Таластын жаш “бөлтүрүктөрү” бийликке жулунуп жатышат

Таластан көп мыкты саясатчылар чыккан. Бир кезде коммунисттердин алмашкыс лидери Турдакун Усубалиевди да “таластык группировка” жыга чабууга аз эле калганда билинип калып, куугунтукка кабылышкан.

Өткөн жылы Таластын жаш “бөлтүрүгү” Өмүрбек Бабанов да аз жерден президент болуп кала жаздады. Акырында Атамбаевдин куугунтугуна кабылып, Россияга качып кетип кутулду. Азыр ошол жерде баш калкалап жүрөт.

Бирок, экинчи бир жаш “бөлтүрүк” Дастан Жумабеков Атамбаевдик бийликтин тилин таап, парламенттин спикери кызматын чаап түштү. Эми жаңы бийликтин да тилин таап, ордун бекемдеп алды.

Үчүнчү бир жаш “бөлтүрүк” Болот Отунбаев да эжеси Роза Отунбаеванын саясый таасирин пайдаланып, Кыргызстандагы эң маанилүү кызмат орундардын бири – КР Президентинин аппарат жетекчиси кызматын ээлөөгө чуркап жүрөт.

Ошол эле учурда Россияда бозгунда жүргөн Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келүү үчүн Россиялык чоң калибрдеги саясатчыларды ортомчулукка пайдаланып баштагандыгын угуп калдык. Эгер бул үч бөлтүрүк  бийликтин үч бутагына келип калса алардын арыштары кең болот.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *