Табылды Акеров, саясат таануучу: “Өлкөдө чечүүчү саясий абал түзүлдү: КСДП 100 жыл башкаргысы келет, а Бабанов саясатта бар, же жок болот”

Саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров менен маек

– Табылды мырза, өлкөдө конституциялык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Бул боюнча  ар түркүн пикирлер айтылууда. Ошого акыркы саясий окуяларга баа жана конституциялык өзгөрүүлөрдүн жөрөшүнө бир аз мүнөздөмө берип өтсөңүз.

– Өзүңүздөргө  белгилүү болгондой, конституциялык палатанын соту Эмил Өскөнбаев бул органдын 11 сотунун ичинен жалгыз бийлик тарабынан киргизилип жаткан конституциялык өзгөрүүлөргө каршы добуш бергени – коомчулук тарабынан өзгөчө бааланып, соцтармактарда чоң талкуу жаратты. Э. Өскөнбаев өзүнүн   каршы добуш берүүсүнүн себептерини ачык айтып чыгып, чоң колдоого арзыды. Анын жообунун негизги тезистери:

– Конституция кол тийгис болушу абзел

– Конституцияны кайра-кайра өзгөртүү анын баалуулугун түшүрөт.

– Өзгөрүүлөр шашылыш түрдө киргизилбеши керек – бул мамлекеттин туруктуулугуна шек келтирет

– Дароо бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт

– Демилгечилер өзүнчө мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн маанисин жана максатын түшүндүрүп бериштери керек

– Азыркы Конституция боюнча 2020-жылга чейин, парламент аркылуу эмес, референдум аркылуу гана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилелесе болот.

Муну менен Э.Өскөнбаев өз позициясынын бекем экендигин билдирди.

Бирок, анын интервьюсу жарыяланаары менен президенттин пресс-кызматы ага жарыша “Конституциянын түп нускасына кол коюлган эмес”- деген чоң билдирүү таратты. Б. а. муну менен президенттин аппараты анын билдирүүлөрүнө тырчыйып калганын жана өлкөдө киргизилип жаткан конституциялык өзгөрүүлөрдү улам жаңыдан негиздөөлөрдү киргизүүгө туура келип жатканын билгизип койду.

Буга ылайык, Конституциянын авторлорунун бири Ө.Текебаев бул боюнча кескин билдирүүлөрдү таратып, 2010-жылы бийлик кандайча легитимдешкени тууралуу айтып берди. Ал: “2010-жылы Кыргызстан кыйын кырдаалды башынан кечирген. УӨ бийликке мыйзамсыз келген. Ошондуктан, Конституциянын түп нускасына эч ким кол коюга укугу жок болчу. УӨ референдумдагы элдин колдоосунан артык эч нерсе жок деп чечилген. Ал эми эл  референдумда Конституцияны толугу мене колдоп берген”- деп билдирди.  Ошондуктан, Конституциянын акыркы варианты “Эркин Тоо” гезитине УӨ төрагасы Р.Отунбаеванын  колу менен жөнөтүлүп, басылып чыккан. “Эркин Тоо” гезитине чыккан Конституциянын ар бир нускасы Конституциянын түп нускасы болуп эсептелет деген тактоосун Текебаев киргизди. Ошол эле учурда, ал “2010 -жылы  УӨ парламент шайланаары менен бийликтен чегинип кеткен.  Өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбуева жана УӨ этап-этабы менен бийликти өткөрүп берип, бийлик легитимдешкенин”, айтып, президенттин аппаратын: “бир туруп нуска жоголду, бир туруп ага кол коюлбай кылыптыр деп курулай чуу көтөрүп жатат” деп айтыптады. Кыязы, президенттик аппаратта демилгеленген конституциялык өзгөрүүлөргө негиздеме таппай, басым көтөрүлүп жаткандай.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк КСДП фракциясынын андан чыгып кеткенине байланыштуу тараганы өзгөчө кызуу талкуу жаратууда. Себеби, анын тарашынын себептеринин бири болуп, коалицияга кирген фракциялар конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук реформалар боюнча комитеттин төрагасын бекитүүдө келип чыккан чырдан улам болгон. КСДПнын өнөктөштөрү президент, спикер, премьер-министр баары КСДПдан, ошого бул комитетти жетектөөнү “Өнүгүү- Прогресс”  фракциясына тапшыралы деп макулдашышкан. Бирок, кийин КСДП сөзгө турбай, өзүнүн кандидатурасын бекиттирип алган. Ошентсе да, алар өнөктөштөрүнө  ич күптүү болуп, “булар бизге тең келип, портфель талаша беришеби”- дешип, мурдуларын чүйрүп, акыркы жазалоо ниетинде коалициядан чыгып, аны таратып жиберишкендиги белгилүү болду. Бул жөнүндө фракция жетекчилери да ачык айтып чыгышты.

Сунушталып жаткан Конституция ага берилген баадай эле каардуу жана колтугунда котур ташы бардай экени байкала баштады. Себеби, ал кабыл алынганча эле, ага байланыштуу биринчи жабырлануучулар да пайда боло баштады. Президент Атамбаев менен Текебаевдин талашы аз келгенсип, эми бийликчил саясатчылар да жабыр тартуучудай болуп калды. “Кыргызстан” фракциясынын лидери К.Исаев алардын биринчилеринен болду сыяктанат. Анткени, К.Исаев өзүнүн “Кыргызстан” фракциясынын лидерлигинен четтетилишин, анын конституциялык өзгөрүүлөргө каршы добуш берүүсү себеп болгонун билдирди. Кыргызстандагы конституциялык өзгөрүүлөр  бийлик кайсы бир элди басып алып, ага өзү  жазып дайындаган Баш мыйзамды күч менен  таңуулап жаткандай мүнөздө  өтүп жатат.

– Конституциялык өзгөрүүлөргө  фаракция жетекчилери Б.Төрөбаев, К.Исаев, А.Сулайманов кол коюшкан жок. Бирок, бул фракциялардын депутаттарынын көпчүлүгү колдошту.

– Фракция жетекчилери өз жүздөрүн сактап калууга аракет кылышты. Себеби, конституциялык өзгөрүүлөр жогору жактан буларга таңууланып, булардын аты менен элге таңууланып жатат. Эгер кийин чатак чыгып же бийлик алмашып кетсе, биринчи кезекте фракция жетекчилери жооп беришет. Бул партиялар банкрот болуп, ал эми жетекчилери люстрацияга кабылып калышы мүмкүн. Ошого лидерлер кол коюшкан жок.

– Бабанов өтө активдуу колдоп жатат го?

– Бабанов “эч нерсе болбойт” деп ишентип жатса керек да.  Анан калса, анын кызыкчылыгы башкалардыкынан өзгөчө. Эгер Бабанов дагы бир жолу премьер-министр болсо, анда ал сөз жок кийинки президент болот. Ошого ал бийликке “ляппай” деп, айтканына көнүп, колдоп жатат. Бирок, бийлик да муну жакшы билет. Ошого, аны дистанцияда кармап, күчтөнүп кетпесин деп тыкыр контролго алып турат. Эгер бир нерсе болуп кетсе, кийинки келген бийлик Бабановдон биротоло кутулушу үчүн, аны конституциялык өзгөртүүлөрдү  колдогон депутаттар менен кошо люстрацияга киргизип, саясаттан биротоло чыгарып салыштары мүмкүн.

Менимче, жаңы башкаруу коалициясына КСДП, РАЖ, “Кыргызстан” кирет. Балким, “Бир бол” да чакырылып калышы мүмкүн. Негизги протфелдер КСДПда калат. РАЖга өкмөттөгү  бардык вице-премьерлерди, “Ата Мекен”, “Өнүгүүнүн”  портфелдерин берип, эптеп коалицияга кирүүгө көндүрүшөт. К.Исаевдин кетиши менен “Кыргызстанга” эч нерсе берилбесе керек. “Бир болго” 1-2 портфель тийиши мүмкүн.

– Бабанов жана РАЖ эрке фракцияга айланат го?

– Ооба. Бирок, бул коалицияга кирген бардык  фракцияларды, парламентти толук мазактоо. Бийлик фракциясы баарын ээлеп алып, анан буларга “ушуга да ыраазы болгула” деп, булардын баарын экинчи ролго таштап жатышпайбы? Бул биринчи кезекте парламенттеги экинчи ири фракция болгон Бабанов менен “РАЖды” коом алдында көз көрүнөө  мазактоо, басмырлоо.

– К.Исаевдин лидерликтен кетишине эмне себеп болду. Кандай сыр бар деп ойлойсуз?

– Менимче, бийлик тымызын өз оюнун жүргүзүп жатат. Муну менен алар сунушталып жаткан Конституцияга ылайык кийинки бийлик  конфигурациясын түзүүгө аракет кылып жатат. Себеби, спикер Ч.Турсунбеков  “Кыргызстан” партиясынын эң негизги финансисти Шаршенбек Абдыкеримов, жаңы шайланган “Кыргызстандын” лидери үчөө тең Ат -Башынын кулундары. Демек, К.Исаевдин бийликтен жылбышышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал өз миссиясын аткарып бүттү. “Кыргызстан” фракциясы эми бийликтин көзөмөлүнө өттү.

Ошондуктан, бийлик эми жаңы Конституциянын негизинде КСДП, “Кыргызстанды” пайдаланып, өзүнө  ыңгайлуу саясий конфигурацияны түзүүгө киришкендей. Жаңы Конституция боюнча бийлик КСДП менен “Кыргызстанды” пайдаланып, 100 жылга чейин өзгөрбөс конфигурацияны түзүп алса болот.  Мисалы, президенттин мөөнөтү бүткөнгө чейин кадрлык жылыштыруунун негизинде Ч.Турсунбеков президент, Иса Өмүркулов спикер, И.Илмиянов КСДП фракциясынын лидери, Ф.Ниязов премьер-министр болуп бекитилип калышы толук мүмкүн.

Ошондуктан, коалициядагы фракцияларга атайы конституциялык негизде биринчи вице, вице кызматтарын берип жатышат. Б. а. нааразы болуучу тарапка дароо портфелдерди дайындап, аларды тынчытып, маселесин чечип берип жатышат. Жаңы Конституцияда киргизилген нормалар Кытай моделине өтө окшош, анын копиясы. Кытайда элди Компартия контролго алып, кыңк жылдырбай турат. Калган саясий күчтөр экинчи ролду ойнойт.

– Анда Бабанов жана башка лидерлер эмне кылуулары керек. Иштери бүтүп калган турбайбы? Бабанов президенттикти ойлобой эле койсо болот турбайбы?

– Жок. Менин жогоруда айткандарым, бул азыр кыял же ниет гана. Аны ишке ашырыш өтө чоң маселе. Себеби, КСДП коалицияны таратып жатып, муну менен алар өзүлөрүн да оор абалга алып келип жатканын байкабай калды. Ошондуктан, бүгүн алар коалицияны КСДП (38), “Кыргызстан” (18) жана РАЖ (28) менен эле түзбөй, ага “Бир болду” (12) да чакырып жатышат. “Бир бол” регионалдык негизде чакырылууда.

Себеби, бүгүн Кыргызстанда өтө сейрек кездешүүчү саясий абал түзүлдү. Өлкөдөгү  бардык саясий процесстер, анын ичинде конституциялык өзгөрүүлөр бир гана саясатчынын позициясынан көз каранды болуп турат. Ал  Бабанов. Президент бүгүн парламенттеги үч фракцияны “Ата Мекен”, “Өнүгүү”, “Бир болду” жининен жаман көрөт. Ал эми парламенттин сыртындагы партиялар президентти көрөйүн деген көздөрү жок.  Эгерде КСДП (28) коалицияны “Кыргызстан” (18) жана “Бир болдун” (12) негизинде түзсө  да, анда аларда (68) К.Исаев, М.Абдылдаев, Ч.Жакуповалардын проблемалары болот. Бийлик “Бир болдун” коомдогу таасиринин күчөп кетишин каалабайт, ошон үчүн РАЖды (28) да чакырууга аргасыз.

Бул саясий абал  Бабановго чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жатат. Ал парламенттин ичиндеги да, сыртындагы да партиялар менен жакшы. Бийлик бүгүн Бабановду эмес, башкаларды да саясий негизде камай албайт. Себеби, Атамбаевдин мөөнөтү бүтүп баратат. Бабанов болсо жаш, көптөн үмүттөндүргөн саясатчы.

Эгерде КСДП бул жолу коалицияны түзө албай калса, анда кийинкиде президент бул мүмкүнчүлүктү “Кыргызстанга” же РАЖга берет.  Ошондо КСДП көпчүлүк позицияларынан айрылат. Бабановдун позциясы ого бешбетер көтөрүлөт. Ошондуктан, бүгүн Бабановдун тарыхка өлкөдө  парламентаризмди сактап калган саясатчы катары калып калышы ыктымал. Ага азыр  конституциялык өзгөрүүнү колдогондон да, маанилүү жагдайлар ачылып жатат.

Бабанов бүгүн өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакырып, ортодогу араздашууларды жоюп, таарынычтарды унутуп, Кыргызстан үчүн, эл үчүн компромиске келип, чогуу аракеттенүүгө чакырган сунуштары менен чыгып, жаңы коалицяны түзүүнү сунуштаса болчудай. Бабанов буга чейин конституциялык өзгөрүүлөрдү активдүү  колдоп келди. Ошондуктан, бүгүн ал президент Атамбаевге кайралып, тынчтык, стабилдүүлүк үчүн конституциялык өзгөрүүлөрдү убактылуу токтотуп туруусун суранып кайрылса да жарашат. Керек болсо, КСДП менен “Кыргызстансыз” жаңы коалицияны түзүүнү сунуштап, ушул багытта изденип,  өзгөчө  саясий упай топтоп, парламентаризмди чыңдоо аракеттери менен тарыхта калса да болот.

– Эгер Бабанов бийликке баш ийип  берди дейли, анан жаңы коалиция КСДП, “Кыргызстан”, РАЖ, “Бир болдун” негизинде түзүлсө, анда кандай болот?

– Биринчиден, анда деле бул проблемалар тоңдурулуп кала берет. Жазында бул кайра көтөрүлүп  калышы мүмкүн. Себеби, президент Атамбаев жазда премьерликке мураскерин алып келип калышы мүмкүн. Ошол маалда, РАЖ же “Бир бол” бийликке проблема жаратышы мүмкүн. Булар коалициядан чыгып кетишип, бийликке өтө чоң  баш оору жаратып салышы ыктымал.

– Демек, Бабановдо активдүү саясатчы болуу мүмкүнчүлүгү же пассивдүү экинчи ролдогу саясатчы бойдон калуу коркунучу бар экен да. Анда ал премьерликке келе алабы?

– Бабанов бүгүн премьерликтен башкасынын баарын сурап, соодалашса болот. Мисалы, биринчи жана башка вицелерди, айрым облус жетекчилерин, керек болсо мамлекеттик каттоо кызматын ж. б.  Бирок, премьерликке барууга болбойт. Себеби, жазда саясий абал өзгөрөт.

– Бабановдун дагы кандай шанстары бар?

– Өтө эле көп. Бабанов коалицияга бир өзгөчө  шарт менен да кирсе болот. Мисалы, бийлик тынчтык жана туруктуулук үчүн конституциялык өзгөрүүлөрдөн баш тартат, ал эми буга жараша коалицияга өзгөчө соодалашпай, көпчүлүк  портфелдерден баш тартат ж.б. у.с.

– “Атамбаев Бабановду телефон чалып эле коркутуп коюшу мүмкүн” дешет го? Мүмкүнбү?

– Мүмкүн.

Маектешкен Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *