Талас шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатат

Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелине гүлчамбар койду.

Иш-чаранын алкагында “Манас ордо” комплексинде 90 боз үй тигилип, 30 жылкы союлуп, 16 төкмө акын катышкан айтыш уюштурулат. Ошондой эле Таласта өтүп жаткан иш-чараларга Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шер-Нияз, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев да катышууда.

Эскерте кетсек, быйыл Таластагы иш-чаралар Кыргызстанда алгачкы жолу майрамдалып жаткан “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” туш келген. Буга байланыштуу жарлыкка 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Буга чейин 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү катары белгиленип келген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *