Талгарбековго жабык жайдан да тиешелүү шарттар ыраа көрүлбөйбү?

Адилетсиздиктин айынан жабык жайда жазасыз өтөп жаткан белгилүү саясый ишмер, экс-министр Бекболот Талгарбеков тыңгылыктуу шарттардан куру болуп жатканы белгилүү. Таңгаласың, Талгарбеков мамлекетке коркунучтуу зыян келтирбеген соң, ага эмне мынча кастарын тигип, кас душмандай мамиле кылынууда? Туура, азырынча каарманыбыз түрмөнүн түйшүгүнө деле муюп, «сынып» калган жери жок. А бирок, анын жабык жайдан да жалпыга тиешелүү шарттардан куру жалак калып жатканына жакындары тынчсызданып, Бекебиздин ден соолугуна кабатырланып жаткандыгын эшиттик. Алтымыштан ашкан аттуу-баштуу мындай аксакалдарыбызды караңгы жайга камап, не муратка жетебиз? Колуна кишен салгыча, үйүнө отургузуп кеңешин алсак болбойт беле? Айкөлдүк, кечиримдүүлүк динде да башкы орунда турарын исламдан кабары бар президент Сооронбай Шарипович туяр бекен?

Булак: Азия Ньюс 

1 ой-пикир

  • Бекболот Талгарбеков кыргыз элине опол тоодой иш жасаган инсан ал жанычыл реформатор экономист катары жалпы карапайым элибизге эркин чарбачылык кылууга шарт тузуп жеке менчике болгон укугун алып бере алган алгачкы инсан катары ( нечен Указ, токтомдорду оз колу менен жазган ) тарыхта калат. Ал орус элинин улуу реформатору сыяктуу эле улуу идеяларын турмушка ашырса онугууну дуйнолук денгеелге чыгара ала турган жолдорун тандамак. Аны кыргыз элинин улуу реформатору катары эмгегин пайдаланса агрардык олкобуздун экономикасында ири жылыштар болмок.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *