Талгарбековго түрмөдөн кол салышпайбы?

Камакта отурушкан Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнис Карыбеков баштаган саясатчыларга катаал шарттар каралып жатканынан улам, адилетсиздикке чыдабай, акыры кургак ачкачылык жарыялоого өтүштү. Ал эми УКМКнын жертөлөсүндө дээрлик эки жылдан бери былк этпей жазасын өтөп жаткан Бекболот Талгарбековду Молдовановкадагы №27 колонияга которушканы айтылган.

Каарманыбызды ал жактан өзгөчө маанайдагы эктремист-террористтердин (Өзбекстандын Ислам кыймылы) өкүлдөрү менен бирге камап турушканы кандай? Эми 27-колониядан экс-министрге эктремисттер гана эмес, “кара дүйнө” өкүлдөрү катылышса кандай болот? “Сырттанга сырттан кол салбайт” дейт. Эл көзүндөгү (азырынча жыгылышкан) аттуу-баштууларга каарды төгө бербей, куру дегенде караңгы жайдан “көз кырларын” салып коюшса эмнеге болбосун?

Булак: Азия ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *