Талант Сыдыков, ырчы: “Аялды бактылуу кылуу ар бир эркектин милдети болуш керек”

Атына заты жарашкан, талантка бай, кайсы гана чөйрөгө барбасын өз ордун тапкан таланттуу инсандардын катарында ырчы Талант Сыдыков да бар. Дегеним, бир эле учурда “Эл ырчысы Эстебес”, “Баягылар” аттуу топтордо өз орду, аброю бар ырчы. Мыкты тамада. Жароокер ата  жана жубайына сүйүктүү жар. “Бактылуу жашоо болбойт, бактылуу көз ирмемдер болот” дегендей, бактылуулуктун көз ирмемдерин кармай алган инсан менен жан дилден маек курдук.

Талант мырза,чыгармачылык дүйнөгө жаңыдан аралашкан кезиңизди эске салгым келип жатат… Кантип бул чөйрөгө аралашып калгансыз?

– Чыгармачылык чөйрөгө келишиме биринчиден, кудай таалам тарабынан берилген өнөрүм себепчи деп билем. Себеби мектеп жашымдан эле колума аккордеонду алгам. Атам да өнөрдү баалаган, жашынан аккордеон менен дос болгон адам болгондуктан, агама бул өнөрүн үйрөтүптүр. “Аганы көрүп ини өсөт” дегендей, Алмаз аттуу агамдан мектепте окуп жүргөндө үйрөнүп алдым. Идирегим бар көрүнөт, 4-классымда биринчи жолу мектептин сахнасында “Карагат” деген ырды ойноп, ырдаганым эсимде. 1988-жылы К.Тагаевдин 50 жылдык мааракесинде Нарынга келип ырдадым. Ошо менен чыгармачылык ишим башталды. 1995-жылдан 2015-жылга чейин Балыкчынын маданият үйүндө эмгектендим.

– “Эл ырчысы Эстебес” тобунда да ырдап жүрөсүз. Ал топко кимдин чакыруусунун негизинде ырдап калдыңыз?

 – Бул топко келгениме бир жарым жылдын жүзү болду. Топтун жетекчиси көрүнүктүү, чыгаан, азыркынын залкар төкмө акыны Аалы Туткучев өзү: “Бизге иштейсизби?” – деп сунуштап калды. Албетте жок деген жокмун. Себеби Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, анын ичинде “Эл ырчысы Эстебес” тобунда иштөө мен үчүн чоң сыймык болчу. Чечимди токтоосуз кабыл алып, кудайдын буйругу менен мыкты, таланттуу инсандар менен иштешип калдым. Бул топтун көп жылдык тарыхы жана жумурай журттун алдында зор эмгеги бар. Негизи 1986-жылы “Эл шайырлары” тобу түзүлүп,1997-жылы Эстебес аксакалдын сунушу менен “Эл ырчысы Эстебес” тобу болуп түзүлгөн экен.

 – Жеке эле бир топ менен гана чектелбестен, жакынкы убакыттан бери “Баягылар тобу” менен бирге ырдап, эл оозуна өтө тездик менен алындыңыздар. Эми бул топко келип калууңуздун таржымалын да билгим келип турат…

 – “Баягылар” тобунун эл оозуна алынып жатканына абдан кубанычтамын. Биздин топ 6 достордон турат. Алтообуз тең өнөрдү сүйгөн, баалаган, турмушта акыреттик шеринелеш достордонбуз. Топтун башында кыргызга төбөсү көрүнгөн төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр турат. Ошол жигит баарыбыздын башыбызды бириктирген.  Буюрса бул топ менен биргеликте, май айында чоң программадагы концерт берели деп даярданып жаткан учурубуз.

Өнөрдүн жолу менен ушунча жылдан бери басып келе жаткан инсан катары азыркы шоу-бизнес өкүлдөрүнүн чыгармачылыгына берген бааңыз кандай? Кыргыз эстрадасы, жалпы эле кыргыз музыка дүйнөсү сиздин баамыңызда өнүгүү жолундабы?

– Негизи ар бир тармакта жыл өткөн сайын жаңылануу, жаңы муундун келиши менен өзгөрүү болот эмеспи. Мен ар бир мезгилдин чыгармачыл инсандарынын эмгектерин баалайм. Бирок заман өнүгүп, компьютердик-технолгиянын заманы азыркы ырчы-чоорчулар үчүн абдан жакшы шартты түзүп берди.  Мындан 5-10 жыл мурдагыга салыштырмалуу азыркы жаштар абдан аракетчил. Фонограмма тескерисинче аз-аздан кыскарып, жандуу үн менен ырдаганга аракет кылган жаштар көбөйүүдө. Коом дагы жандуу үн менен ырдаган ырчыларга талапты көбүрөөк коюп, алардын концерттерине жапатырмак барышып, айтор чыныгы талантты баалай баштадык көрүнөт.

 – Ар бир адам мага ким кандай дос болуп берди дебей, мен кимге кандай дос болуп бере алдым деп ойлонушу кажет дешет. Сиз да ушул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?

 – “Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун” дегендей эле, менин дагы чыгармачылыкта жана жашоомдо да досторум бар. Кимге кандай дос боло алганымды досторум баалап, ошолор аныктама берсе жакшыраак болсо керек. Бирок колдон келишинче досту барктап, достукка бекем болууга аракеттенебиз.

Сизди эмне түйшөлтөт?

– Заман азыр бардыгыбызды түйшөлтүп, түмөн ойго салып калбадыбы. Мени да башкалардай эле жаш, келечек муундун тагдыры, келечеги түйшөлтөт. Ашынган заманбап жашоо кыргыздын нукура салт-санаасын унуткарып, батыш менен чыгыштын маданиятынын акырындык менен каптап келатканы, жаштардын өз келечегине, мекенинин келечегине кайдигер мамилеси албетте түйшөлтөт. Мындан бир кылым кийинки муун кандай болоорун ойлогондо төбө чачың тик турат. Бирок тыйындын да эки тарабы бар эмеспи, дээрибизде бар калкпыз го, бардыгы өз нугуна түшөөрүнө ишенечим зор.

 – Өнөр жолунан тапкан олжоңуз?

– Чыгармачыл инсандын олжосу – анын өз элинин маданиятына аз да болсо салым кошо алгандыгында. Мен дагы башкалар сыяктуу элиме өнөрүмдү тартуулап, ак кызмат өтөгөнүмдү олжом деп билем.

 – Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз?

–  9 бир туугандын жетинчисимин. 5 эркек, 4 кыз.  Ал эми эми өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу айтсам, өмүрлүк жолдошумдун, балдарымдын апасынын аты Бегай. Экөөбүз эки кыз, үч уул, бир небере жана Нурсултан аттуу күйөө балабызга ата-энебиз. Аллахыма шүгүр, менин жолумду жолдой турган балдарымдын улуусу Көлбай Мукаш Абдраев атындагы балдар музыкалык мектебинде “урма асаптар” бөлүмүндө 10-класстын окуучусу.

 –  Аялды бактылуу кылган да, бактысыз кылган да анын жолдошу деген пикирге кандай карайсыз?

– Эң туура айтылган сөз. Аялды бактылуу кылуу ар бир эркектин милдети болуш керек. Себеби аял – эне, аял – ишмер, аял – жар деген улуу сөз бар эмеспи.

Сүйүү бул?

–  Сүйүү бул жашоо, аны көп түр менен айтсак болот. Мисалы Ата мекенди, эл-жериңди сүйүү. Жаратылышты, жан-жаныбарды жана ата-энени, бир тууганды сүйүү. Буга кошумча, алган жарың, бала-бакыраңды сүйүү деп ойлойм. Эң эле башкысы, жараткан Аллахты жана пайгамбарды сүйүүбүз керек.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *