Табылды Акеров, саясат таануучу: «Ушул эле команда кийин мураскерге иштеп, президентти жамандап калбайт деп эч ким айта албайт»

— Акыркы мезгилдерде Президент Алмазбек Атамбаевдин рейтинги түшүп кетти деген кептер тарап жатат. Өмүрбек Бабановду да бийликтин мураскери болот дешип, анын да рейтингин түшүрүүгө аракет көргөндөр болууда. Буга кандай дээр элеңиз?

— Ооба, эксперттердин баамында президент Алмазбек Атамбаевдин рейтинги түшүп, эл ишеними мурдагыдай болбой калганын айта башташты. Мунун бир канча себеби бар. Биринчиден, Өмүрбек Текебаев камала электе баардык соккулар башкы “атамекенчиге” карай багытталчу. Ал өзүнүн активдүүлүгү менен президент Атамбаевди жаап турчу. Бардык эксперттер, сынчылар Текебавди сындап, талаштын баары башкы атамекенчинин тегерегинде жүрүп келгени ырас. Бүгүн ал убактылуу камакта олтурат. Эксперттер, журналисттер кимди сындаганды билбей калышты. Саясий талаада боштук пайда болду. Парламент жымжырт. Анын бары да, жогу да билинбейт. Ошого Президент Атамбаевди баары бутага ала башташты.

Экинчиден, Атамбаев жана анын тегереги акыркы мезгилдерде өтө көп чоң каталарды кетирип алышты. Президенттин тегереги андан эч жалтаңдабай эле УКМКнын жалаага негизделип иштеп чыккан «Белизгейт» операциясына Атамбаевди түздөн-түз катыштырып коюшту. Аягында «Белизгейттин» тамтыракайы чыгып калды.

Үчүнчүдөн, буга улай эле «Маевскийгейтти» уюштуруп жиберишти. Андан да эч нерсе чыкпай калды.

Төртүнчүдөн, таза болбой калганда «Мародерствогейтти» жандандырып, эптеп бир нерсе табууга аракет кылып жатышат. Бул жолу да Атамбаевди Текебаевдин иши боюнча 10 күбө бар деп айттырып алышты.

Бешинчиден, «Мародерствогейт» боюнча тирүү күбө пайда болду. Ал Бакаев, Юсупов менен чогуу бир камерада олтурган жигит болуп чыкты. Ал Юсупов менен 6 ай бирге олтуруп, «мародерствогейт» кантип жаралганын жана адеп бул кылмыш менен Юсупов Зарылбек Рысалиевди күнөөлөп, көрсөтмө бергенин жар салды. Ал бул ишти ийне-жибине чейин билээрин айтып, мында негизги ролду Акжолов жана башкалар ойногонун айтып берди. Кийин бул ишке саясий боёк берип, аны «Ата-Мекенге» карай багыттап, жалаа кылып, жаманатты кылуу үчүн колдонушкан.

— Мародерчулук боюнча буга чейин дагы көп сөздөр айтылган. Мындан кийин да далай сөз айтылат. Айтылган сөздөрдүн арасында “Бул ишти Зарылбек Рысалиев 3 жолу тергетип эч нерсе таппай койду эле, эми агроном Сегизбаевдин 2 башы бар беле?” деген сөз да айтылып жүрөт. Ал тургай кээ бир депутаттар УКМК ишти алды, ачыкка чыгат деп шымаланууда. Саясий өңүттөн алганда бул иш аягына чыгабы?

— Ооба, баары буга таң калып жатышат. Бирок, менимче, ишти эптеп сотко өткөрүп алсак, анан телефон аркылуу коркутуп эптеп бир чечим чыгарттырып алабыз дегендей позиция болуп жатса керек. Тергөө бүтсө баары билинет го…

— Өмүрбек Бабановдун рейтинги түшүп кетти деген сөз эмне себептен айтылып жатат деп ойлойсуз?

— Өмүрбек Бабанов көп деле рейтингин жоготкон жок. Бирок, ошондой болсо да, акыркы эки жумада анын дарегине карай да терс пикирлер айтыла баштады. Кыязы, мунун негизги себеби, Бабановдун коопсуздук кеңешинде президент Атамбаевге кайрылып сүйлөгөн сөзү болду го деп ойлойм. Көпчүлүккө анын сүйлөгөн сөзү жаккан жок. Себеби, эл коопсуздук кеңешинен көп нерселерди үмүттөнүп жаткан. Ошол кеңешмеде фракция лидерлери, саясатчылар өлкөдө акыркы мезгилдерде болуп жаткан камоолорго баа берип, жалаанын негизинде камоолор жүрүп жатат, камоолор учурунда депутаттардын, граждандардын укугу бузулуп жатат, мыйзамдуулукту сактоо боюнча маселелер көтөрүлөт го деп көпчүлүк ойлогон. Бул аянтчаны президент Атамбаевге өлкөдөгү зомбулуктарды айтып алуу үчүн колдонушат го дешкен. Мына ошого үмүттөр чоң болгон. Бирок, тилекке каршы коопсуздук кеңешинде бийлик үстөмдүк кылып, фракция жетекчилери үн ката албай, үн каткандары жалтактап, жалпаңдап президент Атамбаевге эл көксөп турган маселелерди айта албай койгону көпчүлүккө жакпай калды. Анан калса, эл Бабановдон көптү күткөн, ал президенттикке кандидатурасын койгону жатканын айтып келишет. Ошого элдин кызыкчылыгында бир сөз айтабы деп күтүп турган.

— Бирок, Бабанов Текебаевдин иши боюнча эч нерсе айтмак эмес да. Себеби, аны премьерликтен кетиргенде Текебаев чоң роль ойногон эмес беле?

— Бүгүн абал башка да. Бабанов президенттикке ат салышканы жатат. Эл андан көп нерсени күтөт. Анан калса, ал премьерликтен кетирилгени менен аны таптаза саясаттан чыгарып салгыдай аракеттер болгон эмес. Башкача айтканда, Текебаевдин аракетинде байыркыдан келаткан көчмөндөргө мүнөздүү традицияны кармангандай бир нерсе байкалат. Мисалы, Чынгызханды карасаңыз, өзүнө атаандаша ала турган уруу башчылардын бирин да өлтүрүп салган эмес. Тескерисинче, аларды бир аз алсыздандырып, бирок, кайра өзүнө жакын кармаганга аракет кылчу. Мына бүгүн Өмүрбек Текебаев өзү жалаанын негизинде кармалып, камакта олтурат. Ошо жалаанын негизинде камалып да кетиши мүмкүн. А эгер бийлик бизнесмен саясатчыларды казчы болсо, анда буларды жөн эле бөктөрүп алып барып, камаса болот да. Кептин баары ушунда болуп жатат. Эл болсо баарын көрүп, жүрөгү менен туюп турат. Менимче, Бабанов өзүнүн рейтингинин түшүп баратканын түшүндү көрүнөт. Бул жумада ал өзүнүн мүлкү тууралуу билдирүүлөрдү таратты. Текебаев, Жапаров боюнча да пикирин билдирип кетти. Бирок, акырында кайра эле бийликтин позициясын кайталагандай болуп койду. Мисалы, сотто чечилет деп. Мындан артык сүйлөй албастыгын билдирип койду. Бул жагынан алганда анын билдирүүсү коомчулукта позициясы жок катары кабылданып жатат. Чоң саясатта саясатчынын позициясы канчалык так болсо, ошончолук анын билдирүүлөрү элге жеткиликтүү жана жугумдуу болот. Кур дүрмөт атуу анчейин пайда бербейт.

— Бабановдун карындашы “Кыргыз-Орус фондунан” 17 млн доллар кредит алыптыр деп баары чуу салып жатышат. Бул боюнча офшордогу фирманын да аты айтылууда. Бабановдун карындашы кыргыз жараны, ишкер катары фонддон насыя алса болбойбу?

— Мен аны туура эмес деп айта албайм. Башкысы баары мыйзамдын негизинде болсо болду. Бирок, кайсыл офшор фирмасы айтылып жатат билбейм. Менимче, бул фонд мыкты проектилердин баарына, өзгөчө орто бизнестеги адамдарды колдоп берсе жакшы болмок.

— С. Исаковду, А. Сегизбаевди Акаевдер, Бакиевдер менен байланыштырып келишет. Президенттик шайлоодо аты аталгандар утуп алса, кандай болот? Булар деле шоопурларын, секретаршаларын бийликке алып келип албайбы?

— Менимче, Кыргызстанда бүгүн кимди гана болбосун Акаевдер, Бакиевдер менен байланыштырып айта берсе болот. Бирок, мени ал кызыктырбайт. Себеби, реванш алуу мезгили эбак өтүп кеткен. Мен үчүн эң маанилүүсү ошол саясатчылар бүгүн коомго жаңылануу алып келе алабы же жокпу мына ошондо. Акаевдин учурунда коомдун өнүгүүсүнүн жакшы да жактары болгон. Бирок, Бакиевдин учурунда позитив жагы аз болду. Бүгүнкү бийлик учурунда да позитив көп деп айтуу кыйын. Бүгүн коомчулуктун баары бийликте шоопур, секретарша, жансакчылар олтурат деп жактырбай жатса, бийлик үстү-үстүнө алардын санын көбөйтүп жатат. Бул өтө туура эмес позиция. Бул өнөкөткө айланат. Кийинкилер деле мына дал ушундай негизде аракеттениши мүмкүн. Бир чети, бүгүнкү болуп жаткан терс көрүнүштөрдөн оңой кутулса болот. Эгер күчтүү мураскер келип калса, анда булардын баарын 3 айдын ичинде тазалап салат. Өлкөгө жаңы кадрларды алып келем десе, эл ага муюйт.

— Президент Алмазбек Атамбаев өзү айтып жатпайбы, мен кызматтан кеткенден кийин саясатта калам жана КСДП аркылуу таасир берип турам деп. Таасир берчү фигурага айлануу үчүн күч керек. Анын таасири канчага чейин узарышы мүмкүн?

— Менимче, теориялык жактан алганда оңой көрүнө берет. Практикалык жактан алганда Атамбаев саясаттан кеткенден кийин 3 айга чейин эле таасир берип турушу мүмкүн. 3 айдан кийин бийликке мураскер олтуруп, көчүгүн креслого батырып алгандан кийин, өз саясатын жүргүзө баштайт. Демократиялык өлкөлөрдү карасаңыз, Ф. Миттеран ким эле?

Бийликтен кеткенден кийин кылмыш иши ачылып, суралып калбадыбы, эсиңизде болсо. Саясатта ар кандай болот.

— Мураскер Атамбаевге каршы иштеп кетет деп ойлойсузбу?

— Атамбаевдин тегерегиндеги кадрлар Акаевдин учурунан бери саясатта келатышат. Булар президентке кантип таасир беришти беш колдой билишет. Мисалы, эгер президент пресс-секретарын иштей албайсың деп урушуп койсо, ал келип туруп бардык өзү ишенген ТВларга, редакцияларга чалып, президентти жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн жамандап бергиле деп өтүнүп койчу.

Анан алар бир жума тынбай тарсылдатып жамандап калат эле. Муну президенттин үй-бүлө мүчөлөрү көрүп президентке айтат. Президент пресс-секретарын чакырып урушат, кет дейт кызматтан. Тиги азыр оңдойбуз деп чыгып кетет да, кайра келип баарына сокконуңарды токтоткула деп баарын токтотуп коёт. Президент мунун авторитети бар турбайбы деп жибип калчу. «Сени угушат экен. Бир заматта баары токтоду», — ​деп пресс-секретарына ишеним артып калган күндөр болгон. Ошондуктан, турмушта ар кандай болуп калышы мүмкүн.

— Сиз айткандай болгон болсо, анда мураскер президентти Арашандагы үйдүн тарыхы менен эле тынчытып коюшу мүмкүн экен да. Тынбай гезиттерге жаза беришсе, теледен көрсөтсө эле элдин пикири өзгөрөт эмеспи…

— Арашандагы үй эч нерсе эмес, андан башка да 2 же 3 кызыктуу окуяларды жаздырып коюштары мүмкүн. Себеби, президенттин тегереги ал жөнүндө, анын негативдери тууралуу өтө көп нерселерди билишет да. Мисалы, эгер мурда Акаевдин ал жөнүндөгү тегереги Кыргызстандагы эле окуяларды билишсе, Атамбаевдин тегереги анын сыртка чыккандагы окуяларынын баарын билишет. Анан урматтуу шеф эмне кылайын, булар таза жазып туруп алышты, кантейин деп коюшу толук мүмкүн.

— Бирок, президенттин КСДП деген көзүрү бар. Аны кантип эске албайбыз?

— Аны менен кантип иштегенди да үйрөнүп алышпадыбы. КСДПнын саясий кеңешин өзгөртүп, өзүнүн кишилерин киргизип коюшу деле ыктымал. Мураскер башка партия менен да кызматташып алышы мүмкүн. Ошого бүгүн Атамбаевге орбитрлык позициядан өткөн турум жок. Бүгүн аны алдап, ага жагалданып жасап жаткан амалдарды кийин анын өзүнө жасабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ушул эле команда кийин мураскерге иштеп, президентти жамандап калбайт деп эч ким айта албайт.

— Анда мураскер Атамбаевди каматып деле коюшу мүмкүнбү?

— Ооба. Бирок, мураскерге каматуунун кереги жок. Аны дистанцияда кармоого аракет кылат болуш керек. Себеби, ал да өзүнчө бир нерсе кылайын дейт да. Мына 7-апрелден бери 7 жыл өттү. Бүгүн отчёт берели десе, көзгө көрүнөөр, оозго алынаар эч нерсе жок болуп жатпайбы.

– 7 апрель революциясын кантип тостуңуз? Сиз да майрам деп кабылдадыңызбы?

— Жок. Мен майрам катары көрбөйм. Кантип кырчындай жигиттер өлгөн күндү майрам десе болсун. Бул күндү эскерүү күнү десек туура болот. Бирок, Өкмөттүк структураларда иштеген тааныштарымды куттуктасам, алардын көпчүлүгү бул туура эмес, майрам деп эсептөөгө болбойт деп жатышты. Менимче, 7-апрель революциясынын атынан чокуларга, көчөлөргө ысым берүүнүн да кажети жок. Муну бизден кийинки муун чечкени туура. Ал мезгилге чейин бул окуяларга илимий туура баа берилип калат. Себеби, бүгүнкү камоолор Акаев-Бакиевдин учурунан да өтүп кетип жатат. Конституция, мыйзамдар иштебей калды. Балким, кийин бул революциялар төңкөрүш катары бааланып калышы да мүмкүн болуп жатат. 7-апрель революциясынын каармандарынын көңүлүн алыш үчүн чокуларга, Бишкектин көчөлөрүнө ысым бергенче, ошол жарадар болгон активисттерге акчалай, даары-дармек менен жардам берип турушса алда канча жакшы болмок. Жыл сайын канчасы кайтыш болуп жатат. Бүгүн 120 дан ашып калды деп жатышат. Ошондуктан, ошолордун камын көрүшсө жакшы болмок деп ойлойм.

— Бийлик 7-апрелчилердин көңүлүн алып, аларды оппозицияга карата “зомби” кылып жаткан жокпу?

— Ошондой аракеттер да байкалат. Бирок, бул жигиттерди кайра-кайра өз кызыкчылыгында саясатка аралаштырбай, булардын ден- соолугун көзөмөлгө алгандары туура деп ойлойм.

— Сиз кандай ойлойсуз, Өмүрбек Текебаевдин камалуусу саясий чатакка негиз болуп бере алабы же Садыр Жапаровдун камалуусубу?

— Менимче, экөө тең өз -өзүнчө саясий чатакка детонатор болуп бериши мүмкүн. Өзгөчө президенттик шайлоолор учурунда саясий абал курчуп кетсе, элдин эсине бүгүнкү күндөгү жалаа жабуулар, зордук-зомбулуктар түшүп, бийликтин аброю түшүп кетиши ыктымал.

— Эмне учун президент Атамбаев «Азаттык» радиосу жана «Заноза» сайты боюнча өтө кечиргиз позицияда болуп жатат. «Занозанын» ээлеринин бири Нарын Айыпка прократуратура тарабынан тап берүү катуу жүрүп жатпайбы?

— Мунун бир эле себеби бар. Президенттик шайлоолорго чейин бул ММКларды кол бала кылбаса да, мураскер операциясына тоскоол кылбагандай абалга жеткирүү.

— Башка дагы кайсы саясатчылардын рейтингдеринде өзгөрүү болду?

— Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаровдордун позициялары так айтылып жатат. Булар көбүрөөк позитив жарата алышты. Булардын рейтинги өстү десек болот. Бир аз кеч болсо да үн катып жатышкан Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдер да утушта десек болот.

— Мураскер катары кимди алып чыгат деп болжоп жатасыз?

— КСДПнын съезди майда болоору айтылууда. Ошондо чечилиши мүмкүн. Мураскер пайда болсо, ошого жараша саясий абал өзгөрөт.

— Бийлик дагы кимдерди шайлоолорго катыштырбай, дистанциядан алып салышы мүмкүн? Шайлоолордо эл өзу каалаган кандидатты шайлап ала алабы?

— Жок андай болбойт. Саясий процесстердин өнүгүшү бийлик баары бир бирөөнү сүйрөп чыкчуудай көрүнүп жатат. Эгер ал жаш саясатчы болуп калса, анда бир топ кандидаттар шайлоого чейин эле оюндан чыгарылат. Добуштар саналып, бөлүштүрүлүп коюлат. Өмүрбек Бабанов эң потенциалдуу кандидат болот. Бийлик аны өтө катуу контролго алып турат.

— Бийлик эмнеге потенциалдуу атаандаш боло турган Бабановго, жана башка кандидаттарга азуусун көрсөтпөй жатат?

— Биринчиден, буга чейин камалгандардан бир жаңсыл болуп алууну көздөп жатат. Экинчиден, Садыр Жапаровдун кескилениши бийликти бир аз чоочутуп койду. Садыр Жапаровдун окуясы чатакка детонатор болуп кетпесин деп, тынчыгыча тыныгып, бөгүп калды.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *