Табылды Акеров, саясат таануучу: «Мурунку бийликтин адамдары Жээнбековдун бийлиги 3 ай, болбосо 6 ай, ашып кетсе бир жыл эле өкүм сүрөт, андан кийин эски бийлик кайра орнойт деген сөздөрдү тараткан…»

— Табылды байке, бул жолу экс-президент Атамбаевдин кадрлары жана алардын бүгүнкү абалы тууралуу саресеп кылбайлыбы? Кечээ эле күрүлдөп турган адамдар азыр айлаларын таппай турган абалга кептелбедиби. Акаевдин, Бакиевдин учурундагы кадрларды сындап келчү элек. Бирок, Атамбаевдин мезгилиндеги кадрлар баарынан ашып түштү го дейм. Бүгүн бул пикирге, ар бир кыргызстандык макул болуп калды көрүнөт. ТЭЦтин жарылышы Атамбаевдин кадр саясатынын, коррупциялык аракеттерин толугу менен ачыктап салганы айтпаса да түшүнүктүү болуп калды. Кандай дейсиз?

— Ооба, бүгүн баарыбыз Атамбаевдин эң негизги трагедиясы өзүнүн тегерегине мыкты кадрларды чогулта албагандыгында экендигин көрүп жатабыз. Бирок, буга биринчи кезекте Атамбаевдин жеке өзү күнөөлүү. Атамбаев кадр саястында шайлоолордо ага берген элдин ишенимин коомдун кызыкчылыгында эмес пайдаланды. Экс-президент кадр саясатында эки нерседен жаңылды. Биринчиси, ал артыкчылыкты жеке өзүн Кудай деп сезген шоопурларына, жансакчыларына, жардамчы-кеңешчилерине, завхозуна, секретаршасына берди. Экинчиден, Акаев-Бакиевдин мезгилинен бери мамлекеттик кызматта келаткан орто деңгээлдеги кадрларга артыкчылык кылып жатты. Бирок, орто деңгээлдеги кадрлар илгертен эле Акаевди жана Бакиевди Кудай тутуп, алардын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарып жүргөн, эч демилгесиз кадрлар экени эки революциядан кийин жалпыга маалым болуп калган. Ошондуктан, булар эми Атамбаевди жаңы Кудай тутуп, анын оозун карап олтуруп беришти. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, Атамбаев эч демилге көтөрүп көрбөгөн кадрлар менен өлкөнү башкарып, реформаларды жүргүзүп, элдин турмушун оңдоп койсо болот деген чечимге эмненин негизинде жетти, кептин баары мына ошондо. Себеби, ошол кезде ММКлар, саясат таануучулар мындай кадр саясаты туура эмес деп тынбай жазып, айтып жатышты. Бирок, Атамбаев өзү да, парламент да кадр маселесинде проблемалар болуп жаткандыгын билмексенге салып келишти. Канчалаган оппозициядагы саясатчылар, журналисттер сот жообуна тартылды, мүлкүнөн ажыратылды, залал тартты, бирок, бир да саясатчы бул тууралуу үн каткан жок да.

— Балким, Атамбаев Акаев-Бакиев мезгилиндеги авторитети жок, булганып калган кадрларды алып, аларды өз кызыкчылыгында пайдалангысы келген жокпу? Себеби, Атамбаев мурда бизнесмен эле, ал эми анын тегереги өтө тез байып кетишти да?

— Туура. Бүгүн бир караганда мындай пикирди да четке кагып салууга болбой тургандыгы анык болуп турат. Атамбаев бул кадрлар анын айтканын айткандай, дегенин дегендей аткаруучу кадрлардан экенин так билген. Себеби, ал буга чейин да өзүнүн тегерегине дал ошондой кадрларды чогултуп келген жана ошолорду эле шопур, завхоз, секретарша экенине карабай мамлекеттик чоң кызматтарга алып келди. Бирок, Акаев-Бакиевдин мезгилиндеги кадрлар деле дал ошондой мүнөздөгү кадрлардан болгон да. Бул кадрлардан жаңы идея күтүүгө болбос эле. Себеби, алар бир эмес, эки президентке авторитардык режимди куруп берүүгө жардам беришкен. Булар өлкөгө кландык системанын түзүлүшүн шарттап, аны бир үй-бүлөнүн колуна байлап берип, коррупцияга чөмүлтүп, бийликтин революциялык жол менен алмашуусуна түздөн- түз тиешеси бар кызматкерлер катары таанымал эмес беле. Бул кадрлар эки президенттин революциялык жол менен ойрон болушун шартташкан кадрлар экени белгилүү. Буларда жеке өзүнүн абийиринин, коомдун жана мамлекеттин алдында жоопкерчилиги жок болгон. Анткени, буларды жоопкерчиликке тартуунун ордуна, тескерисинче дайыма кечирип, ырайым кылып, мамлекеттик чоң кызматтарга алып келип турушкан. Ошондуктан, булар өзүлөрүнүн абийиринин, коомдун жана мамлекеттин алдында эч кандай жоопкерчиликти сезген эмес. Атамбаевдин кадрларга болгон шалаакылык мамилеси Кыргызстанды бүгүнкүдөй өтө кейиштүү, өтө ыңгайсыз абалга алып келди. Бир эсептен, бул кадрлардын да өз кызыкчылыктары болгон. Себеби, булар мамлекеттик кызматта өтө көп жылдан бери иштегендиктен, мыйзамдарды өтө жакшы билишкен. Ошондуктан, булар мамлекеттик кызматта дагы көп жылдарга калып калуу үчүн пландарды түзүп, аны ишке ашыруунун үстүндө иштеп келишкен. Алар Атамбаевдин бийлиги бир эле мөөнөткө созулаарын, аны эки мөөнөткө калтыруу таза болбостугун жакшы билишкен. Ошондуктан, Атамбаев бийликтен кеткенден кийин да, өлкөнү башкарып турууга ыңгайлаштырууну көздөшкөн. Ошого өлкөнүн Конституциясын өзгөртүүгө барышкан экен да. Бул өзгөрүүлөрдөн кийин, Атамбаев резиденцияга олтуруп алып эле, өлкөнү башкара берет деп ойлошкон. Себеби, премьер-министр кылып, Атамбаев өз кол баласын олтургузуп кетмек. Ошентип, булардын баары бийликтеги жылуу орундарын сактап калышмак. Бул Атамбаев жана анын тегереги үчүн ыңгайлуу шарт жана жол болгон. Бирок, реалдуу турмушта булардын пландары ишке ашпай калды.

— Саясатчылардын арасындагы сөздөргө караганда, булар мураскерди 1 же 2 эле жылга чейин олтургузуп, анан бийлик жүргүзө албай калды деп алмаштырып, кайрадан экс-президентти алып келүүнү да ойлонуштурушкан дешет. Акыркы мезгилдердеги өлкөдө болуп өткөн чуулгандуу окуялар да эски бийлик кайрадан революция кылып, бийликке келет деген пикирдин жөн жерден тарабагандыгынан кабар берсе керек?

— Мындай сөздөр башынан эле айтылып келген. Балким, ошондуктан, С. Жээнбековдун алгачкы 3 айы ар кандай саботаждар менен коштолду көрүнөт. Так айтуу кыйын. Бирок, адеп иштин алга жылуусу кыйын болду. Коомчулукка кош бийлик жүрүп жатат деген пикирди сиңдирүү аракети күч болду. Жер-жерлерде нааразычылык жаратуу аракети көрүлүп жатты. С. Исаковдун өкмөтү отставкага кетер алдында, андан кийин да азын оолак провокациялар өкүм сүрдү. Бишкектин маршруткаларынын жана дальнобойщиктердин акциялары жөн жерден чыкпаса керек. Ош базарынын өрттөлүшү, Тогуз-Тородогу окуяны да алсак болот. Баарынан кызыгы жана таң калыштуусу Ош базары өрттөлөрү менен аны шаардын сыртына көчүрүү демилгесин Мэрия жана Ленин районунун акимияты көтөрүп жиберди. Башкача айтканда бийликтин алсыздыгын көрсөтүү жана мүмкүн болсо от тутантып жиберүү аракети көрүлүп жатты десек болот. Генерал Ф. Кулов «булар жөн калбайт, салгылаш катуу болот» дегендей эле болуп жатат. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, акыркы мезгилдерде түндүк-түштүк маселеси курчуп барат. Соцтармактарда материалдар, кайым айтышуу уюштуруу күч алууда. Мындан башка коңшу өлкөлөр менен болгон чек арага жакынкы калктуу пункттарда маселе курчуп жатат. Булардын баары бекерден болуп жаткан жок. Менимче, булардын баары бийликке ишенимди азайтуу жана аны жаманатты кылыш үчүн атайы уюштурулуп жаткандай.

— Сапар Исаковдун отставкага кетиши өтө көп кызыктарды катып жаткандай. Алгач КСДП Исаковдун отчётун колдоду эле. Анан эле парламент аны жаткыра чапты. С. Исаков нокаутка түшүп, Атамбаев шок болуп калды го…

— Адеп КСДП С. Исаковдун отчётун колдоду, ал туура. С. Исаков болсо парламент эми аны отставкага кетире албайт деп ишенди. Мындай абалдан улам шыкактанып кеткен Атамбаевдин тегереги билгизбей өлкөнү саясий кризиске тушуктурууну көздөдү. Ошого С. Исаков Президент С. Жээнбеков кызматтан алган Б. Сүйүмбаевди эч тайсалдабай эле Финполдун башчылыгына бекитти. Кыязы, алар ушинтип олтуруп, баш аламандык өкүм сүрдүрсөк, бул акыры парламенттин тарашын шарттайт деп болжошсо керек. Парламент да бул жерде бир мина бар экенин сезди. Ошондуктан, алдыда боло турган саясий чатактардын алдын алуу үчүн депутаттар күтүлбөгөн сокку менен С. Исаковду отставкага кетирип, өлкөдөгү туруктуу абалды сактап калышты.

— А. Шадиевдин качышына ТВЕА компаниясы анын көзөмөлүндө болгон деген «миш-миштер» себеп болгон жокпу. А. Шадиев биринчи вице-премьер болуп турганда электр энергиянын баасын көтөрүү демилгесин кайра-кайра көтөрүп келди эле. Аны атайылап эле биринчи вице-премьер кызматына олтургузуп, анан 386 млн долларды кытай карызын электр энергиясын көтөрүү менен элге төлөтүп, ишти жаап коюу пландаштырылган эмеспи?

— Депутат К. Рысбаев билдиргендей А. Шадиевдин бухгалтери ТВЕА компаниясынын да бухгалтери болгон. Бул жерде өтө ири коррупциялык схема жөнүндө сөз болушу мүмкүнбү деген шек жаратпай койбойт. Айрымдар, чын эле 386 млн долларды алуудан мурда, булар анын бул карызды кантип элдин эсебинен төлөтүп коюу жагын да алдын алган деп жатышат. Чынында эле А. Шадиев биринчи вице-премьер-министр кезинде кайра-кайра тарифтерди көтөрүү идеясын демилгелеп келген. Бирок, ошол эле маалда электр энергиясына тарифтерди көтөрүү менен Бакиевдин бийлиги кулаган. Мына ошондуктан А. Шадиевди биринчи вице-премьерликке бекеринен алып келишкен эмес деген ойго келесиң. Ал атайылап, тарифтерди көтөрүү маселесин көтөрөт, эл аны кабыл алып, олтуруп калса, бул эски бийликтин пайдасына болмок. Карызды эл төлөмөк, жабылуу аяк жабылуу боюнча калмак дегендей. Бирок, эгер тескерисинче, эл тарифтердин көтөрүлүшүн колдобой, нааразычылыктар жаралып, саясий туруктуулук бузулуп кетсе, аны туура пайдаланып, кайрадан бийликке кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бул эки жол тең эски бийлик үчүн өтө ыңгайлуу экени көрүнүп турат. Кыязы, мурунку бийликтин адамдары Жээнбековдун бийлиги 3 ай, болбосо 6 ай, ашып кетсе 1 жыл эле өкүм сүрөт, андан кийин эски бийлик кайра орнойт деген сөздөрдү тараткан болсо керек.

— С. Жээнбеков өз алдынча саясат жасап кетип, эски бийликтин пландары таш капты да. Ошондой болсо да соцтармактарда «жакында», «аз калды, жакында» деген тымызын бир чоң иштин башын кылтыйткан маалыматтар тарап жатат. Буга кандай баа бересиз?

— Менимче, айрым саясатчылар жаңы бийлик акыры адашат деп, ошого үмүттөнүп жатышкандай. Бирок, Атамбаевдин кадрларынын коррупциялык схемалары ачыкталган сайын, экс-президенттин коомго таасири түшүп, булар алсыздап барат. Баары эле тынч болот. Бирок, кийинки парламенттик шайлоолор учурунда эски бийлик чатак чыгарып, стабилдүүлүктү бузуп, революция кылууга аракеттенүүсү мүмкүн. Анткени, булар ошол маалда парламентке кирбей калган бир топ саясий күчтөр бизди колдоп кетет деп үмүт артары мүмкүн.

— Атамбаевдин кайра чоң саясатка кайтып келишин кандай баалайсыз?

— Ачык айтсам, мен колдогон жокмун. Бирок, буга анын тегереги күнөөлүү. Атамбаевдин тегереги КСДПны башкармак турсун, анын алдыңкы сабындагы активдүү саясатчы катары да таанымал эмес болчу да. Бири шоопур, бири завхоз, бири дагы башка болуп жатса, анан кантип булардан лидер чыксын? Экинчиден, ортозар деңгээлде деп таанылган Ф. Ниязов, С. Исаков деле коомго таасирдүү саясатчы катары тааныла элек да. Анан булар КСДПнын алдыңкы саясатчылары менен тең тайлаша алышмак эмес. Ошого булар коомдогу таасирлерин сактап калыш үчүн КСДПны жана Атамбаевди пайдаланууну туура табышты. Алдын ала кабыл алынган же макулдашылган план боюнча булар Атамбаевди кайрадан партиянын лидери кылып алып келүүнү туура көрүштү. Бирок, бүгүн бул чечим туура эмес болуп калганына баарыбыз күбө болуп олтурабыз.

Атамбаевде ортозаар кадрлар С. Исаков, А. Сегизбаев, А. Үсөнов, И. Жолдубаеваларды жогорку деңгээлде тарбиялап, мыкты саясатчы кылып чыгарууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Мисалы, А. Сегизбаевди УКМК кызматына бекитпестен, айыл чарба министри кылып дайындаса болмок. Тилекке каршы, ал өз командасына мыкты устат, жол башчы боло алган жок. Тескерисинче, ал тар кыялга жетеленип, кайра чоң саясатка кайтып келип, булардын убалына калды.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *