Талгат Нигматулиндин өлүмүнө эмне үчүн устаты Абай Бөрүбаев күнөөлү деп табылган? Академик Алтай Бөрүбаев сыр ачты….

Википедияны уласак, «1985-жылы февральдын башында Абай менен Мырзанын «мектебинде» ажырым пайда болуп, Вильнюстагы окуучулардын бир нечеси сектадан кол үзүүгө аракеттенет. Ал жерге Абай өзү барып, моюн толгогондорду акчага «сындырайын» деген максатта Талгатты чакыртат, ал рэкетчиликтен баш тартат. Мунусу үчүн өмүрү менен кош айтышкан» деп жазат. Бул жерде дагы акылга байланбаган учур бар, анткени секта түзгөн деп айтылган жерге белгисиз себептерден улам рэкетчиликти кыпчыган. Негизи рэкетчилик өкүм сүргөн чөйрөгө журналисттер, жазуучулар, сүрөтчүлөр чогулбайт. Окуяга тон бычып, бүкүлү бойдон баалагандар кандай максатты көздөшкөн?

Ошол эле википедияда «1985-жылы10нунан 11-февралга караган түнү Вильнюстун борборунда Талгатты 5 табып аёосуз тепкилеп, жан бергиче сабаган. Ал 119 жарааты менен ваннанын жанынан табылган. Сот Абай Бөрүбаевди 14 жылга, калганын кыска мөөнөткө кескен. Абай Бөрүбаев 1988-жылы түрмөдө кургак учуктан өлгөн» деген маалыматтар жазылган. Буларды Алтай агай төгүнгө чыгарды. Көрсө, аёосуз сабалганы менен 119 жараат алганы сотто айтылбаптыр. Жүрөктүн тушуна гана үч ирет тебилгени тастыкталыптыр. Каратисттердин бир соккусу адам өмүрүн чечип коёорун эске алганда бул чындыкка жакындайт. Ошондой эле Абай мырзаны 14 жылга эмес, 10 жылга кесип, башкасына кыска мөөнөт эмес, 15-20 жылдан бериптир. Анан Абай ага түрмөдө эмес, азатыкка чыккан соң Кыргызстанда көзү өтүп, сөөгү Таласка коюлуптур. Кыскасы, кокустуктан, күтүүсүз жерден болгон окуяга баа бергендер көп жерде көбүртүп, жабырткан өңдөнөт.

Күтүүсүз окуядан кийин атына кара көө жабылып, тагдыры биротоло талкаланган Абай Асылканович бир нече атактуу адамдардын, алардын катарында Талгат Нигматулин менен бүткүл Союздун экстрасенси деп таанылган Джуна Давитшвилинин устаты болгону ачыкка чыкты. Жөнөкөй киши мынчалык ишенимге ээ болмок эмес. Абай Бөрүбаев далай кишини илдеттен айыктырганы, алардын катарында Леонид Ильич Брежнев болгону да маалымдалат. Мындан сырткары, Вангага жолугуп келгенин билдик. Булар маекте кеңири баяндалат, анда сөздү Алтай Асылканович уласын:

Алтай Бөрубаев, академик: «Абай иним мезгилинен эрте чыкты»

—Менин иним Абай мезгилинен эрте чыккан адам болуп калды. Анын алдын ала айткан жөндөмдүүлүгү, табияттан берилген шыгы 70-жылдын аягында байкалган. Ал кезде экстрасенс, салттуу эмес медицина менен дарылоо дегендер Компартиянын идеологиясына каршы келип, жакын жолотчу эмес, куугунтукка алынчу.

Ошонун айынан Абай кылтакка илинип, абакка отургузулду. Андан кийин Абайдын ишмердүүлүгү туурасында абдан негативдүү материалдар борбордук гезиттерге жарыяланып, аны биздин республикалык гезиттер көчүрүп, орус жана кыргыз тилинде байма-бай беришип, кыйын күнгө кабылганбыз. Ошол мезгил биздин үй-бүлө үчүн, атам-апам, бир туугандарыбыз үчүн өтө оор жылдар катары эсимде. Эми ошол күндөрдүн кээ бир жерлеринен айтып берейин.

Абай инимдин экстрасенсорлук жөндөмдүүлүгү бала кезде билинген эмес. Мен чоң ата-чоң апамдын колунда айылда өстүм, Абай атам-апамдын колунда Бишкекте чоңойду. Окууну бүткөндө (атам жумушу боюнча Ошко которулганда) Оштогу комсомол уюмунда иштеди. Мектепте окуп жүргөн кезде каникул болору менен айылга келип, эки-үч ай экөөбүз чогуу жүрөр элек. Айылда жүргөндү ушундай эңсеген, жаратылышты жакшы көргөн бала эле. Кышкы каникулда дагы 10 күнгө, келип-кетип, жан дүйнөсү айылга тартылып турчу. Өзгөчө бир жүрүш-турушу сезилчү эмес, кадимки эле балдардай, эч бир айырмачылыгы байкалчу эмес. Ар бир барган сайын айылга окуйм деп абдан аракет кылды, бирок атам менен апам сен шаардан окушуң керек деп болбой койду. Анан каникул бүтүп шаарга кетерде абдан кыйналып, көл-шал түшүп ыйлап, күч менен алып кетер эле. Эмнегедир Абайды айыл тартып турчу.

Зулпукаар Сапанов

(Башы өткөн санда, уландысы бар….)

Булак: De-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *