менен Президент С. Жээнбековдун ортосундагы конфликттин бар экендигин айтып, алгач Атамбаев кеңеш берип турууну туура көргөн. Кийинчерээк Өкмөт башчы С. Исаков кызматтан кеткенден кийин баары түшүнүктүү болду. С. Жээнбеков өз жолу менен кетээри анык болду дейт. Маселе эбак чечилиш керек болчу экен да. Бирок, А. Атамбаев өз маегинде кайра эле нааразы экендигин билдирип жатпайбы. Ал “Мен С. Жээнбековду президент кылгам, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө учурунда жардам бергем “ деп окурмандарды таң калдырып жатат. Адеп мен дагы бир укмуштуудай бир нерсе кылып жибергенби деп ойлопмун. Төмөн жагын окусам, агасын элчи кылгам, инисин спикер кылгам деп жазыптыр. Менимче бул өтө уят иш. Кыргызстандын эли билет Жээнбековдор Акаев, Бакиевдердин мезгилинде эле чоң саясатка аралашып, коомдон өз ордуларын таап алышкан. Акаевдин, Бакиевдин учурунда эле чоң-чоң кызматтарды, элчиликтерде кызмат өтөп келишкен да. Ошол кезде эле агасы К. Бакиевге атаандаш болуп, президенттик шайлоолорго катышпады беле. Анан эми С. Жээнбеков Акаев, Бакиевге да милдеткер болуп калабы? Атамбаевдин мындай өңүттө доомат артканы өтө пастыкты көрсөтөт жана уят иш. Ал ушул айтканы менен дагы жыдыды… Кыргызстанда Атамбаев менен Жээнбековдордун илгертен келаткан өз ара жакшы мамилелери болгондугун жакшы билишет. Бирок, Атамбаевдин акыркы билдирүүсүнөн кийин коомчулукта ал өз мөөнөтү бүткөн соң илгерки мамилелерине таянып, Президент С. Жээнбековго басым көрсөтүп, аны өз таасиринде калтырып келгиси келип жатканын баамдаса болот. Бул таптаза туура эмес да. Ошол кантип болсун? Ошол эле учурда Атамбаев бүгүн С. Жээнбеков Кыргызстандын эли шайлаган президент, өлкө башчы экенин мойнуна алгысы келбегендей. Тескерисинче, Атамбаевге милдеткер катары карагысы келгендей. Ошого Топчубек Тургуналиев мындай уятсыз дооматтардан тажашып, ачык эле аны психиатрга көрүнүп алчы деп кеңеш берип жатпайбы. Атамбаев баарын сынап, жаманатты кылганды жакшы көрөт. Мисалы, 31-августту алалы. Бирок, ал тескерисинче, УӨ мүчөлөрүнө миң мертебе ыраазы болушу керек эле да. Анын ичинде Ош, Жалал-Абад коогалаңы мезгилинде катуу туруп берген С. Жээнбековго. Ошол учурда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, баары бул кандуу кагылышты токтотуу менен алек болуп жатканда А. Атамбаев 3 күн саясий аренадан жок болуп кетпеди беле. УӨ мүчөлөрү баарылап, анын бул кылган ишин жаап беришкен да. Эми айтып жатышат, аны Орусиянын ФСБсы кайтарып, өлтүрүп кетет, чыкпаңыз, көрүнбөңүз деп кеңеш берип, чыгарбай, катып коюптур деп. Бул өтө уят нерсе да. Эл кыйын абалга тушугуп, өлүмдөр болуп жатканда, лидердин жаны таттуу болуп, кимдир бирөөлөрдүн кеңешин угуп, коомчулуктан жашынып жатып алганын кандай түшүнүүгө болот? Ошондо Атамбаев элдин башында туруп, чатакты токтотууга аракет кылууга милдеткер болчу. Эч нерсе колунан келбесе да, жок дегенде кабинетинде олтурса да, кичине дем болот эле го. Ошол күндөрү канчалаган адам бейкүнөө өлүп кетти. Атамбаев 2 жолу революцияны мен кылгам дейт, анда ошол жоготууларга да ал жооп бериши керек. Эл өлүп жатса, премьердин милдетин аткаруучу жашынып олтурат деген бир да өлкөнүн тарыхында болбосо керек. Элдин, жаштардын өмүрүнөн, өзүнүн өмүрүн артык көргөн лидер тарыхта болбосо керек. Жаны таттуу лидер эч кандай лидер эмес да. Эгерде Атамбаев өзүн чыныгы лидер эсептесе жана көрсөткүсү келсе, анда ошондой кыйын кезеңде ал элдин алдында, туунун жанында турмак эле да. Бирок, Атамбаев ошол күндөрү өзүн нукура лидер катары көрсөтө алган эмес. Ошол кезде Кыргызстан, эл Бакиевдерден кутулууну каалап турган. Ошондуктан, бул аракеттерге анчейин көңүл бурулбай калган.

— Күтүү режиминде болгусу келгенин кандай түшүндүрөсүз?

— Мен көпчүлүк саясатчыларды байкоого алып, аракеттерине баам салып келем. Атамбаевди оппозициядагы кезинен бери билем. Ал Москвадагы С. Орджоникидзе атындагы башкаруучулук институтун бүтүргөн. Кесиби инженер-экономист, өндүрүштү уюштуруучу. Ал окуу жайын бүгүн Мамлекеттик башкаруу университети деп коюшат.

Мындай окуу жайлар өтө маанилүүлөргө кирет. Бул окуу жайды биздин Башкаруу академиясы менен окшоштурса болот. Бирок, албетте теңөөгө болбойт. Мындай окуу жайларда өнөр жайын же экономиканы эле башкарууну эмес, коомдук процесстерди, “толпаны” да контролго алып, башкаруунун ыкмалары боюнча билимди тереңдетсе болот. Анткен себебим, бул окуу жайы СССР учурунда түзүлгөн. Ал кезде көпчүлүк окуу жайлар КГБнын көзөмөлүндө болгон. Атамбаевдин же анын тегерегинин аракеттеринен коомду, “толпаны” бөлүп-жарып, ыдыратып алып, аларды алсыратуу, контролго алуу ыкмасы байкалат. Мисалы, «Юпигейт», «Саруугейт», «Белизгейт», «Маевскийгейт», «Тизмегейт» сыяктуулар. «Тизмегейт» да өтө дыкат ойлонуштурулган проект. Муну менен Атамбаевдин тегереги алыска укурук таштоону көздөгөн. «Тизмегейттин» негизги максаты С. Жээнбековдун бийлиги 2020-жылы таза шайлоолорду өткөрө албайт деген пикирге саясий күчтөр, шайлоочуларды көндүрүү жана ынандыруу. Ошондуктан азыртан булар алдын ала кайырмак таштап, 2020-жылдагы шайлоо процесстерин контролго алгылары келип жатышат. Бийликти ийге келтирип, сүйлөшүүлөргө барууга мажбур кылууну көздөөдө. Импичмент дегени болбогон эле кеп. Импичменттин өтпөсүн өзүлөрү деле жакшы билишет. Мына ошого мен Атамбаев көчө лидерликти, көчө процесстерин жөнгө салууну, контролго алууну өздөштүргөн саясатчы деп ойлойм. Анын учурунда митингчилерге, оппозицияга, “толпага” ар кандай диверсиялар жасалып, бөлүп-жаруу өзгөчө күч алды. Атамбаев ар бир абалды өзүнүн пайдасына ылайыкташтырганга аракет кылат. Атамбаевдин доорундагы өзгөчө кызык диверсия катары «Кайран элим, кайда баратасың?» аттуу банерлерди айтсак болот. Мында контрасттык маанидеги пикирди колдонуп ар бир адамды чоочуркагандай абалга алып келүү аракети көрүлгөн. Ошол эле учурда элди экиге бөлуп салуу каралган. Ушундай эле жол менен ал журналисттерди да күнөөгө жыккан учурлар болгон. Мисалы, айрым журналисттерди өтө көп сындагандыгы үчүн жакындарыман, энемен, агаман айрылдым деп ачык эле күнөөгө жыгып салган. Самолёт кулаганда да журналисттер көп жаза берип, өмүрлүк жарым капельница алып жатып калды деп күнөө таккан.

— Демек, Атамбаевди али эсептен чыгарбай турушубуз керек экен да?

— Атамбаев бүгүн С. Жээнбековдун жаңылышын күтүп жатат. Өткөндө айтпадыбы, С. Жээнбеков өлкөдө бакиевдердикиндей абалды түздү деп. Мунусу менен ал Жээнбековдор өз кландарын бийликке, кызматка алып келишип, бакиевдерден айырмасы жок болуп калды деген пикирди жайылта албай жатканы көрүнүп калды. Себеби, бүгүн коомдо, өзгөчө түндүктө, бакиевдерге антипатия өтө күч. Менин эсиме Атамбаевдин Бакиевдин бийлигине каршы борбордук аянттагы митингдеги билдирүүсү түшүп жатат. Баарыбыз чогулуп турсак, Атамбаев ортого чыгып, Бакиев өлкөгө Кокон хандыгынын бийлигин орнотуп алды, ошого ал бийликтен кетиши керек деп билдирди. Кокон хандыгын пайдаланып, “толпаны” Бакиевдерге каршы октоп салып, “толпанын” көңүлүнө арзыды. Бирок, көчө лидерлерине шанс бир гана жолу келет. Бүгүн баардык саясий партиялар, лидерлер, саясатчылар Атамбаевдин чоң саясаттан кетишин каалап турушат. Себеби, ал чоң саясаттан кетсе, анда аларга жаңы чабытка жол жана мүмкүнчүлүк ачылат. Ошого курултайда да Атамбаевге өтө катуу сын-пикир айтылып, аны камоону талап кылышты. Бирок, күтүү режиминдеги Атамбаев “саясатчылар азыр жаңылып жатышат, булар бир кезде менин алдыма кайра келишет” деп жатат. Бирок, андай болбойт. Атамбаевдин саясаттан биротоло кетишин орусиялык саясат таануучулар деле айтып жатышат. Алар Москва азыркы официалдуу бийликти колдоорун айтышып, кааласа Атамбаевге Орусиядан жай алышына жардам берилээрин билдиришүүдө.

— Жакында болуп өткөн курултай Атамбаевди сынга алып, камалыш керек деген чечимди колдободубу?

— Курултай коомдо проблема жаралганда чакырылат. Бул жолу да экс-президент Атамбаевдин кайрадан чоң саясатка кирүү аракети коомдун тынчын кетирип, ар кандай пикир келишпестиктерди, тирешүүлөрдү жаратып жатты. Баарына чекит коюш үчүн курултай чакырылды. Курултайда Атамбаевдин мөөнөтүнүн бүткөнүнө байланыштуу анын дооруна жана аракеттерине саясий баа берилди. Анын аракеттерине канааттандырарлык эмес деген баа берилди. Менимче бул туура болду. Атамбаевди сынга алуу же өгөйлөө бул саясий заказ эмес. Байыртан «Эмне сепсең, аласың да ошону» деген накыл сөз бар. Атамбаев кыргыз коомчулугунун эсинде көбүнчө терс каарман катары калды го деп ойлойм. Ал өзүнүн натурасына жараша өзү жөнүндө терс пикир жана баа калыптандырды.

 Т.Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *