Талас облустук соту Апрель Баатыры Төлөгөн Наралиевди кайрадан мурунку кызмат ордуна кайтарылсын деген чечим кабыл алды

Талас облустук соту 24-ноябрь күнү Талас облустук администрациянын кызматкери, Апрель Баатыры Төлөгөн Наралиевди кайрадан мурунку кызмат ордуна кайтарылсын деген чечим кабыл алып, администрациянын Наралиевди кызматтан бошотуу тууралу 2015-жылдын 21-декабрындагы номер N 130-к буйругун жокко чыгарды.

“Мурунку губернатор Байыш Жуманазаровду “Бакиевдин куйругу!” деген сөзүм үчүн куугунтукталган болчум. Ачуу чындыкты айтам деп  бир жыл моралдык жана материалдык зыян тарттым. Эми анын баасын, кунун ким төлөйт? Атамбаев өзүнүн Таластагы активисттерин эстейби? Азыркы күндө эскилерден мен, Наралиев эле калдым. Таба эмес, тообо Байыш Жуманазаров Таластан эмне тапты, инсульт тапты. Ошол революциянын ыйык балдарынан колунарды тарткыла!”, – дейт КСДПчы Апрель Баатыры Төлөгөн Наралиев.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *