Табылды Акеров, саясат таануучу: “Авторитардык режим түптөлсө нааразычылыктар башталат, ал кайрадан революцияга алып келет”

– Табылды мырза, акыркы кезде Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбөк Текебаевдин ортосундагы каршылашуу саясаттан чыгып, жеке тирешүүгө өтүп кеткендей ой калтырууда. Сиздин бул тууралуу пикириңиз кандай?

– 31-августтагы Атамбаевдин билдирүүсү бекер жерден болгон жок. Атамбаев эмоцияга алдырымыш болуп, образга кирип, өзүнүн Убактылуу өкмөттөгү табакташтарын омуроолоп, аларды коркутуп жатты. “Мародерлук да табылат, банк ячейкалары да ачылат” дегендей өңүттө. Бирок, анын омуроолоруна Ө.Текебаев так жооп кайтарды. Ал: “1 жыл калды бийликтен кетээриңе, тап. Болбосо сени менен кызматтан кеткенден кийин эркекче сүйлөшөм”,- деп расмий билдирди. Андан көп узабай эле, Текебаев ага Атамбаевдин атынан анын аппарат жетекчиси Д.Нарымбаев келип, “Батукаев маселесин көтөргөндү токтоткула, болбосо мародёрлукту кайра көтөрүп, кайра тергейбиз”,- деп коркутканын айтып чыкты. Ага удаа эле Акаевдин мамкатчысы О.Ибрамиов бийликти өтө катуу сынга алган билдирүү таркатты. Анда: “Атамбаев 31-августта Р.Отунбаеваны омуроолоп, УӨтү сынга алып, өзүнүн обочолоосу менен конституциялык реформаларды жүргүзүү идеясынын тамтыракайын чыгарып алды”,- деп билдирди. О.Ибраимов “бийлик конституциялык өзгөрүүлөрдүн негизги себеби – 2010-жылдагы түштүк окуялары болуп жатканын билдирип койду”- дейт. Анын пикиринде бийлик “азыркы Конституция боюнча Кыргызстандын суверендүүлүгү так эмес, ал БУУ талаптарына баш йигидей жазылган” деп коркуп, аны өзгөртүп, өздөрүн кийин бир нерсе болуп кетсе, түштүк окуялары үчүн жооп бербегидей кылып коюуга далаалат кылып жатканын айтат. Менимче, конституциялык өзгөртүүлөрдү бийликтин акыркы 6 жыл аралыгындагы коррупциялык жогоруда айтылган Ош, Жалал-Абад трагедиясы, Батукаев ж. б. негативдүү көрүнүштөр үчүн жооп бербөө максатындагы далалаты катары да кабылдаса болот. Бирок, мындан башка да эң негизги себеп – ал алдыдагы президенттик шайлоолор. Ошого президенттин тегереги баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө Атамбаевди көндүрүп алып, аны пайдаланып, 2017-жылдын күзүндөгү президенттик шайлоолордун тагдырын чечүүнү көздөп жатат. Алар Атамбаевди УӨкө каршы коюп, анын колу менен өлкөдөгү аты таанымал, таасирдүү саясатчыларды саясаттан алыстатып, сүрүп чыгарып салууну көздөп жатышат. Андан соң алар чөнтөк парламенттин фракция лидерлерин, анан КСДПнын башчыларын президенттикке барбоого көндүрүп, өздөрүнүн ичинен бирөөнү алып чыгууну максат кылып жатышы ыктымал. Болбосо, кетип жаткан президентке эмне шам. Кетеринде өз табакташтары менен алаканы бузуп, ага эмне зарыл?

– Экөөнүн тиреши бизди кай жакка алып баратат? Эми саясий аренада кандай өзгөрүүлөр болот, бизди эмне күтүп жатат? Бул тирештин Кыргызстанга залакасы тийбейби?

– А.Атамбаев бүгүн өз миссиясын туура түшүнүүсү шарт. 2010-жылы өлкө канга боелуп жатканда, жаңы Конституциянын долбооорун кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатканда, эл “мындан кийин эч убакта баш мыйзам алмашпайт”,- деп, ошол референдумга ишеним менен барган эле да. Убактылуу өкмөткө ошондо чоң ишеним берилген да. Себеби, Конституциянын долбоорунда так жана даана, “2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт”- деп жазылып турган. Ошого эл ишенди. Президент А.Атамбаев шайлоого барганда да эч бир жерде “баш мыйзамды өзгөртөм”- деп убада берген эмес эле. Тескерисинче, А.Мадумаров ар бир барган жеринде “бул Конституцияны мен алмаштырам” деп билдирип келген. Шайлоочулар “Конституцияны алмаштырбайм” деген А.Атамбаевге добуш берген. Себеби, “Атамбаев УӨ лидерлеринин бири катары Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөйт” деген ишением бар болчу. Ал УӨ мүчөсү катары гарант болчу. Ошондуктан шайлоочулар А.Атамбаевге добуштарын берген. УӨ мүчөсү, өлкөнүн президенти катары Конституцияны 2020-жылга чейин сактоо, коргоо Атамбаевдин дагы бир миссиясы. Эгер бүгүн Атамбаев эмес, башка бирөө аны бузганы жатса, анда баары, Атамбаев баш болуп, каршы чыкмак да. Себеби, Конституцияда “эч ким өзгөртө албайт” деген жобо бадырайып жазылып турат. Өзгөртүүлөрдү өлкөнүн суверендүүлүгү менен чаташтыруунун кажети жок. Ошол эле Үңкүр-Тоого үн ката албай олтурганда, каяктагы суверендүүлүктү айтса болот. Бийлик кыргыз жерлерин сатып, чек ара маселесинен акча жасап жатса, каяктагы суверендүүлүк. БУУга болбогон документин бетке кармаганча, Үңкүр-Тоого талапка ылайык керектүү жооп берип алышса гана.

– Эки тарап мындан кийин мунасага бара алабы? Мындай акыбалдан чыгуунун жолдору барбы?

– Жолдору көп. Биринчиси, баары мыйзамдын негизинде жүрүшү керек. Президенттик аппарат ЖКнын ички ишине кийлигишпеши керек. Парламент бул ишти өз колуна алышы керек. Фракция жетекчилери баарын суйлөшүү жолу менен чечүүсү зарыл. Ошондо гана туура, элдин кызыкчылыгындагы Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга болот. Кийинки президент бүгүн Атамбаев кандай Конституцияны өзгөртүп жатса, дал ошондой эле аны өзүнө ылайыктап оңдоп алууга аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан, бардыгы мыйзамдын чегинде жүрүшү керек.

– Эки тараптын тирешин үчүнчү бир күчтөр өз пайдасына чечип, абалдан пайдаланып кетүү коркунучу барбы?

– Акаев, Бакиевдин учурунан бери үчүнчү күч менен коркутуп келатышат. Бирок, үчүнчү күч деги саясий аренедан байкалган эмес. Ошондуктан бул курулай сөздөр. Саясатта көпчүлүк учурларда эки эле карама-каршы күч болот. Үчүнчү күч айрым гана учурларда болот. Бүгүнкү Кыргызстандын шартында да эки эле күч талашып жатканын көрүп жатабыз. Булар сүйлөшүүгө барып, компромиске келишсе, саясий процесстер тынч өтөт. Эгер, сүйлөшө алышпаса, анда нааразычылыктар күчөшү мүмкүн. Эл кыйналып кетсе, баарын Конституциянын өзгөрүшүнөн көрүп, аны бийликке каршы көтөрүү эң оңой болуп калат. Бирок, референдум өтөөрү менен бийлик контрчабуулга өтөру күтүлгөн нерсе. Ал президенттик шайлоолордун алдын алуу үчүн саясатчыларды кодулап, лидерлердин шайлоого барбашын камсыздоого өтөт. Өздөрү каалаган бир талапкерге даңгыр жол ачууга аракет жасалат.

– Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев: “президентибиздин жаңылануу саясатын сындагандарды, эл арасында бузукулук кылып бөлүп-жаргандарды Кудайга койдум, аларды Кудай жазаласын!”- деди. Анын мындай маанайдагы сөздөр менен чыгып сүйлөшүнө эмне түрткү болушу мүмкүн? Саясий жактан туура билдирүү болдубу?

– Кайсы гана бийлик жана президент болбосун, анын ар бир аракети коомчулуктун көзөмөлүндө болушу абзел. Демократиялык коомдо анын аракеттерине дайыма татыктуу баа берилип турушу керек. Антпесе коом өнүкпөйт, мамлекет жана коом тез эле кошоматчылыктын айынан авторитардык же тоталидардык режимге кабылып калышы мүмкүн. Себеби, айрым мамчиновниктер бийликке татыктуу жол менен келбейт. Өзү да чабал болот. Анан алар иштин майын чыгарып көрсөтө албай, эптеп бийликте кармалып туруш үчүн, ар кандай кошоматчылык жолдор менен өзүнүн кызматка келүүсүн “отрабатывать” эте берет. Алыс барбай эле Кыргызстанды алалы. 2005-жылкы революциядан кийин, Акаевди жана анын режимин аны менен колтукташып жүргөндөр эле жамандап чыгышып, “Кыргызстан эми мыкты жетекчиге кабылды” деп Бакиевди жерге, сууга тийгизбей мактап жатып калышкан. Аягы эмне менен бүттү? Кыргызстан жаңы авторитардык режимге кабылды. Азыркы Атамбаевдин тегерегинде ошол эле адамдар олтурат. Алар бүгүн да мактап-жактап, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, баягы эле бийликти бекемдөө саясатына өтүп жатышат. Алар: “Кыргызстанга зөөкүр авторитардык режим болбойт экен. Эл кулатып коет. Эми биз салыштармалуу ийкемдүү авторитардык режим орнотуп көрөлү”,- деп жатышат. Бирок, авторитардык режим салыштармалуу ийкемдүү болбойт. Ал баары бир бийликтин баарын өз колуна топтогон бекем саясий системага айланат. Анан кайрадан нааразычылыктар башталат, ал кайрадан революцияга алып келет.

Автандил Белеков

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *