Талантбек Батыралиев, КР саламаттык сактоо министри: “Мага болгон карама-каршылык күчөй берет, күчөй берет…”

– Талантбек Абдуллаевич, соңку кездерде депутаттардын арасында сиздин дарегиңизге сын айткандар көбөйдү. Мунун себеби эмнеден деп ойлойсуз?

– Мамлекеттеги коррупция дегенде бир адамды көрсөтө албайсың. Системадагы бузуктук акырындап-акырындап келип, коомдогу кыйын бир акыбалды түзүп коёт. Бүгүн биздин дары-дармек секторундагы проблеманы баары эле билет, ошол дары алып келген адам деле арызданат, дарыны саткан деле, сатып алган деле арызданат. Анан келип-келип эле «саламаттык сактоо министрлиги карабайт» дейт. Азыр кайсы базарга барбаңыз, жайып алып дары саткандар бар. Бирок, аны «мыйзамсыз сатып атат» деп тыйган менин ишим эмес да. Менин ага акым да жок. Ошол эле учурда Кыргызстанга кирген дары-дармектин сапатын ким текшерет? Саламаттык сактоо министрлиги лицензиясын берет, бирок текшерүүгө укугу жок. Текшерүү сөзсүз түрдө арыз болгондо жүргүзүлөт. Албетте, бүгүн ар кандай жаран, мейли ал де­путат, чиновник, же карапайым жумушчу болсун, ооруканага барганда кейпи кеткен эски имаратты, эскилиги жеткен кроваттарды, эмеректерди көрөт, көңүл көтөргөн бир шартты көрө албайт. Койкалар жетишпейт, оорулуулар коридорлордо жатат. Бирок, Европада,Түркияда, Түштүк Кореяда кандай экенин телевизордон, интернеттен көрүп турат, ал жакта окуган балдары аркылуу өздөрү да барып- келип атышат. Ошол шартты менден талап кылат. Мына, азыр 2018-жылдын бюджети бекиди. Бюджеттин өлчөмү баягы эле бойдон, көбөйгөн жок. Бул бюд­жет менен жогоруда мен айткан проблемалардын баарын кыска убакытта чечиш мүмкүн эмес. Ошондуктан, элдин жалпы нааразычылыгы улана берет. Ал­бетте, депутаттар ошону көрүп туруп элдин атынан маселе көтөрөт. Буга терикпеш керек. Би­рок, саламаттык сактоо тармагындагы өнүгүү, өзгөрүү бир-эки жылда көрүнө турган нерсе эмес. Он-он беш жылда билинет. Мен сизге бир эле мисал айтайын, азыр жугуштуу оорулар ооруканасы сасык тумоо менен ооругандарга толо. Жайында болсо ичеги-карын оорулары менен ооругандарга толуп чыгат. Жу­гуштуу ооруларды болтурбоонун бирден-бир кепилдиги – бул таза кол, таза ажаткана, таза суу. Демек, эл да мөмө-жемиш жегенде таза жууп жесе, бул пробле­ма болбойт. Мен билем, үч-төрт миллион калк жашаган кээ бир шаарларда жүз койкалуу жугуш­туу оорулар бөлүмдөрү толбойт. Анткени, ал элдин жашоо образына байланыштуу. Колду таза жууп, ажаткананы таза кармап дегендей. Дагы бир маселени ай­тайын, кырк жыл мурда мен окуп жүргөндө Бишкекте беш балдар ооруканасы бар эле. Азыр бирөө эле калды. Ал дагы шаардыкы, аны республикага колдонуп атабыз. Элдин саны болсо өстү. Элдин санына жараша койканы камсыз кыла албасак, сөзсүз түрдө бирөө «жаткызбай койду, орун жок деди» деп арызданат. Ошон үчүн бул проблемалардын чечилиши сөзсүз түрдө экономикага байланыштуу болот.

– Көп кызматкерлерди негизсиз иштен бошотуп салды деген айыптоолорго эмне дейсиз?

–  Бошотуп деген жалган. Алты кишинин контрагын узарткан жокмун. Андан башка 26 кишини шаардан бизге өткөнү үчүн «милдетин аткаруучу» деген позицияга котордум. Анткени, бул иш берүүчүнүн укугу. Эмне үчүн мындай кадамга бардым? Себеби, шаарда ар бир оорукананын мамлекеттик актысы болушу керек. Мурда үстүнөн кылмыш иши козголуп, соттолгон эмеспи, канча жылдан бери иштейт, каржы жагынан мыйзам бузуулары болгонбу деп иштеше турган адамдарды карашым керек да, же андай эмеспи? Тилекке кар­шы, шаардагы мекемелердин 95 пайызы мамлекеттик акты албаптыр. Мен сизге суроо берейин: сиз шаардан үй же жер алып атканда мамлекеттик акты­сы бар же жок экенин карайсыз да, чынбы? Каржы балансы де­ген түшүнүк бар. «Менин ооруканамдын бир гектар жери, 10 миң чарчы метр имараты, мынча түп багы бар» деген эсеп болушу ке­рек да. Он-он беш жылдан бери ушул ишти кылышкан эмес. Бул мамлекеттик мүлктүн акырындап бөлүнүп-бөлүнүп кетишине алып келген. Муну ким талап кылышы керек эле? Албетте, ми­нистр. Ошон үчүн мен «керектүү мамлекеттик документацияны бүтүрмөйүнчө, саламаттык сактоо тармагынын жаңы иш берген статусуна өткөндүгүнө байланыштуу бүт баардыгыңар кайрадан конкурстан өтөсүңөр» дедим. Бул иштен айдоо эмес да. Анан атайын бирөөлөр уюштурган. Анткени, дары-дармек боюнча мыйзамдар көп адамдардын кызыкчылыгына тийди. Даяр долларлар агып аткан да. Биз болсо дарыны нандай эле жеп атабыз, же жалганбы? Бирок, элдин эртеңки ден соолугун ким ойлойт? Себеби, дары-дармекти көзөмөлдөөсүз колдонуунун пайдадан көбүрөөк зыяны бар. Муну бирөө «кой» деши керек болчу. Биздин жарандарыбыз да ошол системанын бир мүчөсү болуп калышты. Кырк градус ысыкта сатылган дарынын сапаты кандай деп алар да ойлонушу керек да. Жалпысынан алганда, саламаттык сактоо тармагындагы нааразылык бир күндө бүтө турган нерсе эмес. Бирөө мага келип, формуласын айтсынчы «ушундай өлкөдө минтип калды» деп. Эң эле жакшы деген өлкөлөрдөгү реформанын орто мөөнөтү 15-20 жыл. Мисалы,Түркия 2002-жылы башташкан, дале бүтө элек. Бирок, дары- дармек тармагында эң керектүү системаны киргизип алышты. Өлкөгө кирген ар бир таблетканын эсеби бар. Качан, кайдан чыккан, ким алып келди, бажыдан ким киргизди, кайсы жерде турат, кайсы врач рецепт жазды, кайсы оорулуу алды… Кайсы бир оорулуунун абалы начарлап кетсе, кайсы дарыдан улам болгонун бир эле мүнөттө аныктап коюшат. Биз да ошону кылышыбыз керек.

– Сиз 25 жыл Түркияда иштеп келбедиңизби. Алардын тажрыйбасынын кайсы бир жактарын бизде да ишке ашыра алдыңызбы?

– Албетте. Мисалга алсам, 2016-жылы бажы аркылуу расмий түрдө 10 миллиард сомдук дары-дармек кирген болсо, 2017-жылы 14 миллиард сомдон ашык, б.а. 40 пайыз көбүрөөк кирди. Демек, элде «контрабан­да жолу менен эмес, расмий жол менен киргизбесек болбойт» деген көз караш калыптана баштады. Эми биз ошол кирген дары- дармектерди реализациялоого чейин көзөмөлдөөчү системаны эл, ишкерлер бизге ишенгендей кылып киргизип алсак, дагы бир чоң кадам жасаган болобуз. Би­рок, бул оңой милдет эмес. Ант­кени, бүгүн врачтарыбыз каалаган дарысын кичинекей баракка жазып берип көнүп калышкан. Электрондук системага өтсөк, ал болбой калат. Бул кимге жагат? Ошондуктан, мага болгон карама-каршылык күчөй берет, күчөй берет. Мен жаңыдан келгенде бүт жүрөк оорулар боюнча операцияларды жасатканга чет мамлекеттерге барышчу. Бүгүн четке чыгуунун кереги жок, мам­лекеттик ооруканаларда дагы, жеке ооруканаларда дагы операциялар жүрүп атат. Мурда гемо­диализ боюнча «кезек бер» деп мага Акүйдөн телефон чалышчу. Азыр кезек жок, сапаттуу борборлор ачыла баштады.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *