Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Атамбаев шайлоо күнү чукулдаганга чейин бир талапкерге токтолгон болчу деп айтуу кыйын”

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында учурда бешинчи президент – Сооронбай Жээнбеков өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Албетте, биринчи жана экинчи президенттердин тагдыры кандай болгонун жалпыбыз билебиз. Андыктан ал учур тууралуу өзүнчө, өтө узак сөз кылса болот.Бирок, биз бул ирет ал убакка эмес, бүгүнкү күнгө саресеп салып, анализ жүргүзүүнү эп көрүп турабыз. Айрым маалымат булактары, айрым эксперттер мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мураскери дегендей баа берип келишет. Чындыгында эле ошондойбу же башкачабы, мына ушуга анализ жүргүзөлү.

Биринчиден, президент бул жалпы элдин добушу менен шайланат. Андыктан аны кимдир-бирөөнүн мураскери деп атоонун өзү туура болбой калат. Бийликтин мурас катары колдон колго өтүшү – бул тарыхыбызда атадан балага калып келген бийликти айткан. Бүгүнкү күндө андай бийлик жок.

Экинчиден, өткөн жылдагы президенттик шайлоонун алдындагы кырдаалды кайра баштан көз алдыдан өткөрүп көрөлү. Ошол кездеги президент А. Атамбаев Ысык-Көлдө берген акыркы маалымат жыйындарынын биринде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Эгерде КСДП партиясынын талапкери болбогондо мен Өмүрбек Бабановду колдойт элем, ачыгын эле айтайын”, – деген болчу. Бул учурда президенттик шайлоо күнү анча алыс эмес эле. Демек, экс-президент А. Атамбаев ошол кезде дагы, деги эле шайлоо күнү чукулдаганга чейин бир гана талапкерге толугу менен токтолгон болчу деп айтуу кыйын.

Дагы бир мисал, жакында эле Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков “Азаттык” радиосуна маек куруп, өткөн жылы өзүнүн президенттик шайлоо алдындагы жасаган кадамдары тууралуу да учкай токтолду. Анын айтымында, 2017-жылы эле аны А. Атамбаев кабыл алып, “Досум, президенттик шайлоого катыша бер, мен сени колдойм” таризинде “добро” берген экен. Бул дагы экс-президент А. Атамбаевдин бир гана талапкерге токтолбогонунун кошумча далили.

Негизи эле А. Атамбаев ага чейин деле эл алдында эч качан өзүнө мураскер дайындабай турганын, кийинки президент ким болорун өзү да билбей турганын айтып келген. “Эл кимди шайласа, ошол президент болот. Ким президент болсо да, эми кайра аркага, үй-бүлөлүк башкарууга алып бара албайт”, – деп айтып келген. Андыктан экс-президент ушул сөзүнө тура алды. Ал өзүнө мураскер дайындаган жок десек туура болот.

Албетте, шайлоо алдында ал Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой турганын да ачык айтып келди. Менимче, бул кадамга ал С. Жээнбековдун басып өткөн жолунун тазалыгына, тажрыйбасынын молдугуна карап барды. Президент басып өткөн жолунда бардык кызматтык тепкичтерди көрдү. Ошолордун бирөөсүндө дагы артынан жаман сөз ээрчиткен жок. Ынтымакты, биримдикти сактай алган, коррупцияга аралашпаган, ар дайым түз сүйлөп, түз жүргөн жетекчи болду. Элибизге дагы дал ушундай башчы керек экендигин А. Атамбаев дагы туура түшүндү деп ойлойм.

Президенттик шайлоонун алдында экс-президент А. Атамбаевдин айланасындагылар да эки фронтко ойношкону тууралуу кеп-сөздөр айтылып жүрөт. 15-октябрь шайлоо күнү болгонго чейин чындыгында кимдин президент болору коомчулук үчүн белгисиз болду. Ал шайлоодогу күчтүү талапкерлердин бири болгон Ө. Бабановдун акчасы көп эле. Анын рекламалык роликтери өлкөбүздүн телеканалдарынан баардык талапкерге караганда көбүрөөк кетти. Республикабыздын булуң-бурчунда, көрүнүктүү жерлердин баарында анын баннерлери илинип турду. Басылмалардын баары анын үгүт иштерин чагылдырды. Бирок, эл акчаны эмес, тазалыкты, мамлекеттин келечегин тандады.

С. Жээнбеков А. Атамбаев баштаган иштерди аягына чыгарам деди. Коррупцияга каршы күрөштү улантам деди. Мына ошол убадаларына турууда. Кече жакында эле Коопсуздук кеңешинин жыйынында ал өзүнүн күчтүү, өз алдынча лидер экенин көрсөтө алды. Ал коррупцияга каршы күрөш жөн гана улантылбастан, күчөтүлө турганын билдирди. Жээнбеков «Таза бизнес элди багат, ал эми “калкалоосу” барлар коррупционерлерди багат», – деп учурдун талылуу маселесин безге сайгандай айтты. Албетте, бул сөз айрым чиновниктердин түн уйкусун бузуп койду болуш керек. Коррупция менен күрөшө турган органдардын айрым кызматкерлери өздөрү ага малынып отурганын да ачык айтты. Мындай ачык айтуу боло элек эле. Албетте, элибиз укук коргоо органдарында коррупция гүлдөп атканын билип эле турчу, бирок ал мамлекет башчысы тарабынан биринчи ирет айтылды.

С. Жээнбеков президенттик кызматына киришкенден кийин кыска убакыт аралыгында коңшулаш Казакстан менен түзүлгөн оор кырдаалды жөнгө сала алды. Бул дагы анын тышкы саясатты туура жүргүзө ала турганынын белгиси.

2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгилегени жалпы коомчулуктун колдоосуна татыды. Айтор, президенттик кызматына киришкен үч ай ичинде С. Жээнбеков өзүнүн иштин көзүн таба биле ала тургандыгын, талапты катуу коюуга эрки жете тургандыгын, эң негизгиси күчтүү лидер экендигин көрсөттү.

Айрымдар С. Жээнбековдун дал ушундай өз алдынчалуугу экс-президент А. Атамбаев экөөнүн ортосундагы келишпестиктерди жаратышы мүмкүн дешүүдө. Бирок, мен бул ойго кошулбайм. Ооба, балким экс-президенттин айланасындагы айрым адамдар экөөнүн ортосундагы мамилени бузууга кызыкдар болушу мүмкүн. Себеби, алар кызматсыз калып атат. Бирок, А. Атамбаев өзүнүн буга чейинки эмгегин бааласа, элдин тандоосун сыйласа, анда С. Жээнбековдун өз алдынча иш жүргүзүүсүнө, өлкөнү өнүктүрүүгө бар күчүн жумшоосуна мүмкүнчүлүк бериши керек. Себеби, дагы бир жолу кайталайын, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир партия көрсөтүп, кандайдыр бир деңгээлде Алмазбек Атамбаев сүрөөнгө алганы менен, аны президент кылып жалпы эл шайлады. Демек, ал бир партиянын же кайсы бир инсандын кызыкчылыгын эмес, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюшу керек. Бүгүнкү күндө президентте мындай эрк жетиштүү деп эсептейм…

Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *