Таластыктарга Болот-Шердин сөзү өтпөйт

Атамекенчи Болот-Шер президенттик шайлоодо «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевге чуркап берээрин эшиттик. Тилекке каршы таластыктар эми Болот-Шердин сөзүн укпайт. 7-апрелдеги революциядан кийин кароосуз калган Талас эли эми эч кимге алданбайт. Таластыктар президенттик жарышта өз уулу Өмүрбек Бабановду колдошоорун билдирип жатышат. Демек, Шерниязовдор Бабановго жол бошотушу керек.

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов "ЖАҢЫЛЫКТАР КМ" гезити says:

    Жазат десе эле, ушу экен-деп жаза бергендин да чеги болот да. Болоттун Таластыктарга сөзү өтөөр өтпөсүн кесе айткыдай кандай далилиңиз бар? Мисалы,мен Болотту тааныбайм. Бирок,Таласта анын кадыр баркы Бабановдукунан сөөм болсо да жогору экенин угуп жүрөм. 2005 жылы “Таласта кадыр-баркыңыз чоң”-деп, Болотту жогорку жактан депутаттыкка талапкерликке койдуруп,Бабанов өзүнүн районунан койгон. Себеби,Таластан өтөөрүнө көзү жеткен эмес. Ошондо Болоттун талапкерлигин Таластыктар колдоп ,Академик,А.Бөрүбаевден көбүрөөк добуш алып беришкен.Азыр да Таласта Болоттун аброю чоң .Бабановдон айрымасы,мамлекеттин чөнтөгүн өзүнүкү менен алмаштыра элек. Бул факт.Ал эми Болотту Таластыктар колдоор колдобогонун убакыт өзү көргөзөт. Ошондуктан Таластыктардын атынан жыйынтык чыгарганга шашылбай,сабыр кылып туруңуз.Менимче,кимдин кимге жол бошотоорун Таластыктар өздөрү чечишет

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *